Блиц-маек
Жакындан бери ырчылардын катары Нурлан Насип деген ысым менен толукталды. “Унуталбайм”, “Жаным”, “Жоопсуз сүйүү” деген чыгармалары ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн орун таап, ырчынын күлүңдөгөн көздөрүнө арбалган бийкечтер көбөйдү. Концерт берүүгө камданып турган Нурлан Насип менен маек курдук.
– Менде “Унуталбайм” аттуу ырыңдан кийин “Нурлан Насип кимди унуталбай, кыйналып жүрөт болду экен?” деген суроо туулду...
– Бул ыр мурун эле жаралган. Муратаалы Күрөңкеев атындагы окуу жайынын студенти болуп жүргөнүмдө пианинодо ойноп отурсам, ырдын ушул кайрыктары келген. Диктофонго түшүрүп койгон элем. Арадан убакыт өткөн соң ушул обонго сөз жазып, ырды эл сынына койдум. Радиодон кеткен биринчи күндөрдө эле жакшы сөздөр айтылып, көңүлүм көтөрүлдү. Ыр кыялымдагы бир адамга арналган десем болот. “Унуталбайм” – менин “визиттик карточкам”. Концертимди да ушул аталышта койдум.
– Ырдын текстин да, обонун да жазып жүрсөң, анда башкаларга обондуу ырларды бергенсиңби? Эгер берсең, ырларың башканын атынан хит болуп кеткенде ичиң ачышкан күндөр болгон беле?
– Чынын айтайын, ичим ачышкан учур болгон эмес. Анткени андай ырларды дагы көп жаратам деп ишенем. Андан көрө башка ырчылардын аткаруусунда болсо да, ырларым эл жүрөгүнө жеткени мага сыймык. Бирок кийинки кездери мен да бышык боло баштадым. Мурун ырларымды досторума, сурагандарга жазып, тарата берчүмүн. Кийинки кездерде суроо-талап көп болуп кеткендиктен, мен дагы акчага ырдын сөзүн, обонун жазып калдым.
– Анда ырларың канча турат?
– Эми ал сыр боюнча эле калсынчы...
– Концерт бергенге камданып калыпсың. Күйөрмандарыңды эмне менен таң калтырмакчысың?
– Буюрса, концертке даярдыктар жакшы. Концертти өзгөчө өткөрөлү деп Кыргызстанда эч ким колдоно элек чоң экран койдурганы жатабыз. Ал сахнанын аркасын бүт ээлейт жана ырдын мазмунуна жараша атайы эффекттер коштолуп турат. Муну биз Кытайдан алдырып жатабыз. Андан тышкары менин ырларымдан турган альбомдун бет ачары болуп, алдыңкы катарда отурган элге бекер таратылат. Баса, концертиме апам атайын боорсок жасап келип, элге чачыла чачмакчы болуп жатат.
Ушундай, окурман, эгерде Нурлан Насиптин альбомун алып, апасынын чачыласынан ооз тийгиңиз келсе, андан да маанилүүсү Нурлан Насиптин мыкты ырларына күбө болгуңуз келсе, бул концертке келиңиз.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg