КҮНГӨ КҮЙГӨН ТЕРИНИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ

Күнгө күйүү тери үчүн стресс экенин унутпаңыз. Күнгө туура эмес күйгөндө тери жабыркайт, аны кантип калыбына келтирсе болот? Бул жаатта врач-косметолог, дерматолог, “МД” сулуулук клиникасынын жетекчиси Мээрим Давлетова кеңеш берет.

КҮНГӨ АШЫКЧА КҮЙҮП КАЛГАН ТЕРИДЕ КАНДАЙ КӨЙГӨЙ ЖАРАЛАТ?

Күнгө ашыкча күйүү териде клеткаларды жок кылуучу эркин радикалдардын иштелип чыгышына өбөлгө түзөт. Натыйжада тери жаңыланбай калат.

КҮНГӨ АШЫКЧА КҮЙҮҮНҮН КЕСЕПЕТТЕРИ:

  • Фото картаюу, башкача айтканда, тери ийкемдүүлүгүн жоготот;
  • Тери кургайт;
  • Кара тактар пайда болот;
  • Безетки чыгат;
  • Купероз (майда кан тамырлар кызарып көрүнүп турат) жаралат.

ЭРКИН РАДИКАЛДАР ЭМНЕНИ ЖОК КЫЛАТ?

  • Теридеги коллаген жана эластин булачаларын жок кылат, анын айынан тери серпилгичтигин, тонусун жана ийкемдүүлүгүн жоготот;
  • Теридеги суюктуктун негизги сакчылары жана ташуучулары болгон гиалурон кычкылынын молекулаларын жок кылат;
  • Кан тамырлардын жарылуусуна алып келет, анын кесепетинен териде кызыл "жылдызчалар" пайда болот.

КҮН НУРУНУН ПАЙДАСЫ:

  • D витамининин булагы;
  • Ультра сыя-көк нурларынын таасири астында иммунитет жогорулайт;
  • Акыл-эс жана физикалык көрсөткүчтөр жакшырат;
  • Сөөк ткандары менен тиш эмалы бекемделет;
  • Эндокриндик системдин функциялары жакшырат;
  • Теринин сезгенүү процесстерин жок кылат;
  • Психоэмоционалдык абалды нормалдаштырат.

КҮНГӨ КҮЙГӨН ТЕРИНИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ

  • Ваннаны өтө муздак эмес суу менен толтуруп, 10 мүнөт жатуу;
  • Газдалбаган таза суу көп ичиңиз. Бул организмдеги суу балансын калыбына келтирип, токсиндерди чыгарат;
  • Дененин териси калыбына келгиче нымдандыруучу крем же лосьонду эртең менен, кечинде сүйкөңүз. Майлуу терилүүлөргө кечинде гана сүйкөө жетиштүү;
  • Тар кийим кийбеңиз, тери дем алышы керек. Дене күйүккө кескин реакция кылып, жаракат алган жерге кан агымын көбөйткөндүктөн, тар кийим абалды ого бетер курчутат;
  • Ашыкча күйүп калбоо үчүн күндөн коргоочу SPF 50 каражаттарын колдонуңуз. Кремди жээкте эмес, сыртка чыгар алдында сүйкөп, 3 саат сайын же суудан чыккандан кийин дароо жаңыртыңыз. Дененин жана беттин терисин гана эмес, башыңызды да коргоо керектигин унутпаңыз.

ҮЙ ШАРТЫНДА ТЕРИНИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮЧҮ МАСКАЛАР:

  • Чийки картошкадан пюре жасап, бир чай кашык зайтун майын кошуңуз. Андан кийин аралашманы териге сүйкөп, үстүн чүпүрөк менен 10 мүнөткө жаап, жууп салыңыз.
  • Кызарууну кетирүү үчүн 1 бананды 1 чай кашык бал менен аралаштырып маска жасаңыз. Аны териге 10 мүнөт коюп, жууп салыңыз. Мындай маска балга аллергиясы жана куперозу барларга сунушталбайт.
  • Бадыраң менен айранды блендерден өткөрүп маска жасап, кургак бетке 15 мүнөт, майлуу бетке 10 мүнөт коюп жууп салыш керек.

БОЛБОЙТ...

  • Тери өтө күйүп калса спирт ичимдиктерин, газдалган суусундук, таттуу ширелерди ичүүгө;
  • Бетке, денеге пилинг жасоого;
  • Мончого түшүүгө, бууга отурууга;
  • Түлөгөн терини сыйрууга (кийин так пайда болот).

Күн нурунан пайда болгон тактарды кетирүү жолдору

– Мээрим айым, күн нурунан пайда болгон кара тактан кантип арылса болот?

– Фитиндик, голливуддук пилингдерди жаз-жай айларында жасатса болот. Баасы 1800 сом. Бул суммага терини агарткан сапаттуу крем да кирет. Терең жайгашкан тактарды кетирген витаминдер бар, алар 3000-6000 сомго чейин. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн бир нече процедура алыш керек.

Ал эми Кореядан алынып келинген 91 миң долларлык пико-лазер аппаратынын жардамы менен 2-3 процедурада кетирсе болот. Эгер так теринин үстүнкү катмарында болсо 1 жылда кетет. Эгер так терең жайгашса 2-3 жыл убак-убагы менен процедура алууга туура келет. Процедура акысы 8000-14 000 сомго чейин. Негизи пайда болгон такты 100 пайыз кетире албайсың. Такты чоңойтпой токтотуп койсо болот. Деги эле такты, безеткини бир заматта кетирген “чудо” кремдер, аппараттар, пилингдер дүйнөдө жок.

– Кандай кремдер биздин териге ылайыктуу?

– Биз тоолуу аймакта жашаганыбызды унутпашыбыз керек. Ошондуктан корей косметикасы биздин териге такыр туура келбейт. Корея океандын жанында жайгашкандыктан ал жакта нымдуулук жогору. Ошого ылайыктуу жеңил сывороткаларды көбүрөөк жасашат. Мен да башында корей косметикасы менен иштечүмүн. Бирок кардарлар ага канааттанышкан жок. Тоолуу аймактарга, кургак климатка ылайыктап жасалган Италиянын косметикасы ылайыктуу экен.

Ушул жерден айта кетейин, мен ДЦП менен ооруган балдары бар энелерге 20 пайыз арзандатуу берем. Онкологиялык дарт менен күрөшүп жаткан балдары бар энелерге процедураларды бекер жасайм.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан