Флориданын пляжында BeBot роботун сынактан өткөрүп жатышат. Робот каз тамандуу, корпусунун артында таштанды салынуучу бөлүгү бар. Робот кумдарды элеп, андагы тамекинин бүчөгүн, момпосуйлардын кагазын, бөтөлкөлөрдүн капкагын жана башка таштандыларды чогултат. Робот 300 метрге чейинки аралыктан дистанциондук түрдө башкарылат. Энергияны күндөн жана өзүндөгү батарейкадан алат. 1 саатта 7 баскетболдук аянтка тең келчү аянтты тазалай алат. Сынактан ийгиликтүү өтсө Гавайи аралдарында колдонулат.
Канымжан Усупбекова