Кыргыз тилинин сөз байлыгы бай экенин төмөнкү фразеологизмдер айкындап турат. Бул сөз айкаштары даяр түрүндө колдонулуп, жөнөкөй сөзгө караганда речти кооз, таамай жана элестүү айтууга жардам берет.
Акылга дыйкан – акылга бай, даанышман, акылдуу деген маанини берет.
Арык атка камчы үйүр, жыртык үйгө тамчы үйүр – жүдөгөн, алсыздардын ого бетер жолу болбой жатканы.
Арадай жерге чарадай жыйын кылуу – чымынды төө кылып көрсөтүү, кичинекей нерсени чоң кылып көбүртүп-жабыртып жиберүү.
Жабуулуу кара инген – токтоо, көтөрүмдүү, баарына бирдей мамиле кылган.
Жеңилдин асты, оордун үстү менен – тийди качты болуп эптеп-септеп иштеген, жанын кыйнабаган дегендик.
Жоо жакадан, бөрү этектен алганда – коркунучтуу, кыйын абалда калганда.
Жылан өлтүрөйүн десе таш алып бербеген – жакшылык кылбаган, кара өзгөй.
Ичке үзүлгөн, жоон созулган убак – жазгы үзүмчүлүк убак, тамак-аш тартыш мезгил.
Күн тийген жердин күкүгү – күн карама, бийликтегилердин көзүн караган адам жөнүндө.
Мурдумду кесип берейин – кимдир бирөөнү кубаттоо маанисинде айтылат, сөзсүз, шек жок, туптуура деген мааниде.
Ооз ачып өпкөн, көз ачып көргөн – тун баласы деген маанини туюндурат.
Өз табагын өзүнө тарткан – ар кимдин өзүнө жараша мамиле кылган.
Селдесине семиз ооз – көтөрүлүп, кекирейип, кыйынсынган.
Сенден келгенди көрдүм – кыйынчылык, кыянатка бел байлап, тобокелдик кылдым деген мааниде.
Сунган бутун жыйбаган – бой көтөрүп, кекирейип, тыңсынган деген.
Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына – жалпы элге, калайык-калкка.
Үзөңгү боосу алты кабат – мыктымын деп байлыгына чиренген адамга карата.
(Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүктөрүнөн алынды)
Гулийпа Маметосмон кызы