БИР БҮРКҮМ. ЧҮЙДӨ КӨЛ ЖАРЫЛДЫ...

  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды.
  • Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында аткезчиликке каршы атайын операция жүрүп жатат.
  • Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз өлкөсүнүн Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды.
  • Буга чейин Бишкек мэринин милдетин аткарып келген Бактыбек Кудайбергенов Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Чек ара кызматы: Лейлек районунан Тажикстанга күйүүчү майды мыйзамсыз сордуруп алуу үчүн коюлган түтүк табылды.
  • Чүй аймагындагы тоодо Акпай көлү жарылып, 8 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөнү маалымдалды.
  • Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
  • Улуттук статистика комитети: Өлкөдө 1 жылда буудайдын баасы 40 пайызга кымбаттады.
  • Бишкектин “Тазалык” ишканасы кышка даярдык көрүүнүн алкагында 6500 тонна туз сатып алууну пландоодо.
  • Монополияга каршы күрөшүү агенттиги базарларды капыстан текшерүү механизмин киргизет.
  • Бишкекте 1 аптада транзиттик номер менен жүргөн 115 автоунаанын айдоочусу жол эрежесин бузганы айтылды.
  • Расмий маалыматка таянсак, учурда өлкөдө каттоодон өткөн 22 миңдей коомдук уюм бар.
  • Күзүндө өлкөдө кумшекер жана өсүмдүк майынын баасы арзандайт деп расмий маалымдалды.
  • Бишкекте шаарды көрктөндүрүү жана тазалык эрежелерин бузган 2 ишканага 36 миң сом айып салынды.
  • Айыл чарба министрлиги: Быйыл өлкөдө кургакчылыктан улам дан өсүмдүктөрү былтыркыга караганда 30 пайызга аз жыйналат.
  • 4-августта Бишкекте жолбун иттерди, кароосуз жаныбарларды атууга каршылык билдирип жарандар митингге чыгышты.
  • Ысык-Көлдө Балыкчы–Барскоон трассасын жаңылоо иши башталды.
  • Ош шаарында 3-августта 10 жашар бала сууга чөгүп каза болду.
  • Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда Борбордук Азиядагы мамлекеттердин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат.
  • Акыйкатчы Токон Мамытов "Кумтөр" боюнча кылмышка шектелип кармалган экс-чиновник Данияр Нарымбаевдин ден соолугуна кабатыр.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан