ТИШ БЕКЕМ БОЛУШУ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕР КЕРЕК?

Тишти сактоо үчүн ооздун гигиенасын сактоо менен кошо туура тамактана билүү да керек. Макала ушул тууралуу болсун.

Биз тамактанганда организмди гана эмес, организмибизде жашаган бактерияларды да кошо азыктандырабыз. Ошондуктан рационду ооздогу бактерияларга азык аз баргыдай кылып түзүү керек. Бактериялардын өсүшү, көбөйүшү үчүн кант керектелет. Тамак-ашта кант жана крахмал канчалык көп болсо ошончолук тиштин артында таш көбүрөөк пайда болот. Андыктан момпосуй, шоколад, булочка, таттуу сагыздарды өтө аз колдонуңуз. Таттуулардын ордуна жемиш кактарын жеңиз. Тамактангандан кийин тишти жууңуз.

Кээ бир тамак-аштардын курамында тиштин эмалын буза турган кычкылдар (pH) болот. Эң зыяндуусу – газдалган суусундуктар. Кариести андагы кычкылдар жаратат. Ушундай эле зыянды кычкыл ширелер да алып келет. Эгер мындай ширени ичсеңиз артынан дароо оозду жакшылап чайкаңыз.

Тиштин эмалына өтө ысык жана өтө муздактын да зыяны бар. Өзгөчө ысыкты ичип туруп, артынан муздак ичүүгө болбойт! Мындан эмалда микро жаракалар жаралат.

Тишке керектүү кальций курамында кофеин бар суусундуктарды (кофе, чай), ичимдиктерди ичкенде, тамеки чеккенде организмден бат жуулуп чыгып кетет. Муну эске алыңыз.

Тишке фтор, темир, B витамини жана кальций пайдалуу. Кальций сүт жана сүт азыктарында (өзгөчө сыр), балык, грек жаңгагы, буурчак, мейиз, өрүк как, капуста, петрушка жана башкаларда бар. Фтор сууга бышкан картошка, гречка, деңиз балыгы, нан, жаңы демделген чайда бар.

Темир жана B витамининин жетишсиздиги ооздогу жараны жаратат. Ал эми темир менен аталган витаминдин булагы – эт. С витамининин жетишсиздиги тиштин эң коркунучтуу оорусу – цингага алып келет. Цингада болсо бүйлөлөр канап, тиштер түшүп калат. Аталган витамин алма менен лимондо көп. Картошканын 20 граммында 20 миллиграмм аскорбин кычкылы камтылат, андыктан картошканы жеген пайдалуу.

Катуу тамак-аш да канчалык бир деңгээлде тишке пайдалуу. Мисалы, жашылча-жемиш, анын ичинде сабиз, чамгыр жакшы. Жашылча-жемиштин курамындагы булачалар бүйлөнү массаждайт жана тазалайт.

Тамеки чегүү шилекейдин аз бөлүнүп чыгышын шарттайт. Бул оозду таза кармоого бөгөт болот жана тиште такты жаратат. Мындан тышкары ооз көңдөйүндөгү оорулардын жаралышын шарттайт, бүйлөлөр ооруйт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nursul
2021-08-09 13:41:48
Тиш таза курт жок бирок жагымсыз жыт чыкканы эмнеден ашказанданбы?
0
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан