Сон Кан: “САРАҢ ЭМЕСМИН, БОЛГОНУ УБАКЫТТЫ ТУУРА ПАЙДАЛАНГЫМ КЕЛЕТ”

Көпчүлүк кыздардын кыялындагы келишимдүү мырза. Актёр Сон Канга дал ушундай мүнөздөмө берсе болот. Айрымдар “кызга окшогон неме” деп кызганыч сезимин ачуу сөздөр менен билдириши мүмкүн:) Ошентсе да азыркы учурда Сон Кан Түштүк Кореянын 20 жаштан 30 жашка чейинки эң келишимдүү атактуу мырзаларынын ТОП-20сына кирет. Бирок ал келбети менен эле эмес, таланты менен да күйөрман топтой алды. Бийик, кооз үйлөрдүн архитектору болгусу келген Сон Кан кандайча кино дүйнөсүнө келип калды? Суроонун жообун макаладан табасыз.

Аты-жөнү: Сон Кан

Туулган жери: Түштүк Корея, Сувон шаары

Туулган жылы: 1994-жыл, 23-апрель

Жылдыз белгиси: букачар

Бою: 186 сантиметр

Кесиби: актёр, модель

Белгилүү дорамалары: “Сүйүүнүн белгиси”, “Жакшынакай үй”, “Навиллера”, “Билем, бирок...” жана башка

КЕСИБИН ӨЗГӨРТКӨНГӨ СЕБЕПЧИ БОЛГОН ЛЕОНАРДО ДИ КАПРИО

Сеулдун түштүк тарабынан 30 чакырым гана алыстыкта жайгашкан Сувон шаарында Сон Кандын балалыгы өткөн. Бул шаар корей футболунун мекени экенинен кабарыңыз болсо керек. Кореядагы атактуу “Сувон Самсунг Блюуингз” футбол клубунун мекени дал ушул шаар. Шаардын дагы бир жашоочусу, футбол жылдызы Пак Чи Сон “Манчестер Юнайтед” футбол клубунун оюнчусу болгон. Айтор, шаардын сыймыктана турган тургундары көп эле. Алардын арасына Сон Кан да өз ысымын киргизгиси келсе керек. Актёрдун атасы гимнаст, апасы болсо музыка мугалими. Кесип тандоого келгенде Кан архитектор же үй эмеректеринин дизайнери болом деп ойлогон. “Бийик, кооз имараттарга кызыгып, канткенде ушундай үй курса болот дечүмүн. Анан да өзгөчө дизайндагы эмеректер жагат эле. Балалыгымда мага түшүнүксүз, кызык болгон нерсеге жетүү үчүн ушул кесиптердин ээси болгум келсе керек. Кийин Леонардо Ди Каприонун “Титаник” тасмасын көргөндөн кийин келечектеги кесибим актёрлукка өзгөрүп кетти. Анан мектепти аяктагандан кийин Конкук университетинин киноискусство факультетине тапшырдым”,- дейт келечегин кино менен байлаган Сон Кан.

“ЖУМУШСУЗДУК МЕНИ ЖЕРГЕ ТҮШҮРДҮ”

“Университетти бүтсөм эле толтура киного тартылып, жылдыз болуп кетем деп ойлогом. Бирок купулга толорлук сунуш албай, дээрлик 2 жыл жумушсуз отуруп калдым. “Айдол бол, келбетиң ырчылыкка төп келет, бат эле популярдуу болосуң” деген сунуштар түштү. Бирок актёрлукту эңсеп туруп алдым. Эгер бардыгы мен ойлогондой оңой болсо жашоодо “чийки” бойдон калсам керек. Жумушсуз отурган учурум мени жерге түшүрүп, көп нерсеге көзүмдү ачты. Мурда жылдыз болгум келсе, азыр чыныгы актёр болгум келип калды”,- деген Сон Кан актёрлук тушоосун 2017-жылы “Калпычы жана анын сүйгөнү” сериалында кескен. Андан кийин бир катар сериалдарга, ток-шоулорго, ырчылардын клиптерине тартылган актёр 2019-жылы алгачкы жолу баш каармандын ролун алып, “Сүйүүнүн белгиси” дорамасына тартылган. Аталган сериал Netflix платформасы аркылуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө да тарап, жогорку рейтингди багындырган. Кыргыз күйөрмандары да Сон Канды дал ушул ролу аркылуу жакшы таанышса керек.

“ӨЗҮМДҮ ӨСТҮРГҮМ КЕЛЕТ”

Буга чейин романтикалык сулуу жигиттердин ролу менен гана белгилүү Сон Кан 2020-жылы өзүн башка амплуада сынап көрдү. 2020-жылы ужас, фантастика жанрындагы “Жакшынакай үй” дорамасы тартылып, андагы баш каарман Сон Канды “ии, таттуу жигиттин ролун эле эмес, башка образдарды да аткара алат экен” деп мактагандар чыкты.

“Менден тажрыйбалуу кесиптештеримден кеңеш сурагандан эч качан уялбайм. Кемчиликтерим профессионал адамдарга көрүнсө керек, андыктан өзүмдү актёр катары өстүрүүгө дайыма аракет кылам”,- деген актёр кумурскадай болуп эле иштеп жүрөт. 2021-жылдын эсебинен эле актёр баш каарман катары тартылган 3 сериал экранга чыкты. Жылдын башында “Сүйүүнүн белгиси” дорамасынын экинчи сезону көрөрмандардын назарына коюлган. Бул сериалдын канчалык суроо-талапка ээ экенинен кабар берет.

Ал эми март айында Сон Канды балет бийчиси катары “Навиллера” дорамасынан көрдүк. “Балет бийчиси болуу – мен үчүн дагы бир чакырык, мелдеш болду. Бүгүн сунуш алып, эртең эле макул деп тартылып баштасам окшошпой калмак. Көрөрман ишенмек эмес. Анын үстүнө өзүмдү да сынап көргүм келди. Тартуу иштери башталардан мурун 5-6 ай балет студиясына барып, сабак алып жаттым. Денемдин ийилчээк боло баштаганы, дегеле мендеги бардык өзгөрүү жагымдуу сезим калтырат”,- дейт Сон Кан.


“ИШТЕГИМ КЕЛИП ТУРГАНДА ИШТЕШИМ КЕРЕК”

2021-жылдагы Сон Кандын 3-долбоору “Билем, бирок...” сериалы. +19 категориясында экранга чыгып жаткан сериалдын рейтинги төмөн болгону менен, өз күйөрманын таба алды. Алдыда актёр “Кеңседеги катаал роман” дорамасына атактуу актриса Пак Мин Ён менен тартылары тууралуу маалымат чыкты.

Сон Кандын карьерасында адаттагыдай эле сын менен мактоо, колдоо сөздөрү жанаша жүрөт. Анын ар түрдүү образда тартылганын колдогондор, мактоо сөзүн айткандар бар. Ошол эле учурда “сунушталган ролдун баарына эле тартыла береби? Башка жаш актёрлорго орун бошотпойбу” деп сындагандар да бар. Мындай сөздөргө актёр “мен ролдорго сараң эмесмин. Болгону убакытты туура пайдаланып, иштегим келип турган кезде иштеп алайын деп жатам. Мен үйрөнө турган, жасап көргүм келген нерселер алдыда көп. Буюрса, келечекте баарыңардын ишенимиңерге кирген профессионал актёр болгонго аракет кылам” дейт.

СОН КАН ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

  • Жеке жашоосу сыр сандыкта. Сүйүктүүсү барбы белгисиз, бирок бойдок.
  • Чет элдик актёрлордон Леонардо Ди Каприо менен Том Хардинин чыгармачылыгын баалайт.
  • Ырчылардан “BTS” тобунжактырат.
  • Тартылган сериалдарынын көпчүлүгүнөн өзүн тапканын айтат. “Жакшынакай үйдө” каарманынын интроверттиги окшош болсо, “Сүйүүнүн белгиси” дорамасында эмоцияларын кантип чыгарганын, “Навиллерада” кыялын ишке ашыруу үчүн болгон аракетин жумшаган өжөрдүгүн өзүнө окшоштурат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан