Болсунбек Стакеев, куудул: “АЗЫРЫНЧА КУУДУЛДАРДЫН АКЫРКЫ МУУНУ БИЗ”

Куудулдар чындыкты чыркыратып туруп айта алат. Андыктан буларда эрдик жана эркиндик болушу керек. Бул жолку маектешим куудул Болсунбек Стакеев болду. Маектешим менен куудулдук өнөр, устаты Рахман Разыков, сыймыгыбыз болуп жаткан спортчуларыбыз тууралуу ой бөлүштүк.

– Болсунбек, саламатсызбы? Кандай жаңылыктарыңыз менен бөлүшкөнү келдиңиз?

– Шефтин (ред.: куудул Рахман Разыков) көзү өтүп кеткенден кийин концерт коё элекпиз. Азыр оору күчөп турган убак. Бирок баштайлы деп эле жулунуп турабыз. “Беш тапан” тобу негизделгенде биз кичине бала элек. Кыргызда сөзгө чечен баланы тапан дейт, жашы улуусун чечен дейт эмеспи. Тапан болуп келген балдар эми бакыйган киши болдук, атыбыз калып калды.

– Атыңарды өзгөртүшүңөр керек экен, ээ?

– Ар ким өзү жеке аты менен деле таанымал болуп калдык. Чоң концерттерге эле “Беш тапан” чогулуп калбасак, атыбызды өзгөртүүнү ойлогон эмеспиз.

– Кечээ, бүгүн Токиодогу спортчуларыбыз ооздон түшпөй турат, сиз кимисине көбүрөөк күйөрмандык кылып жатасыз?

– Жүрөк дүкүлдөп эле турду. Толкунданбаган кыргыз жок го дейм, өзгөчө өнөр адамдары мындайды жүрөктөн өткөрөбүз. Чапандар тууралуу талкуу болуп жатканда эле “чапан эч нерсе эмес, жеңип келишсе экен” дегем. Буюрса, Орто Азияда экинчи орунда бара жатыптырбыз. Коло, күмүш алдык, алтын да аларбыз. Мен спортчуларыбыздын баарына күйөрмандык кылып жатам. Жүрөк токтоп калайын дейт экен. Кыргыздын желегин көтөрүп жаткан баарына жүрөк жылыйт, толкунданасың.

– Аптанын жаңылыгы Аскар Акаевдин өлкөгө келиши болду окшойт, ага кандай сезимдер болду?

– Эми ал келиши керек эле. Кудайдын жердеги көлөкөсү падыша дейт, андай тагдырды көрүнгөн адамдын бешенесине жаза бербейт. Ушундан улам “мен муну кылгам, ал муну кылган” деп албаса болбойт го. Ушундай саясий коомду түзүп койгонуна анын деле чоң күнөөсү бар, бирок жумшактыгынан болуп калды окшойт. Кыргыз кечиримдүү, каныбызда айкөлдүк бар. Байкушту сагынып деле калыптырбыз (күлүп).

– Келиңиз анда чыгармачылыгыңызга кайталы, кантип сахнага келип калдыңыз?

– Мен Токтогулдун Толук деген айылынан болом. Бизге көп артисттер деле келчү эмес, айылды өзүбүз эле концерт коюп тейлеп койчубуз. “Сенден чыгат, укмушсуң” дей беришчү, элдин деми, күчү менен сахнага келип калдым окшойт. Кичинемден артист болом дечүмүн. Атам “артисттик да ишпи, башка кесиптин ээси болосуң” деп мени борборго алып келген. Кудай менин каалоомду көрүп турдубу, үй-бүлөбүз менен келе жатып жол кырсыгына кабылып калдык. Атамдын топтогон акчасы чачылып кетти. Ошол учурда айылга “Бешилик” тобу менен Рахман Разыков концерт коюп келип калыптыр. Роль аткарып берип, жагып калдым. Бишкекте чоң сахнага 18 жашымда чыктым. 1-май туулган күнүм, ошол күнү чыккам, эч эсимден чыкпайт.

– Ошол боюнча окубай калдыңызбы?

– Кийин атам окутту. Билимим боюнча силерге кесиптешмин, журналистиканын 4-курсуна келгенде окуумду “асып” койгом (күлүп). Ошонун жибин чечип улантып коюшум керек. Тарыхты, адамдарды, окуяларды изилдегенге кызыгам. Өнөрүмө ушул кесип туура келет.

– Устатыңыз Рахман Разыковдун каза болгонун оор көтөрдүңүз окшойт?

– Ошол учурда бирөө социалдык тармактарга жазды, атын унутуп калдым. “Мына, Рахман өлдү, эми мактай бергиле” деп жазды. Ушул сөз жүрөгүмө катуу таасир берди. Тирүүсүндө эле ал мыкты экенин далилдеп кеткен. Кандай оор сыноо келсе да былк этпейт эле. Ошол мүнөзүн шакирттери алып калганбыз. Абдылда Иманкулов агабыз “атаңдын оозун урайындар, баарыңар Рахманды тартып калыпсыңар, тоо кулап келе жатса деле кенебейсиңер, жапжаш болуп туруп мынча кенебейсиңер, ой тобо!” деп күйүп кетет (күлүп). Өзүнүн сиркеси суу көтөрбөй турат да. Интермедия аткарып жатсаң, таяк таяныш керек болсо, аны турабы деп 100 жолу текшерет. Таягы, чапаны бүт турушу керек. Рахман аке болсо “таяксыз эле аткара бер” деп кенебей койчу (күлүп).

– Куудулдардын жаш мууну жок, бул эмнеден деп ойлойсуз?

– Куудулдардын акыркы мууну биз, бизден кийин келе элек. Муну көп багыт менен караш керек. Ааламдашуу процесси жүрүп жатат, интернет ар кимдин колунда. Эл азыр чыдамсыз, кыска жана кызыктуу нерсени көрөт. 1 мүнөттүк видеону көрө албай жылдырып жиберип жатышат, анан бир нече мүнөттүк интермедияны кантип көрүшөт? Күнөөнү өзүбүздөн да издеш керек, биз мурунку куудул агаларыбыз жасаган реформаларды жасабай жатабыз. Аны түптүз эле моюнга алам. Балким, жашыбыз эми алардын жашына туура келдиби? Анткени биз жаш келдик сахнага. Куудулдук – бул күрөш, күрөштү улантышыбыз керек. Болгонун болгондой бетке айтышыбыз керек, бирок ал заман да жок.

– Жогору жактагылардын жоруктарын бетке айткандай азыркы куудулдарда эрк, дымак барбы?

– Албетте, бар! Куудулдук өнөрдү бизге таштап кетишкенден кийин мындан аркысына биз жооп беребиз. Мен жоопкерчиликти жон терим менен сезем. Абдылда аке “алтымышка чыктым, айылга кетем” деп жатат. Күмөндөр ага киного тартылып жүрөт, Жамбыл агай өз оокаты менен. Элге өтө белгилүүлөрдөн үчөө калды, жарым белгилүү агаларыбыз бар эми. Курч идеяларыбыз, сатираларыбыз, шоу долбоорлорубуз бар. Эки жылдан бери пандемия басылсын деп эле күтүп турабыз.

– Куудулдар театры түптөлөт деп дуулдап барып токтоп калдыңар, эмне болду?

– Куудулдар – эркин артисттер, рамкага салып иштете албайсың. Мурун Шаршен Термечиков атындагы театр уюшулуп, куудулдар эркин боло албай тарап кетишиптир. Анткени мамлекет каржыласа, жогору жактагыларга сатира жазып каяша айта албайт да. 1-апрель күнү маданият министри чакырып, биз арыз-муңубузду айтканбыз. “Куудулдар үчүн мекеме беребиз” дешкен. Бирок кагаздагы нерсе кагазда эле калды окшойт, азыр тынч. Бир күнү беребиз десе барабыз. Бир жери бар, тилиң байланып калат. Эл аны сезип турат. Менин оюмча, бизди эркин эле коё берип, бирок өзүң үчүн жооп бересиң деп койсо жакшы болмок.

– Эркин артисттердин жашоосу кандай анан, тапканы жетеби тиричиликке?

– Карта ойногондой. Бирде туз келет, бирде ондук келет. Он чыгып калса жаба каласың (күлүп).

– Сизде дайым туз чыгабы?

– Түрдүү чыгат мага. Жашоодо кээде оңкоңдон түшөсүң, кээде учасың дегендей. Мен экөөнү тең салмакта кабыл алам. Жашоомдо эмне болуп жатса, демек, мен ошого татыктуумун. Көп нерселер болот бизде деле, айта албайсың. Жутуп коёсуң. Анткени элге күлкү тартуулап жүрүп, анан кайгыңды айтсаң болбой калбайбы (күлүп).

– Жубайыңыз менен маекке чакырсак болбойт дедиңиз. Анын каалоосубу же сиздинби?

– Менин каалоом. Үй-бүлөмдү такыр чыгаргым келбейт. Социалдык тармактарга деле сүрөттөрүн чыгарбайм. Ушундайды туура көрөм. “Минтип жатабыз, тигинтип жатабыз” деп сүрөттөрүн коё бергендер жакпайт. Бир уулум, бир кызым бар. Бактылуу эле үй-бүлөбүз деп ойлойм.

– Бактылуу болуп жүрө бериңиз, ийгилик!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан