Сурма Тургуналы кызы, ырчы: «БУТ ТОСУП ЫРДАТПАГАНГА АРАКЕТ КЫЛЫШЧУ»

Ырчы Тотомидин Жолдошевдин жанында “Ошко, Ошко”, “Ай, кызым” деп созолонуп ырдаган айымды баарыңыздар эле көрсөңүздөр керек. “Жеке ырчы катары чыксам деп пландап жатам” деген Сурма Тургуналы кызы менен болгон маекти сиздерге сунабыз. Маек ырчынын чыгармачылык жолундагы тоскоолдуктары, үй-бүлөсү, таякеси менен кантип дуэт ырдап калганы тууралуу болду.

Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 24-декабрь

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Айгыр-Жал айылы

Бою – 165 сантиметр

Салмагы – 50 килограмм

Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетин бүтүргөн

Репертуарындагы ырлары – “Ошко”, “Ай кызым”, “Бишкек-Каракол”, “Эгиздердин арманы”, “Тай-тай, балам” жана башка

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулу бар

– Саламатсызбы, Сурма айым? Жакында клип тарттырдыңыздар көрүнөт?

– Саламатсызбы? Ооба, кичинекей бөбөктөргө арналган “Тай-тай, балам” деген ырга клип тарттырдык. Клипке Назым Мендебаиров режиссёрлук кылды. Бул ыр тушоо той, бешик тойлорго арналды. Карап көрсөк, уул балдарга арналган ыр азыраак экен. “Ай, кызымдай” бул дагы элдин жүрөгүнөн түнөк табат деген ишеничтемин.

– Өнөр жолуна кызыгуу сизде эмнеден улам ойгонду?

– Чыгармачылыкка кичинемден эле шыктуумун. Талант мага ата-энемден берилген. Атам комуз чертет, апам ырдайт. “Сени бешикке таңып коюп, ыр кесеге кетип калчубуз” деп азыр айтып калышат. Комуздун коштоосунда ырдап сынактарга катышып, чоңойгондо ырчы болом деп жүрчүмүн. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин элдик ырдоо бөлүмүн аяктадым. Ырчылыкты баштаганда эстрадалык ырларды фольклорго салып алып кыйналдым. Акырындан көнүп кеттим. Эстрада менен фольклорду бирге алып кетиш кыйын нерсе. Экөөнө эки түрдүү вокал талап кылынат.

– “Таалай элеси” тобуна кандайча келип калдыңыз эле?

– Топко келип ырдап калышыма апамдын тууганы Тотомидин таякемдин (ред.: Тотомидин Жолдошев) салымы чоң. Бир тойго мен комуз менен ырдап барсам, Тотомидин таякем тамада экен. Ошондо “сени топко солист кылып алайын” деди. Кийин Таалай Бектургановду эскерүү концерти менен Чаткалга бардык. Ошентип 2015-жылдан тартып топто чогуу иштеп, дуэттерди жаздырып келе жатабыз.

– Тотомидин Жолдошев экөөңөрдүн хит болгон “Ошко”, “Ай, кызым” ырларыңар кимдин идеясы менен жаралган?

– Бир акын бала “Ошко сизде орун бош го” деген жерин сунуштап калып, Тотомидин таякем жазып чыккан, обону да ага таандык. Кийин Ысык-Көлгө барып ырдап калсак бир байке “Көлгө деп деле ырдабайсыңарбы” деп калды. Анан “Бишкек-Каракол” деген ырыбыз жаралды. Негизи идеяны бизге эл берет. Бизди көргөндөр “Ошко кетесизби? Мен былтыр мындан дагы катуу айдачумун” деп тамашалап калышат. Ырды сүйүп ырдашың керек экен. “Ай, кызым” деген ырды кызымды элестетип энелик мээрим, эргүү менен ырдагам. Клиптеги кичинекей кыз Тотомидин таякемдин кызы. Экөөбүз тең кызыбызды элестетип, чын жүрөктөн ырдаган үчүн эл жакшы кабыл алдыбы деп ойлойм. Ушул ыр өзүмө абдан жагат ырдагандан тажабайм. “Ошко” ыры 8 миллиондон ашык, “Ай, кызым” 13 миллиондон ашык көрүлдү. Кийинки ырларыбыз андай деңгээлге чыга элек.

– Сахнада созулган Сурма жашоодо кандай?

– Ачык-айрым, жөнөкөй, ак көңүл кызмын. Көп учурда бирөөнүн көңүлү деп жатып өзүмдүн көңүлүм ооруп калат. Аябай берешендигим бар. Чөнтөгүмдө бир сом калгыча берип салмай жайым бар (күлүп). Бир аз кекчилдигим бар, бирөө көңүлүмдү катуу оорутуп койсо аракет кылсам дагы унута албайм.

– Ырчылыктан башка эмне иш кылууга кызыгасыз?

– Бала кезим жайлоодо өттү. Ошондон уламбы тоого, табият коюнуна эле баргым келе берет. Элдей болуп кафе, клубда эс алууну жактырбайм. Кийин жолдошум экөөбүз чабан болуп кетебиз го деп күлүп калам. Шар аккан суунун боюнда, жаратылыш коюнунда үйүм болсо, мал багып ошол жакта жашасак деп кыялданып калам. Ырчылыктан тышкары кесибим боюнча комуз, ооз комуз, чопо чоор, дастан, элдик ырлар боюнча өз алдымча сабак берип келем. Учурда шакирттерим бар. Мурун өзүм ижарага жай сүйлөшүп, окуучуларыма ошол жакта сабак өтүп турчумун. Азыр Тотомидин таякем экөөбүз жаштар үчүн студия ачып жатабыз.

– Чыгармачылык үчүн кандай курмандыкка бардыңыз эле?

– Чыгармачылык – бул оору. Ырдап, жүрөгүбүздөгү нерсени элге жеткирбесек ооруп калышыбыз мүмкүн. Андыктан курмандыктар да бар. “Ошко” ырына клип тартарда кызымды төрөгөнүмө бир айдай эле болгон. Тотомидин таякем келип “бас, клип тартабыз, турмушка чыкпа десе чыгып аласың. Эми үйгө да, тойго да, чыгармачылыкка да жетишишиң керек” деди. Апам жанымда болчу. Кызымды ага таштап коюп кеткем. Клип тартылган Төө-Ашууда тоонун шамалы уруп турду. Жакшы тыңый элек кезим эле, аябай кыйналгам. Ден соолугума зыяны тийди. Мурун эле тартылыш керек болчу. Мен кош бойлуу болгонго байланыштуу кечеңдеп тартылды. Бала менен жетишпей, чарчап кыйналган күндөр болду. Мындайда “Сурма, сен кыйынсың, баарына жетишишиң керек” деп өзүмө мотивация берип турам. Түндө кеч келип, уйкудан калганыма карабай эртең менен балдарыма, жолдошума тамак жасайм. Ысыгына күйүп, суугуна тоңуп чыдасаң чыгармачылык түшүмүн берет экен.

– Бут тосуу, атаандаштык болгонбу?

– Атаандаштык деген жаман нерсе. Мындай нерсеге университетте окуп жүргөндө кабылгам. Бизди окуу жайдан мугалимдерибиз концерттерге чыгып ырдоого жиберишчү. Ошондо жаныңдагылар эле бут тосуп, ырдатпаганга аракет кылышчу. Ачык-айрым жаным “мен муну мындай кылып ырдаганы жатам” деп жар салып жиберчүмүн. Анан башкалар менден кеңеш алып, тыпылдап барып ал ырды даярдап, жаздырып ээлеп коюшкан болот. Анан айла жок ырдабай каласың. Бул мага чоң сабак болгон.

–Алыс аймактарга чыгып ырдап жүрөсүз? Уруш-талаш болбойбу?

– Үйгө, балдарга жетишүү, чынында, абдан кыйын. Түндөп-күндөп келип каласың дегендей. Кайненем “оокатты жөн кой, ырдачу жериңе барып келегой” деп дайыма каралашып турат. Биринчи небереси болгон үчүн кызымды аябай жакшы көрүшөт. Жолдошум да чыгармачылыгымды колдоп келет. Кайын журтум, ата-энемдин колдоосу менен акырындан жетишип келе жатам.

– Жолдошуңуз кызганбайбы?

– Бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз. Үй-бүлө деген өтө олуттуу нерсе. Кызганыч үй-бүлөнү бузуп коюшу мүмкүн. Жолдошум чыгармачылыктан алыс адам, бирок “бул ыр жакшы болуптур” деп кеп-кеңеш, сын айтып турат. Ал токтоо. Менде жамгыр төгүп, чагылган чартылдап турат. Жолдошумдун ачуусу келип турганын кебетесинен эле билем да, азыр сүйлөбөш керек экен деп өзүмдү кармап калам.

– Жеке ырчы болуу оюңузда барбы?

– Албетте, жеке ырдап чыксам болот. Жеке ырдашымды күйөрмандарым дагы суранып калат. Буюрса, комуздун коштоосунда кыргыздын колоритиндеги ырларды ырдап чыгайын деген пландарым бар. Өзүм “Апа” деген ырды аткарып жүрөм, былтыр клип да тарттырдык. Бул Роза Алкожа деген казак ырчысынын ыры.

– Маегиңизге рахмат.

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
Сурма Тургунаалы кызы: "Чыгармачылыгымды кайын журтум колдойт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2021-08-17 14:22:26
Аябай эмгекчил, тарсылдаган шайыр кыз. Апасы да атасы да абдан жакшы кишилер. Бир туугандары дагы. Уйуно качан барып калсан, мизилдеп таптаза тураар эле. Апасы Гулжан эже ушак деген нерселерден алыс, адамгерчилиги мыкты. Сурма мектепте интермедияларга коп катышчу. Жакшы кулдурот. Ырдап, аккардеон тарткан агайга бул жеринде мындай кылыныз, тиги жеринде мындай кайрык кошунуз деп айтып жатканын угуп калчумун. Сурма сага бийиктиктерди каалайм. Ойлорун орундалып, оорубай ден соолукта жур. Бакыт!
+2
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан