ТАМШАНДЫРГАН АССОРТИ КЫЯМДАР

Кожойкелер, сиздер үчүн жасалышы оңой, өзгөчө кыямдардын рецептин даярдадык. Үй-бүлө мүчөлөрүн бул кышта ассорти кыямдар менен таң калтырыңыз.

АЛМУРУТ + ИМБИРЬ

Керектелүүчү азыктар:

Алмурут (эттүү түрү) – 4 даана

Имбирь – 30 грамм

Кумшекер – 400 грамм

Лимон – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Алмурутту жууп, данегин алып, майда төрт чарчы кылып туураңыз. Аны сүргүчтөн өткөрүлгөн имбирь, кумшекер жана жарым лимондун ширеси менен аралаштырыңыз. Үстүн ашкана плёнкасы менен жаап, ширеси чыгышы үчүн 1 саат тыныктырыңыз.

2. Андан соң отко коюп, кайнап чыккандан кийин орточо отто улам көбүгүн алып 15 мүнөт кайнатыңыз. Оттон чыгарып муздатып, кайра дагы 10 мүнөт кайнатыңыз.

3. Кыямдарды алдын ала бууга кармалган банкага куюп, салкын жерге катып коюңуз. Кышкы кечте бул кыям чайдын даамын арттырат.

ШАБДАЛЫ + АПЕЛЬСИН

Керектелүүчү азыктар:

Апельсин – 3 даана

Шабдалы (сырты түктүү) – 3 даана

Кумшекер – 400 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Шабдалыны жууп, кабыгын аарчып, данегин алып, өтө чоң эмес өлчөмдө кесиңиз.

2. Апельсиндин кабыгын аарчып, данегин алып, калыңдыгы 1 сантиметр кылып узунунан кесиңиз. Кабыгын сүргүчтүн майда көзүнөн өткөрүңүз.

3. Түбү калың мискейге алгач жемиштерди, үстүнө кумшекерди салып ширесин чыгаруу үчүн 1 саатка коюп коюңуз.

4. Жемиштерди жай отко коюп, улам көбүгүн алып 15 мүнөт кайнатыңыз. Оттон чыгарып муздатып, кайра дагы 10 мүнөт кайнатыңыз. Даяр болгон кыямды алдын ала бууга кармалган банкаларга куюп, кышка сактай берсеңиз болот.

АЛЧА + КАРАГАТ

Керектелүүчү азыктар:

Алча – 750 грамм

Карагат – 500 грамм

Кумшекер – 1 килограмм 200 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Алчанын данектерин алып салыңыз. Карагаттын “муруттарын” алыңыз. Чарага алча менен карагатты салып үстүнө кумшекер кошуп, ширеси чыккыча тыныктырып коюңуз.

2. Мөмөлөрдөн чыккан ширени башка идишке куюп алыңыз. Андан соң жай отко коюп, коюулангыча улам аралаштырып кайнатыңыз.

3. Кайнаган ширени алча менен карагаттын үстүнө куюп, жай отко коюп улам көбүгүн алып 7 мүнөт кайнатыңыз. Оттон чыгарып муздатып, кайра дагы 10 мүнөт кайнатыңыз.

4. Ассорти кыямды бууланган банкаларга куюп сактаңыз.

КУЛПУНАЙ + КИВИ

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 500 грамм

Киви – 2 даана

Кумшекер – 600 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Кулпунайды жууп, кагаз майлыкка жайып суусун сарыктырып алыңыз.

2. Кивинин кабыгын аарчып, төрт чарчы кылып туураңыз.

3. Киви менен кулпунайды блендерден өткөрүңүз.

4. Майдаланган мөмөгө кумшекер салып, толугу менен эригиче жакшылап миксер менен аралаштырыңыз.

5. Даяр болгон кайнатылбаган кыямды контейнерге куюп, муздаткычка салып сактап коюңуз.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан