ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЭРГҮҮ БЕРГЕН ГИНУРА

Гинуранын баркыт сымал сыя-көк жалбырактары абаны тазалап эле тим болбостон, аураны да тазалап, чыгармачылык эргүү берип, үйгө жайлуулукту тартуулайт. Көп камкордукту талап кылбаган гинуранын бою 60 сантиметрге чейин жетет. Мекени Африка жана Азия өлкөлөрү.

Орду. Жарыкты жактырат. Жарык жетишсиз болуп баратса жалбырактарындагы сыя-көк өң жашыл тартып калат. Чыгыш же батыш тараптагы терезеде, 15-25 градустагы жылуулукта жакшы өсөт.

Көбөйтүү. Гинураны 3 жылда бир жаңылап туруу кажет, анткени жалбырактары сыя-көк өңүн жоготуп жиберет. Калемчесин сууга салып же торф менен перлит кошулган топуракка отургузуп койсо 10 күндүн ичинде тамыр алат.

Жыл сайын топурагын, челегин өсүмүнө жараша алмаштырып отургузуңуз.

Топурагы. Кара топурак, чиринди, перлит кошулган чымдуу борпоң топуракта жакшы өсөт.

Сугаруу. Майда түктүү жалбырактарына суу чачуу сунушталбайт. Топурагы дайыма ным болуп турушу керек. Жайкысын аптасына 2-3 жолу, кышкысын 1 жолу суу куюу кажет. Сууну бир күн мурун алып коюп, хлору учуп, оор металлдар түбүнө чөккөндө колдонуңуз. Бул ыкма бардык гүлдөрду сугарууда сунушталат.

Кам көрүү. Бутактанып барпайып чыгышы үчүн жаз-жай айларында узарып бараткан сабактарын кыскартып кыркуу керек. Бутон байласа аны кесип салуу туура, анткени гүлүнүн жыты жагымсыз жана керектүү азыкты өзүнө тартып алат.

Азыктандыруу. Декоративдик бөлмө гүлдөрүнө арналган комплекстүү жер семирткичтен апрелден сентябрга чейин айына бир жолу берип туруу керек. Ал эми күз, кыш мезгилинде азыктандыруунун кереги жок.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан