АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Анан, атаң эмне деди?
– “Кудайга шүгүр де. Көңүлүңө жаккан адамды ар бир бурчтан эле жолуктура бербейсиң. Эми сага акыл айтып деле кереги жок. Чоңойдуң. Өзүңө эмне керек, эмне жакпайт экенин билип калдың. Жакшылап ойлонуп иш кыл. Өзүң туура деп чечсең, мен бардык ишиңди колдойм” деди. Тигил аялынын ажаандыгын өзү деле түшүнүп бүткөн көрүнөт.
– Атамдар билип калсачы, эмне кылабыз?
– Айдай, сен эмне, күнөө кылып жатасыңбы? Билип калса дегениң эмнеси? Өзүбүз эле жетелешип барып айтабыз, “батаңарды бергиле” дейбиз.
– Атам түшүнөр бекен?
– Меники түшүнүп жатпайбы, сеники деле түшүнөт. Кел, мындай маселеге баш катырганды токтотобуз. Сенин баш катыра турган башка маанилүү маселең көп. Эсиңе түйүп ал!
Биринчиден, мектепти жакшы аяктап, сөзсүз өзүң каалаган окуу жайына өтүшүң керек. А экөөбүз чогуу жүрүшүбүз үчүн МГУга тапшырышың керек. Эскертип айтып коёюн, МГУга өтүү оңой эмес. “Сөзсүз Москвада окуйм” деп өзүңдү өзүң ишендир. Мен ал жакта, сен болсо Бишкекте жүрүшүңдү каалабайм. Азыр го айылда, атаңдын кашындасың. Андыктан көңүлүм тынч.
Экинчиден, жигит-мигит, курбулар, кечелерди унутуп, бүткүл көңүлдү окууга бурушуң керек.
Үчүнчүдөн, акыркы коңгуроо­дон кийин ээн-эркин баса бербей, кечкисин көчөгө көп чыкпай, абайлап жүр. Окууга тапшырар маалыңда көзү кызарып жүргөн бирөө ала качып кетип, дагы ызы-чуу түшүп жүрбөйлү.
– Койчу, кайдагыны айтып менин маанайымды бузбай!
– Тамаша. Ошентсе да абайлап жүрчү, макулбу? Сага башка жигиттин колу тийгенин элестетсем жаным чыгып кете жаздайт. Жоготуп алуудан корком.
– Эмнеден корксоң, ошол нерсе болот дейт. Андай жаман ойлорду өзүңө жолотпой жүрчү.
– Макул, менин кичинекейим, акылдуум.
Жакшы нерсе дайыма аз болот. Же менин турмушум ошондойбу? Апам, атам үчөөбүз жашаган бактылуу, бейпил күндөр аз гана болду. Эми Арстан. Тамашалай мурдумдан чымчып, бетимден өөп, кол булгай машинага жөнөгөн Арстан менен кошо жүрөгүм үзүлүп кетчүдөй жаман абалда турдум. Атамдан айбыкканымдан гана ыйлабай, тамагыма топтоголок болуп кептелип калган ыйды күч менен токтотуп, калп эле жылмаюуга аргасыз болдум. Менде ички туюм жакшы өнүккөн. Аны жашымдан билем. Мына азыр да көөдөнүмдө будуң-чаң, бурганак болуп жатты. “Эми экөөбүз жолукпай калабызбы? Арстандын жылуу кучагын сезбей каламбы?” чагылгандай тездикте ушул ойлор мээмди тепчип өтүп, башым тегеренип кетти. Кайрылыштан көрүнбөй кеткен машинага дале кол булгап турган атам менен Ажар менин абалымды сезишкен жок. Мейли, ошонусу жакшы. Эртерээк үйгө кирип, өз бөлмөмө жетпесем, шолоктоп ыйлап жиберип уят боломун. Кой, кеттим.
Кайрадан кунарсыз күндөр. Мени бир гана ой жылытып, кубантып жүрөт. Ал – Арстан. Демек, МГУ болбосо да, Москвадагы окуу жайлардын бирине өтүшүм керек. Сөзсүз. Ал үчүн азыр бардык көңүлүмдү, күч-аракетимди окууга бурушум зарыл. Мендеги мындай өзгөрүү, албетте, досторума жакпай жатты. Аларды деле түшүнсөң болот дечи. 11 жыл бою окуй берип, мектептен деле тажагандай болушту да. Анан быйыл окууну бүтүп, туш-тарапка тарап кетебиз деген ой баарын өрөпкүтүп, мындайда ар кандай кечелер, туулган күн, ыр-бий дегендер көбөйөрү турган кеп да. Мен ушундай иштердин баарынан баш тартып, көшөрүп окуй бердим. Досторума бул нерсе жакпай, атүгүл кээде атама чейин келип арызданып, мени алып кетүүгө аракет кылып көрүштү. Майнап чыккан жок.
– Сапарыңар байсалдуу болсун, урматтуу бүтүрүүчүлөр!
Мектепте окуган ар бир адамдын өмүрүндө ушул сөздөр, кубанычка толгон көздөр болсо керек, ээ?! Кудай буюруп, биз да аман-эсен мектепти аяктадык. Колубуздан учкан ак көгүчкөндөр көкөлөй абага көтөрүлүп, алар биздин өмүрдүн бир барагын жаап, жаңы өмүргө жарчы болушту. Бүтүрүүчүлөрдү куттуктап сүйлөп жаткан агайыбыз орто жолдон планда жок нерсени баштап жиберди. Бул учурда 11-класстын атынан өкүлдөр чыгып сүйлөп, агай-эжейлерге белектерди тапшырышыбыз керек болчу. Тамагын кыра жөтөлүп, ортого чыккан агайыбыз сөз баштап калды.
– Урматтуу бүтүрүүчүлөр. Силер үчүн кичинекей сюрприз бар. Ошону жарыялап, анан белек тапшыруу аземин баштасак.
Белек, сюрприз дегендерди кимдер сүйбөсүн! Эмне айтар экен деп баарыбыз жардана карап туруп калдык.
– Биздин мектептин бүтүрүү­чүсү, силердин агаңар Айдар Алиев бүтүрүүчүлөргө арнап, Бишкектин кафелеринин бирине дасторкон даярдатып койду. Ал байкеңер атайы унаа жөнөтүп, силерди чыдамсыздык менен күтүүдө. Чогулуштан соң туш-тарапка тарабай, чогуубуз менен короодо турган кичиавтобустарга түшөбүз да, Бишкекти көздөй жөнөйбүз.
– Ура-аа!
– Охо-оо, жыргайт экенбиз да!
– Мына сага тамаша!
Классташтар кулак-мээни жеп кыйкырып, ышкырып, кол чаап жыргап жатышты. “Айдай, барба, бул - тузак”. Көөдөнүмдө бир үн ушул кепти кайра-кайра кайталап жиберди.
– Ооба, барбай эле койгонум дурус.
– Эмнеле күбүрөнүп жата­сың?
Асел мени капталга нукуй күлүп калды.
– Асел, силер бара бергиле. Менин бутум тартпай турат. Үйгө кетем.
– Койчу, ушундай күндө жеке мамиле дегенди жыйыштыра эле турбайлыбы?
– Көңүлүм сезип турат. Муну ал жөн жерден уюштурган жок.
– Жо-ок, жок, жок! Сен бар­басаң, анда кандай майрам болмок эле? Азыр Мукай ага менен Ажар эжеге айтып коёбуз да, жөнөйбүз.
Ох-х, ушул курбум кээде мени чарчатып жиберет. Сүйлөгүң келбей турганда кечке бежиреп, көңүлүң тынчтыкты самап турганда жаныңдан чыкпай коймою бар. Азыр да ошол адатын карматканы турат. Жакшысы, жеңилип берүү керек.
– Майрамыңар менен! Келечекке сапа­рыңар байсалдуу болсун!
Айдар, анын беш-алты классташы бизди кафенин босогосунан кучак жайып тосуп алышты. Адамдын беттегенин бербегени жакшы адат. Бирок айрымдар көздөгөн максатына жетүү үчүн эч нерседен кайра тартпаганы коркутуп жиберет. Бүгүн да абдан ыңгайсыз абалга туш болдум. Тамак, шампан, ыр-бий, көтөрүңкү маанай өз ишин кылбай койгон жок. Кафенин босогосун көңүлсүз аттасам, эми балдар-кыздар менен жыргап бийлеп жүрдүм. Ошентсе да толук кызый элек окшойм, жанымда Айдар пайда боло калганда эле соолуга түшүп, андан жаа бою качып жаттым.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Danijarov
2010-11-12 22:55:39
китебин каяктан сатып алсак болот?
0
Nurzhanat
2010-11-13 01:52:16
Ушунусу жаман да.Кызыктуу жерине келгенде жинге тийип,бутуп калат.
0
Bakuly
2010-11-13 01:52:21
кийинки санда Айдайды алып качып кетер бекен Айдар дегени.....................надеюсь нет.
0
Yasmin
2010-11-13 02:33:03
Мен дагы Айдайды алып качып кетет окшойт деп ойлоп калдым. Кызыктуу екен сабыр кылайык кийинки санына чейин.
0
Akjol
2010-11-13 03:30:41
Озу негизи баарын чогултуп анан окуш керек экен.
0
айжылдыз
2010-11-13 15:25:34
Барган сайын кызык болуп баратат.... эми дагы бир жума кутуш керек.... ухх
0
Tokmok
2010-11-13 20:16:08
uuuffff yaaaa koburook ele jazgylachy suranych
0
venadina
2010-11-13 22:33:25
Окуп жатып ий-ийй, Айдай ошо кечеге барбай эле койсо болмок деп, чыйпыйым чыгып кетти. Эми аны точно алакачатго.
0
Bakuly
2010-11-14 01:10:00
кыздарды ала качканы эле жаманда.эми Арсланга жетпей калар бекеееееееееееееееееен!!!!!!!!!!!!!!
0
Gulmirka
2010-11-14 04:30:02
Kitebin kajdan tapsa bolot,ajtip kojgulachu suraniiich.
0
Protokol
2010-11-15 19:39:18
Байкуш Айдайды алдыда кандай тагдыр кутуп турду экен? мага ошонусу кызык...
0
kalba
2010-11-15 22:07:33
Эми дагы бир жума кутуш керек да
0
№ 419, 12-18-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан