АДЕНИУМ

Адениум (Adenium) – сөңгөгү жоон келген, анча чоң эмес дарак түрүндөгү жай өскөн гүл. Аны Импаль лилиясы, же талаа розасы, же Сабиния жылдызы деп да аташат. Учурда 50дөн ашык түрү белгилүү.

Өстүрүү шарттары. Адениум жарыкты жактырат. Суукта түштүк тараптагы терезени, жайында көлөкө тие турган жерди тандаңыз, күндүн түз тийген нуру сөңгөгүн күйгүзүп жибериши мүмкүн. Жайында +25 +30, кышында +10 +15 градус температура ылайыктуу. Абанын нымдуулугун анча жактырбайт, бирок ал гүлдөп-өсүп жатканда жалбырактарына гана суу чачып койсо болот.

Кам көрүү. Топурагынын бети кургай баштаганда бөлмө температурасындагы, жумшартылган суу менен сугаруу керек. Ашыкча сугарууга болбойт. Кышында уйку абалында болгондуктан, сугарылбайт. Минералдык же кактуска арналган жер семирткичтерден айына бир жолу берип турса болот. Тамыры капталга жайылып өсөт, ошондуктан которууда кенен, бирок анча чуңкур эмес идиш тандаган жакшы.

Топурагы. Борпоң, аба өткөргөн, кычкылдуулугу нейтралдуу топуракка жакын болушу керек. Өзүңүз даярдасаңыз, ири кумга жалбырактын чиринди топурагын же ири кумга чымдуу топуракты теңме-тең аралаштырып, жыгач көмүрүнөн бир аз кошосуз. Торф менен агроперлитти аралаштырып даярдасаңыз да болот. Же кактуска арналган даяр аралашма топурак да жарайт.

Көбөйтүү. Уруктан да, калемчелери аркылуу да көбөйтсө болот. Уруктан көбөйтүүдө жаңы уруктарын гана алуу керек, ылайыктуу мезгил – кыштын аягы, жаз башталганга чейин. Урукту алгач эпин эритмесине салып 6 саат кармап, анан вермикулит менен кумдун аралашмасына эккен жакшы. Калемчесинен жазында же жайында өстүрсө болот. Калемчени 10-15 сантиметр узундукта кесип алып, жыгач көмүрү менен сүртүп, кургатып, анан отургузуш керек. +25 +30 градус температураны жана жетишерлик жарыкты камсыз кылып туруу зарыл.

Эскертүү! Адениум уулуу өсүмдүктөргө кирет, андыктан уктоочу бөлмөгө койбоңуз. Балдардан алыс кармаңыз жана аны кармагандан кийин колуңузду, шайманыңызды жакшылап жууңуз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 973, 29-июль-4-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан