Кыргыздын сыймыгы Атайбек Бөдөшовдун 700гө жакын обону бар. Андан да кызыгы – 700 обондун бирин да сатып көргөн эмесмин дейт. Мыкты обончу, композитор, өзү айткандай, “үн жараткыч”, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, атактуу ырчы Каныкей Эралиеванын колдоп келген күйөөсү Атайбек Бөдөшов менен маек курдук.
– Атайбек ага, кош келдиңиз, жакында 70 жаш кутман куракты тоcуп алдыңыз, мааракеңиз кандай өттү?
– Рахмат, 70 жаш курагым жакшы өтүп жатат. Азыр пандемиянын азабынан чоң маараке өткөрө албадык, чакандары болуп жатат. Күздө оору азайса өткөрөбүз.
– Каныкей Эралиева эжеге байланышканда сыркоолоп жатам деди эле, жакшыбы?
– Шүгүр, жакшы эле жүрөт. Биз чыгармачылык менен ооруйбуз да. Чыгарма жазып айыгып жүрөбүз. Азыр тыным жок, экөөбүз тең иштеп жатабыз. Экөөбүз тең мугалимбиз, жаш кезде гастролдоп жүрүп толтурган тажрыйбабызды жаштарга үйрөтүү менен алекпиз. Обондуу ырларымдан турган китебимди да күздөгү мааракеге карата даярдап койдум. 70тей күүнү балдарга арнап жазып койдум. Өзгөчө кичине балдар үчүн көп чыгармаларды чыгардык.
– Музыка дүйнөсүнө кантип кирип калдыңыз?
– Төрөлгөндөн эле музыка дүйнөсүндө болдум, анткени атам комузчу эле, апам жамакчы болчу. Үйдө бардык бир туугандарым музыкалык аспапта ойношот, бирок мен баш-отум менен кирип кеттим. Кичинемде менин кулагымда дайым үн турчу, мен анын музыкалык композиция экенин билчү эмесмин. Акындар ыр курайт, жазуучулар сөз курайт, биз үн курайбыз. Кайрыктар келет. Аны кичинемде билбейм да.
– Алгачкы обонуңузду качан чыгардыңыз эле?
– 7-8 жашымда чоң күүлөрдү ойночумун. Мондалино мода болду, аны үйрөндүм, аккордеон үйрөнгөндө чоң эле болчумун. Кийин обончулук пайда болду. Классташтарым шылдыңдап койсо тартынып калчумун. 1965-жылы 7-8-класста окуп жүргөндө бир журналдан “Кыргызстаным” деген ырды окуп калдым. Ошого обон чыгардым, кийин ошол ырым экинчи гимн болуп калды. Обон чыкканына 50 жыл болду, дагы деле ырдалып келет. Ал ырдын обону меники экенин көбү билбейт. Мектептерде салтанаттуу линейка болгондо ачылышында дайым ушул ыр ырдалчу.
Музыкалык сабатыбыз күчтүү, анткени күчтүү мугалимдерден билим алдык. Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда окуп жүрүп обон чыгарып жүрдүм. Обончу болом деген оюм жок болчу, оркестрдин дирижёрлугун үйрөнүп алып айылга келип дирижёр болом дечү элем (күлүп). Ал кыялыма жетпей калдым. Шаарда калдым. Обончулукка аттангандан кийин агайым “эми сен композиция жагын оку” деди, ошентип композитор болуп калдым. Ал жак өтө татаал дүйнө. Музыка дүйнөсү ушундай экен, улам бир бийиктигине жеттим деген сайын ары жагы көрүнө берет тура.
– Каныкей эже менен музыкалык окуу жайда таанышыпсыздар, досуңуз жактырып калып, кийин сиз тартып алыпсыз го, ошол досуңуз менен азыр катташасызбы?
– Жакшы эле катташып жүрөбүз, ал дагы музыкант да. Эми, кызым, нике кайып деп коёт. Ал досум башка тайпада окучу эле, мага Каныкейди жактырып калганын айтып ортомчу кылып жатпайбы. Ал өтүмдүү эмес эле, кыздарга такыр сүйлөй алчу эмес. Мен кыйын экенмин, бажылдап сүйлөп жаттым. Каныкейдин тигиге көңүлү жок, жакшы сүйлөшүп жүрүп эле, экөөбүз кантип жакын болуп кеткенибизди билбей калдык. “Болор иш болду, бүттү, мага турмушка чыгасың” дедим. “Макул” деген жок, “жок” да деген жок, жактырып калганы белгилүү болуп калды да (күлүп). Алгач жанагы досума айттым, “Каныкейге жолобо” деп кийин башкасына айттым, ошентип эки жылдан кийин баш кошуп калганбыз. Баары таң калышыптыр “булар сүйлөшпөй жүрүп үйлөнүп алышты” деп, “кандайча сүйлөшкөн жокпуз?” деп мен таң калдым (күлүп).
– Каныкей эженин жылдызы жанып кетишине сиз да чоң салым коштуңуз окшойт...
– Экөөбүз тең бири-бирибизге салым коштук. Чыгармачылык жолдо жүргөн аялдарга кыйын болот экен, булардын жолдошу түшүнүп колдоп турса ого бетер таланты ачылат. Түшүнбөгөн күйөөгө жолукса, ал тыюу салса аялдар ооруп калат. Анткени таланты чыкпай буулуга берип ооруга айланып кетет. Биз эриш-аркак болдук. Мен обон чыгардым, кимге ырдатам? Албетте, Каныкейге. Жазуучу-акындар чыгармасын чыгарат да бүттү иши, ал биздин ырыбызды ырчы ырдабаса өлүү болуп кала берет. Ошого аткаруучуну тандайбыз. Менин обондорумду ал ырдап, сүрөп, колдоп-коштоп келе жатабыз.
– 700дөй обон чыгарыпсыз, жубайыңызга арналганы барбы?
– Баары эле Каныкейге да (күлүп).
– Сиз талантты баккандардын катарындасызбы?
– 70-жылдары кыргыздарда күчтүү ырчылар чыкты. Бизди тебелеп кете тургандар бар болчу. Кана ошолор? Жок, анткени алар талантын бакпай коюшту. Шеркул Дүйшөналиев деген досубуз бар эле, Шахрезада Аскарованын күйөөсү, кийин ажырашып кетишти. Ал эстраданын жылдызы болчу, аныкындай үн чанда эле. Шеркул келишимдүү жигит болчу, сахнаны гүлдөтүп жиберчү. Ал “мен элди сагынтып, анан чыгам” дечү. “Эй, келесоо, эл бизди сагынбайт, иштебесең, сахнадагы ордуңду мыкчып турбасаң, жаштар сүрүп салат, эки жылда сени ит да тааныбай калат” дедим. Айткандай эле Чубак Сатаев, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акуловалар чыгып туруп эски муунду сүрүп салбадыбы. Бизди сүрө алган жок, анткени талантыбызды баккан үчүн ордубузду бекем кармап калганбыз. Дагы деле кармап келе жатабыз. Үч жылдан кийин Шеркул концерт берди. Залда 50-60 адам чогулду, ошондо жүрөгү кармап инфаркт болду. Ошону менен экинчи сахнага чыкпай койду. Бүттү. Ушундай нерсе Малик Аликеевде да болду. Талантын баккан жок, айткан акылды уккан жок.
– Обончу катары айтсаңыз, кимдин үнүн баалайсыз?
– Кыргызда өзү күчтүү үнү бар 5 адам болду. Муса Баетов, Мыскал Өмүрканова, Болот Миңжылкыев, Каныкей Эралиева, Шахрезада Аскарова. Оригиналдуу үнү менен ошолор дүйнөнү багындырмак. Бирок аны мамлекет дүйнөлүк аренага чыгарбады. Бирин да баалабадык, колдоно албадык. Казактар Димаш Кудайбергеновду дүйнөгө чыгарып эле койду го. Мамлекет Шахрезаданы баалап, талантын өстүргөндө ал эбак Алла Пугачёваны "жеп коймок". Мисалы, Болот Миңжылкыев, дүйнө анын үнүн угуп эси ооп калды, а биз бааладыкпы? Кыргыздар опера үнүн баалай албады. Булар бир жаралган таланттар, буларга окшоштуруп көптөр ырдай беришет. Бирок оригинал эмес.
– Каныкей эженин үнүн сиз башынан баалачу белеңиз же кийин байкадыңызбы?
– Кайдан, тажрыйба кийин келет экен. Мен 60 жашка чыгып барып баа берип жатпаймынбы (күлүп).
– Азыркы жаштардан купулуңузга толгондор жокпу?
– Жок, азыркыларда жакшы үн бар, бирок оригиналдуу үн жок. Баары эле бирин-бири туураган үндөр.
– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз, жолуңуздарды жолдодубу?
– Бир кыз, эки уулубуз бар. Үчөө тең музыкант, бирок эч бири эл алдына чыккан жок. Атактуу адамдардын балдары элден качып калат экен. Анткени ата-энесинин азабын, жолун, тайгаланып жыгылганын көрүп калат окшобойбу. Кызымдын үнү укмуш болчу, бирок ырдабай койду, азыр милиция кызматкери. Экинчи уулумдун да музыкадан түшүнүгү мыкты, ал да чыккан жок. Үчүнчү уулум скрипканы дүйнөлүк музыканттар менен тете чертет, бирок атын чыгаргысы келбейт. Кол шилтешет. Түгөлбай Казаковдун кызы да чоң пианист, укмуш чертет, ал дагы эл алдына чыкпайт. Мугалим болушат, музыканы жакшы анализ кылышат, бирок сахнадан качышат. Мен ушуга таң калдым.
– Сонун маек болду, агай, ден соолугуңуз чың болсун. Дагы далай эмгектериңизди күтөбүз.
Нуржамал Жийдебаева