ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башталышы)

Баары бир заматта астын-үстүн болуп калды. Акыркы күндөгү окуялар ушунчалык тез-тез болуп, анан калса ал окуялардагы эмоциялар өтө контрасттуу болуп кеткендиктен Нурия акырында эмнеге таң каларын, эмнеге сүйүнөрүн деле билбей калды. Анын азыркы абалы рингдин бурчунда алы кетип, коргоно албай кайра-кайра сокку жеп жаткан мушкердикиндей болчу. Бир сокку жеп “оо-мий” деп таң калганча, экинчи сокку “былч” деп тийип жаткан.

Башы кубанычтуу башталгандай болгон... Элестеткиле, жумушунан түшкү тамактанууга курбулары менен барса, алар күнүгө тамактанып жүрүүчү кафенин ичин кимдир бирөө түркүн түстүү шарлар менен кооздоп коюптур. Ал шарлар ар түркүн болчу. Керек болсо, арасында “Ура! У нас сын!”, “Ура, девочка!”, “Она согласна!”, “С юбилеем!” деген жазуулары барлары дагы, жөн гана быйтыкчага окшоштору да бар эле. Андыктан шарларды бир сыйра карап чыккан киши бул кафеде төрөтканадан чыккандар майрамдаганы жатабы, же кимдир бирөө сүйгөнүнүн колун сураганы жатабы, же болбосо бирөөнүн юбилейи боло турганын айырмалай алмак эмес.

Күнүгө отуруп жүргөн ордунан курбулары менен орун алган учурда кафенин ашкана тарабынан чоң-чоң кызыл гүлдөрдү кучактаган Каныбек чыкса болобу! Анан кафенин ичинен дүңгүрөп эле Гүлжигит Сатыбековдун “Исфана” деген ыры жаңырып кетти. Түз эле Нурияларды карай басып келе жаткан Каныбек ыңгайсыз токтой калып: “Бул эмес, эй!”- деп кимдир бирөөгө кыйкырды.

– Эй жинди, ушу менен кылыш керек!- деди кафенин томолок ашпозчусу арыдан башын чыгарып. Каныбек аргасыз жылмайды да, шарт артка бурулуп барып, жанагы ашпозчунун башы чыккан эшикке кирип кетти. Алгач сөгүшкөн, анан тарс-турс этип чабышкан үндөр чыга түштү да, анан эле Стингдин “Desert rose" деген чыгармасы жаңыра баштады.

– Ого, “Жадинин” музыкасы го, - деди курбусу Эля. “Ии, чын эле ошол экен” дегиче болбой, көйнөгүнүн жакасы, бир жеңи айрылган Каныбек толкунданган абалда, кучак толо кызыл гүлдөрдү көтөрүп түз эле Нурияны карай басып жөнөдү. “Бул эмне колумду сураган жатабы?” деди ичинен Нурия. Жанатан бери ушул ой мээсине келбептир. Аңгыча алдына келип калган Каныбек тизелей калды да: “Нурия, мен бул күндү көптөн бери кыялдангам... Ошондуктан аябай толкунданып, эмне кылып жатканымды билбей турам. Баары идеалдуу болсун деп жакшы эле ойлонуштургандай болгом. Бирок минтип алдыңда жакам айрылып, тизелеп отурам... Антсе да сага болгон сүйүүм чексиз! Жарым болчу, суранам!”- деп ыйлап жиберчүдөй жалооруду.

“Биздин кыз-жигит болгонубузга бир эле ай болбодубу?! Бири-бирибизди жакшыраак биле элекпиз” деп айткысы келди Нуриянын. Бирок жанында курбусу Эля отурган. “Эля менден биринчи тийбеши керек”. Чечим дароо эле келди.

– Мен макулмун!- деп салды.

Мына сага, Каныбек ордунан тура калып Нурияны белинен кучактап так көтөрө айлантты да, анан аты жок манжасына бриллиант көздүү шакекти салып койду. Даана бриллиантпы белгисиз, айтор, жаркырап турган айнекке окшош таш болчу. Бирок ошол учурда Нурия бриллиант деп эле кабылдаган... Айланадагыларынын баары уу-дуу болуп, аларды куттуктап башташты.

– А эмнеге төрөтканага көтөрүп барчу “Ура, сын!”, “Ура, девочка!” деген шарлар жүрөт?- деп сурады бир убакта Нурия, тим эле башка суроолордун баарына жооп алгансып.

– Дүкөндө ошондой эле шарлар калыптыр!- деп ыржайды Каныбек.

ххх

Анан бир жумадан кийин эле той болду. Каныбектин ата-энеси Орусияда болгондуктан келе алышкан жок. Тойдун ээси Каныбектин таякеси болуп койду. Орусияда көп жылдан бери жашагандыктан Каныбек деле, ата-энеси деле орус мүнөз болуп калышыптыр.

Калп айткан менен болобу, той жакшы өттү. Каныбек менен Нурия той бүтөрү менен жигиттин Бишкектен жаңы эле алган 2 бөлмөлүү батирине кетишти.

Жашагандарына бир жумадай болгондо Каныбекке бейтааныш номурдан чалуу келди. Мына ушул чалуу баарын астын-үстүн кылып жиберди. Баары ошондон башталбадыбы!

Узун, көп сандары бар чет өлкөлүк номурдан чалуу келгенде Каныбектин өңү өзгөрүлө түштү. Нурия анын маңдайында отурган. Каныбек бир нече жолу телефонун, кайра Нурияны чоң-чоң көздөрүн ачып-жумуп карап алды.

– Эмне болду?

– Эч нерсе...

– Албайсыңбы телефонуңду!

– Аа...- эмнегедир шаша-буша телефонун ала калды да, сыртка чыгып кетти. Аз өтпөй келди да, “мен Көлгө барып келишим керек болуп жатат. Апамдын агасы ошол жакта, эртерээк барып кабар алчы деп жатат” деген бойдон шашкалактап кийимдерин чогулта баштады.

Анын кебетесине карап Нурия Каныбектин таякесине бир нерсе болгон го деп ойлоду. Ошон үчүн ал дагы анын кийимдерин чогултуша баштады.

– Качан келесиң?- деди эшиктен чыгайын деп жаткан Каныбекке.

– Каякка?

– Үйгө. Үйгө качан келесиң, кайра?

– Билбейм...

Ошентти да, чыгып кетти. Ошол бойдон Каныбектин телефону да өчтү, өзү да жок болуп кетти. Жоголгонуна 3 күн болгондо милицияга кайрылышты. Баарынан кызыгы, Каныбектин Кыргызстанда бир да тууганы жок болуп чыкты. Баягы тойдо баш-көз болуп берген таякесинен да дайын жок... Кыз нес болуп калды.

Бир ай болгондо Ысык-Көлдүн жээгинен Каныбекке таандык барсетка жана айдоочулук күбөлүк табылды.

– Чөгүп кеткен окшойт,- деди аймактын участковыйы маңдайында отурган Нурияга. Кыз дагы бир нес болду. Анан Көлдөн келер-келгенче ыйлап келди. Ошентип ыйлап ата-энесине барды. Алардыкында жүрө бермек, бирок чыккан кыз чийден тышкары дегендей, алардыкында кадимкидей бөлөк адам болуп калыптыр. Инисинин аялы ага кагынып-силкинип жаткандай эле сезиле берди. Ошон үчүн кайра Каныбек сатып алган батирге кетип калды. Бир жакшы жери, Каныбек үйдүн документтеринин баарын Нурияга каттап койгон болчу. Кудайдын ушунусуна да шүгүр!

Бирок ээн үйгө барганда өзүн коёрго жер таппай, эмнегедир эле дароо маанайы түштү. Анан кайра эле ыйлап баштады.


ххх

Ыйлай берип көзү шишиген болчу. Ошон үчүн азыр эшикти ачкысы келген жок. Ушул абалда аны эч ким көрбөй эле койсунчу. Бирок келген кишинин да кетер түрү жок. Тык-тык-тык... Эшик кага берди. Айласы кеткенде маанайы суз гана эшик ачып, 4-5 жаштардагы баланы жетелеп, колуна 1 жаштагы бала көтөргөн сулуучумак аялды көрдү.

– Ким керек эле?

– Каныбектин үйүбү?

– Ооба, силер кимсиңер?

– Мен Каныбектин аялы болом,- деди сулуучумак аял.

– Кандайча? Каныбектин аялы менмин да...- нес боло түштү.

– Куттуктайм, албетте! Бирок анын аялы менмин! А булар болсо анын балдары...

– Ал өлүп калды!- эмнегедир ушул сөз келди оозуна.

– Эш-шек! Не болуп өлдү?

– Билбейм, сууга чөгүп кеткен окшойт.

– Өлүгүн көрдүңбү?

– Жок!

– Анан эмне өлдү деп жатасың?

– Ошентип айтышты...

– Билесиңби, андай адамдардын өлгөнүнө өлүгүн көрүп туруп гана ишениш керек. Ал деген керек болсо ажалды алдап коё тургандай аферист! Андыктан... Ал өлгөн жок. Биз аны бул жерде күтөбүз.

– Мен сизди киргизе албайм.

– Эмне могу эки бала менен кайда барсаң айда бар деген турасыңбы?! Кач!- тигил аял жөөлөп туруп эле үйгө кирип кетти.

– Оо, папа!- деди балдардын чоңу дубалда илинип турган үйлөнүү тойдогу Каныбек менен Нуриянын сүрөтүн көрүп.

– Даа, балам, папа- деди тиги аял.

– У него что, опять новая жена?- деди бала орусчалап.

– Опять,- деди тиги аял...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Noon
2021-08-09 18:20:00
Кызык окшойт
+1
KaGaH
2021-08-09 23:45:43
Менин жашоомдон алынып жазылган хе хе хе
-1
TIMON_BERKOWITZ
2021-08-10 22:25:38
Комедия го)))
0
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан