«МЕН СЕНИН МУНАБИЯҢ БОЛГУМ КЕЛБЕЙТ»

– Нурбек экөөбүз мектепте окуп жүргөн кезде табыштык. Нурбек менин кыялымдагыдай жигит болчу. Жаштык кылыптырмын. Анын “11-классты аяктаарыбыз менен баш кошолу” деген сунушуна көнбөй, андан мыкты жигиттерди табам деп шаарды көздөй окууга кеткен элем. Байкушум көп жалдырады. Ал артымдан ээрчиген сайын өзүмдү кыйын сезип бой көтөргөм. Анан ошонун айынан экөөбүз катуу урушуп, эки ажырым жолго түшкөнбүз. Бир ай өтүп эле Нурбектин үйлөнө тургандыгы тууралуу кабар айылга жайылды. Ишене албай териштирдим. Биздин көчөдөгү мени менен тең кызды ала турган болуптур. Көп узабай экөө баш кошушту. Өзүм баш тартып койгонум менен, бул кабар жүрөгүмө ийне сайылгандай эле оор тийди. Буркурап ыйлап да алдым. Курбуларым, туугандарым “ой, сага андан жакшысы туш келет” деп жубатышты. Өзүм да ошондой болоруна ишенип өзүмдү алдагым келди. Нурбектин мени тез эле башкага алмаштырганына, мен толук коё бере электе жашоосуна башканы киргизип алганына таарынып, ыза болдум.

Мындан көп узабай шаарда окуум башталып, кеттим. Бир жагынан атамдан алыс жашаганым, шаардын ыргагына көнүү оор болсо, экинчи жагынан Нурбектин үйлөнүп алганы оюмдан чыкпай кыйналдым. Өзүм шаарда жүргөнүм менен, оюмдун баары Нарында калды. Бирок көндүм. Окуум менен алагды болгуча арадан зымырап бир жыл өтүп кетиптир.

Бул жамгырлуу күн болчу. Мен сабактан чыгып, китепканага шашып бараткам. Жанымдан өтүп бараткан жигиттердин бири мени атымдан атап чакырып калды. Карасам, Нурбек экен. Саамга тилиме сөз келбей туруп калдым. Нурбекке кайрадан жолугам деп күтпөгөндөн болсо керек. Экөөбүз сүйлөшүп, номер алмаштык. Менин аны менен мамилемди улантайын деген оюм болгон эмес, таарынычым тарай элек болчу. Жөн гана бул ыңгайсыз абалдан кутулуу үчүн тезирээк анын жанынан кетишим керек болчу. Ошондуктан номеримди сураганда шашылыш бере калгам. Кечинде ал мага чалып, жолугуп коюумду суранды. Мен деле аны көргүм келген окшойт. Макул болгонумду өзүм байкабай калыптырмын. Чогуу тамактандык. Ал шашылыш үйлөнүп алганына өкүнүп жүргөнүн айтты. Ошол кечте экөөбүздүн тең бири-бирибизге болгон сезимдерибиз өчө элек экенин байкадым. Ичим ачышты. Бирок ойду омкоруп, тоону томкорсок да эч нерсени өзгөртө албайт элек. Нурбек анда-санда менин акыбалымды сурап кат жаза турган болду. Ал эки баланын атасы, үй-бүлөлүү киши. Оюнда Казат Акматовдун “Мунабия” аттуу чыгармасындагы чечкинсиз Жанузак болгусу бар. Мен бирөөнүн үй-бүлөсүн бузгум келбейт. Сүйүүм үчүн баарына даяр болгон Мунабия эмесмин. Ооба, аны сүйөм. Бирок башка бирөө биздин сүйүүбүздүн курмандыгы болбошу керек. Бул нерсеге Нурбек убагында колумду сураган учурда макул болбой койгон мен күнөөлүүмүн. Шашып башка бирөөнүн колун сураган ал да күнөөлүү. Ооба, өкүнөм. Сүйүүмдөн өзүм баш тарткандыгым үчүн жаным сыздайт. Бирок биз башка бир аялдын көз жашын көл кылган Жанузак менен Мунабиянын окуясын кайталабайбыз. Кечир, мен антип жашай албайм. “Мени унут, экинчи байланышпа” деп жазып, номерин “кара тизмеге” салдым. Бирок жүрөгүм ооруп турат...

Асел

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mubarak
2021-08-03 02:19:43
Туура кылыпсыз .тиги жигитта жаманго озу алып алып еми окуном деп сизге келип .тобоо.убагында ойлобойбеле акыры мал алып жаткан жокко
+4
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан