Ишенген кожом сен болсоң...
Өлкөбүз өтө чоң болбогон соң шоу дүйнөдөгү ар бир кыймыл, бирөөнүн катуу жөтөлгөнүнөн бери угулуп турат эмеспи. Андыктан Жалал-Абаддагы чырдуу окуянын кабары да ошол эле күнү келип жетти. Бул кабарды окуган Мирбек Иманбеков менен Самат Дөөлөтбаковдун күйөрмандары кандай абалда калышарын элестетиш да кыйын.
“Мегаком” улам бир дубанда кеңсе ачып, анын урматына журналисттер менен жоон топ ырчыларды чакырып, чоң концерт тартуулап келе жатпайбы. Кадимки ошондой концерттердин бири чыр менен аяктаптыр.
Үйлөнүү тоюн өткөрүп, өрөпкүп турган Мирбек Иманбеков менен Султан Садыралиев Жалал-Абадда автобуста баратып ырдай башташат. Бул автобусту уюштуруучулар жалаң ырчыларга жалдашкан экен. Айтор, ал жерде улуусу-кичүүсү, эркеги-кызы болуп, баары чогуу бараткан болот. Ырларына ар кандай уят сөздөрдү аралаштыра беришкенинен улуулугуна салып тыйып коёюн дегенби, айтор, Самат Дөөлөтбаков “койгула, балдар, бул жерде силер эле эмессиңер. Кыздар да бар” дейт. Ичимдик аттууга жолобогон, дайыма сылык-сыпаа мүнөзүнөн жазбаган Саматка мындай көрүнүш ыңгайсыз сезилсе керек. Берки эки атактуу ырчыбыз аны тарбия эмес, кыр көрсөтүү катары кабыл алып, “эмне дейт? Бизди тыйып жатабы?” деп “түшүнбөй” калышат. Эртең концерт деген түнү ырчылар ой-да майрамдашат. Кызып калган Мирбек күндүз автобуста айтылган сөздү эстеп, түн ортосунда Саматты ыплас сөздөр менен сөгүп кирет. Анан “тарбияламакчы” болуп “рингге” чакырып, көзүн көгөртө койгонго үлгүрөт. “Оозунан ак ит кирип, кара ит чыкты. Ичип эле эмес, чегип да алышкан окшойт” деген сөздөрдү айтышты экөөнү ажыраткандар. Самат да жөн калбай, секирип туруп Мирбекти кулак түпкө койгон. Жалал-Абаддан соң концерт Талас шаарында болмок. Ошентип, чатактын айынан ал күнү Самат сахнага чоң кара көз айнек менен чыкса, Мирбек «казандай» шишиген кулагын көрсөтпөй капталдап ырдаган.
Бул окуяны угуп алып “биздин балдар атактуулукту көтөрө алышпайбы” деп кейибей койбойсуң. Бул жигиттердин аларды кумир тутуп, кийингенин, баскан-турганын туурап жаткан жаштарга бере турган үлгүсүбү же?..
Ар собол
Сахналаштарың менен мушташкансыңбы?
Урмат Усенов, ырчы:
– Жок, сахналаштардан эч ким менен мушташкан эмесмин. Бирок мушташкандарды көрүп жүрөм. Мындан үч-төрт ай мурун эле чыгармачылыкка тиешеси жок бир адамды жазалап коюшума туура келген. Эми ал катуу мушташ деп деле айтпайм. Өзүнүн бир туура эмес кылык-жоруктары менен жиниме аябай тийди десеңиз. Менин оюмча, кийин жанагы адам деле катасын түшүнүп калды болуш керек.
Бет карашпай калган сахналашыңыз барбы?
Назира Жетигенова, куудул:
– Тфү, тфү, Кудай сактасын, андай нерсе өмүрүмдө болгон эмес. Деги эле сахналаш адамдар менен сый мамиледемин. Урушуп кеткендерди көрүп жүргөнүм менен, өзүм эч ким менен уруша элекмин.
Мен айтышып уруша албайт эмесминби, нерв кайнаганда дароо эле чаап-чаап жиберем. Бирок бул өнөрүмдү сахналаштарга колдоно элекмин жана колдонбойм. Негизи, бет карашпай калгандан Кудай алыс кылсын.
Сахнага ичимдик ичип чыккан учуруңуз болду беле?
Мерген Турган, ырчы:
– Мен сахнага ичип чыккан эмесмин. Анткени сахнаны ыйык, таза жай катары элестетем. Негизи, ичкиликти таштап койгонума көп болду. А мурун ичип жүрчүмүн. Бирок анда деле сахнага ичип чыккан учурум болгон эмес. Негизи, колдон келсе андан алыс эле болгон жакшы. Айрыкча артисттерге бул бычак да. Канчалаган мыкты таланттар ичкиликтин айынан кете беришти. Арак ичип сахнага чыккан адамды элди, күйөрмандарды сыйлабаган адам деп эсептейм. Ошондуктан азыр чыгып келе жаткан инилериме “ичкиликтен алыс болгула!” дейм.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg