АШКАЗАНДАГЫ ТАМАК ЭМНЕГЕ ООЗГО КУЮЛАТ?

Рефлюкс-эзофагит оорусунан дүйнө элинин болжол менен 46 пайызына жакыны азап тартат. Анын белгилери – эңкейгенде жана жатканда тамак-аштын ашказандан ооз жакка куюлуусу. Мүмкүн, сизде да ошондой белги болуп жүрбөсүн? Айтып кетчү нерсе, аталган ооруга китеп окуп же телевизор көрүп жатып тамак ичүү да алып келет. Оору тууралуу Улуттук хирургиялык борбордун ашказан жана 12 эли ичегинин оорулары бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Болот Иманов менен маектештик.

ДАРТ АШКАЗАН МЕНЕН КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧТҮН ОРТОСУНДАГЫ КЛАПАНДЫН БУЗУЛУУСУНАН ЧЫГАТ

Сфинктер – бул ашказан менен кызыл өңгөчтүн ортосундагы бүктөмдөрдөн турган булчуңдуу клапан. Узундугу 4-6 сантиметр. Жөн учурда сфинктер жабылып турат. Качан адам тамак же суусундук ичкенде ачылып, өткөзүп, кайра жабылып турат. Ошол сфинктердин иштөөсү бузулганда ал жабылбай ачылган бойдон калат. Мындай болгондо ашказанга өтүп жана туз кычкылы менен аралашкан тамак-аштын канча бир бөлүгү кайра артка куюлат. Тамактагы туз кычкылы кызыл өңгөчтүн былжыр челин дүүлүктүрүп, канча бир пайыз күйгүзөт. Былжыр чели сезгенип рефлюкс-эзофагит оорусу жаралат. Башкача айтканда, ооруну ашказандагы тамактын кайра кызыл өңгөчкө куюлушу деп түшүнсө болот.

СФИНКТЕРДИН БУЗУЛУШУНА ЭМНЕЛЕР ЖЕТКИЗЕТ?

  • Дамамат тамак-ашты көп жеп, ашыкча тоюп алуу;
  • Алкоголдук ичимдиктерди ичүү;
  • Көбүнчө эңкейип иштөө;
  • Оор нерселерди көтөрүү;
  • Кызыл өңгөчтүн диафрагмасынын грыжасы;
  • Өнөкөт гастрит;
  • Ашказандын, ошондой эле 12 эли ичегинин жарасы;
  • Дайыма китеп окуп же телевизор көрүп отуруп тамак жемей. Себеби борбордук нерв системине бир эле убакта 2 башка кыймыл-аракетти башкаруу, көзөмөлдүк кылуу оордук кылып сфинктер бузулат;
  • Өттүн оорулары;
  • Семирүү;
  • Өтө ысык чай менен ысык тамак, өтө ачуу татымалдар, шоколад, инфекциялар (кандида грибогу, учуктун вирусу, цитомегаловирус), химиялык күйүктөр (бензин, ацетон), ичтин дамамат катышынан дайыма ыйынуу;
  • Паникалык атака. Улам-улам паникалык атакага кабылуудан булчуңдар, анын ичинде сфинктер да тырышып, кысылат. Мунун аягы клапандын иштебей калышына алып барат.

ДАРТТЫН БАШКЫ БЕЛГИСИ – ЗАРНА БОЛУУ

Оорунун белгилери төмөнкүлөр:

  • Зарна болуу. Бул качан адам эңкейип жумуш кылганда күчөйт. Анткени андай абал тамактын кызыл өңгөчкө куюлушуна шарт түзөт;
  • Көкүрөк туштагы кабыргалардын кошулган жеринин үстүнүн оорушу, куйкалап жаткандай ачышуу (кызыл өңгөчтүн ылдыйкы бөлүгү). Оорутуу жүрөк, кол тарапка да берилиши мүмкүн. Оорутуудан тамак иче албай калуу;
  • Ыктытуу, кекирүү;
  • Кусуу.

ДИАГНОЗ

Оорунун диагнозун тактатуу үчүн төмөнкүлөр керек:

Рентгеноскопия, эзофагогастроскопия, эзофагоманометрия, кан жана заара анализдери жана башкалар.

ДАРЫЛАНУУ

  • Дарылар. Кызыл өңгөчтү туз кычкылынын таасиринен коргоп, сфинктердин тонусун жогорулатуучу, сезгенүүнү кетирүүчү дары-дармектер. Туз кычкылынын таасири түнкүсүн жогору болгондуктан, кечинде жатарда врач сунуштаган дарыны ичүү керек.
  • Диета. Врач адатта №1 стол диетасын жазып берет. Аталган диета боюнча майлуу тамак-аш, кара нан, газдалган суусундук, ичимдик, шоколад, кофе, туздалган жана маринаддалган тамак-аштар, козу карын, капуста, өтө ысык тамак жана чай ичүүгө болбойт.
  • Тамак-аштардан компот, 1 күн мурун бышырылган же кургатылган нан, сууга бышкан жумуртка, кычкыл эмес быштак, ботко (күрүч, геркулес, маннадан жасалган), сууга бышкан тефтели жана котлет, бууга бышкан балык, майсыз жана чарымдары жок эт, майлуулугу аз сүт сунушталат. Ошондой эле сууга бышырылган жашылча жана вермишель кошулган суюк тамак да болот. Тамак-ашты 1 күндө 5-6 ирет аз порциядан жеш керек.
  • 5-6 килограммдан ашыкча жүк көтөрбөө;
  • Тамак ичкенден кийин эңкейип жасалчу иштерди жасабоо. Мисалы, кир жуу, үй жыйноо жана башка;
  • Ичти кысуучу кийим кийбөө;
  • Физикалык көнүгүүлөрдүн эңкейип жасалуучу түрлөрүн жасабоо. Курсак булчуңдарын чыгаруучу көнүгүүлөрдөн алыс болуу;
  • Ичти катырбоого аракет кылуу;
  • Жатканда жаздыкты бийигирээк жазданып жатуу;
  • Тамак ичкен соң дароо жатпоо.

Эскертүү! Эгер дарылануу жардам бербесе, анда операция жасалат.

ДАРЫЛАНБАЙ КОЙСО АЯГЫ ЭМНЕГЕ АЛЫП БАРАТ?

  • Кызыл өңгөчтүн ичкерип кетип, тамак-аштын өтүшүнүн кыйындашы;
  • Мурда жок болсо ашказандын же 12 эли ичегинин жарасынын пайда болушу. Жара жарылса ичтен кан кетет;
  • Рак оорусу.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан