ИНТЕРНЕТТЕ 1 МҮНӨТТӨ ЭМНЕЛЕР БОЛУП ӨТӨТ?

Statista аналитикалык сайты 2021-жылдын жазында интернет колдонуучулардын активдүүлүгү боюнча инфографика түзүп чыкты. Экспарт Лори Льюистин маалыматы боюнча, интернетте 1 мүнөттө:

28 миң катталуучу Netflix`тен (фильм, сериалдар менен жабдып туруучу америкалык көңүл ачуучу компаниянын стриминг сервиси) фильм, сериалдарды көрүп отурган болот.

Instagram пайдалануучулар 695 миң “сторис” киргизет.

WhatsApp жана Facebook Messenger аркылуу 69 миллион кабар жөнөтүлөт.

Электрондук почта сервисинин колдонуучулары 198 миллион кат жөнөтөт.

Онлайн сатып алууларга 1,6 миллион АКШ доллары коротулат.

LinkedIn социалдык тармагында 9 миңден ашык иш боюнча келишим түзүлөт.

TikTok колдонуучулары 5 миңден ашык ролик көчүрүп алат жана башка.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 974, 5-11-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан