СПИННЕР, СЛАЙМ, ПОП-ИТ. АНТИСТРЕСС ОЮНЧУКТАРЫ ТРЕНДДЕ

Учурда түстөрү күн желесине окшош поп-ит (Pop it) жана Симпл-димпл балдар оюнчуктары сатууда хит болуп жатканын билет белеңиз? Спиннер, слайм, поп-ит, булардын баары антистресстик оюнчуктарга кирет. Аталган оюнчуктардын стрессти азайтууда жардам берерине ишенесизби? Жоопту макаладан табасыз.

СТРЕССТИК АБАЛДАН ЧЫГУУГА ЖАРДАМ БЕРЕБИ?

Сиз жиниңиз келгенде эмне кыласыз? Ручканын башын кемиресиз, манжаларыңыз менен столдун бетин каккылайсыз, чачыңызды колуңузга оройсуз же чайнайсыз. Айтор, стресс – бул адамдын физикалык жана эмоционалдык абалын алсыздандыруучу чоң күч. Ал эми кичинекей балдар стресске кандай учурда кабылышат? Ата-энеси ажырашканда, башка жакка көчкөндө, жакын адамы алыска кеткенде же андан айрылганда, ата-энеси көп көңүл бурбай калганда, теңтуштары кемсинткенде, сабактан “эки” алганда, компьютердик оюндар менен көп алек болгондо жана башка учурларда. Кала берсе, 1 жашка чейинки балдар да стресске кабылышат. Себеби жөнөкөй эле, тамак-ашы өзгөрүлгөндө, апасы жумушка чыкканда, бакчага барганда, жаңы бала багуучу пайда болгондо, ата-энеси урушканда. Балдарга мындай учурда стресстик абалын жеңилдетүү, андан алаксытуу жана унуткаруу үчүн антистресстик оюнчуктар жардамга келет дешет адистер. Жумшак слайм, поп-ит сыяктуу оюнчуктарды кол менен мыжыгуу же баскылоо балдардын оюн жыйнап, бир жерде топтоого мыкты жардамчы экенин белгилешет. Анан да жумшак оюнчуктарды баскылаганда манжалардагы нерв клеткалар тынчтанат, эс алат. Белгилей кетсек, адистер антистресстик оюнчуктар балдарды толук кандуу стресстик абалдан чыгарбайт, бирок аларды алаксытуу, тынчтандыруу, оюн башкага бурууга жардам боло алат дешет.

ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ

2017-жылы популярдуу болгон спиннер оюнчугуна патент алууда талаштуу жагдайлар орун алган. Алгач аталган оюнчуктун жаратуучусу менмин деп америкалык инженер-химик Кэтрин Хеттингер “The Guardian”, “The New York Times” басылмаларына маек берген. Анда Кэтрин Израилдеги араб балдардын полиция кызматкерлерине таш ыргытканын көрүп аларды тынчтандыруу максатында спиннерди ойлоп тапканын айткан. Көп өтпөй америкалык Скотт МакКоскери “спиннерди 2014-жылы мен ойлоп тапканмын” деп чыккан. Ал эми поп-ит оюнчугун ойлоп тапкан адам тууралуу дээрлик маалымат жок. Аталган оюнчук сатыкка 2013-жылы чыкканы белгилүү. Слайм оюнчугун 1976-жылы америкалык “Mattel” компаниясы иштеп чыккан.

ЭМНЕГЕ АНТИСТРЕССТИК ОЮНЧУКТАР ТРЕНДДЕ?

Колго айлантуучу спиннер, мыжыгып ойноочу былжыр слайм, шариктерин ары-бери түртүп баскылоочу поп-ит, жалпы эле антистресстик оюнчуктардын акыркы жылдары модага айланышы эмнеге күч алды деген суроо туулат. Акыркы убактарда ата-энелер балдарынын психологиясына көбүрөөк көңүл буруп калышкан. Мындан улам антистресстик оюнчуктар трендге айланып кеткен дешет адистер. Оюнчуктардын популярдуу болуп кетүүсүнүн себептери көп.

1. Кокустук. Оюнчук чыгарган бардык компаниялар жарнамасын бирдей эле өнүктүрөт. Кайсы бириники хит болот, кайсы бириники болбой калат. Мисалы, “Жылдыздуу согуш” жана “Муз жүрөк” анимациялык фильмдеринен кийин ушул тасманын каармандарынан жасалган куурчактар, конструкторлор мода болуп кеткен. Балдар оюнчуктарын чыгарган компаниялар өзгөчө жаңылык киргизсе да бат трендге айланат. Мындай жаңылыкка мисалга L.O.L. Surprise куурчактары кирет.

2. Социалдык тармакта популярдуу болгон оюнчуктар элге тез жайылат. Мисалы, поп-ит оюнчугу көп жыл мурун пайда болгонуна карабай, 2021-жылдын жаз айларында TikTok`тогу 2-3 популярдуу видеодон кийин трендге айланып кеткен.

ПОП-ИТ ОЮНЧУГУН ЛГБТНЫ ЖАЙЫЛТУУДА ДЕП АЙЫПТАШТЫ

Чеченстандыктар поп-ит оюнчугунан саясий кынтык табышты. Алар “аталган оюнчуктагы түстөр ЛГБТнын туусунун түстөрүнө окшош, тымызын балдар арасында кумсалыкты жайылтуу идеологиясы жүрүп жатат” деп айыпташкан. Чеченстандыктардын мындай талабын айрымдар юмор катары кабыл алып “ЛГБТны жайылтып жатасыңар деп асмандагы күн желесине да тыюу салгыла” деген какшыктарын жаадырышты. Эске салсак, ЛГБТ бул бир жыныстуу никени, салттуу эмес сексуалдык жашоону колдогон адамдардын уюму, алардын туусунда күн желесиндеги бардык түстөр бар. Жогорудагы ызы-чуудан улам бул оюнчукка байланыштуу териштирүүнү Орусиянын расмий органы “Роспотребнадзор” колго алды. Алар тиешелүү адистерге антистсресстик оюнчуктардын балдарга тийгизген таасири тууралуу изилдеп чыгууну сунуштаган. Адистер “антистресстик оюнчуктары неврологиялык оорулуу балдарды айыктырууда колдонулган. Баланын стереотиптүү жүрүм-турумун калыпка салуу аракетинде кайталанма кыймыл-аракеттерди жасатып, кайра-кайра бир чекитти баскылатып тапшырма беришкен. Ал тапшырмадан баланын бир нерсеге реакция кылуу жөндөмү өнүккөн” деп тыянак чыгарышкан.

Чолпон Сманова, психолог: «ПОП-ИТ БАЛАНЫН СЕНСОРДУК ӨНҮГҮҮСҮНӨ ПАЙДАЛУУ»

– Антистресс оюнчуктарын пайдалануу терапиясы көбүнчө мектепке чейинки курактагы балдарга жакшы жыйынтык берет. Поп-ит, симпл-димпл оюнчуктары баланын сенсордук өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Аябай эмоционалдуу балага берип койсо кадимкидей тынчтанып калат. Поп-ит балдарга түстөрдүн терапиясын да бере алат, анткени аталган оюнчуктун ачык түстөрү кичинекейлердин психоэмоционалдык абалына да пайдалуу. Бала оюнчукту баскылаганда бир нерсени көзөмөлдөө сезими ойгонот. Поп-ит оюнчуктары силикондон жасалгандыктан ал сапатсыз резина жыттанбашы керек, колго алганда сыясы жабышпаш керек. Эң биринчи оюнчуктардын маркировкасын окуганда эле эмнеден жасалганы билинет. Анан да антистсресс оюнчуктарын балдарга 5-6 сааттап ойноткон зыян, көнүп калса өз алдынча жагдайдан чыгуу жөндөмү алсырап калат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
bela77
2021-08-02 12:34:56
Тиги попит дегениерди менин кызым жогото берет кайра алпере берем кайра жогото берет, тажадым попит алпере берип..модадан кетсе жакшы болот эле чонтокко эконом болуп.
+1
Mubarak
2021-08-02 17:19:54
Биз жакында алдык тан калам ушу кантип тынчтантырсын деп
0
gukush_92
2021-08-07 15:38:48
Попит деген неменин кымбатын кантейин анан...
0
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан