15 МИҢ ДОЛЛАР МЕНЕН ҮЙГӨ ЭЭ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ? АНДА ЧЕМПИОН БОЛ!

Жергиликтүү кабарлардан

Гуанчжоу-2010
15 МИҢ ДОЛЛАР МЕНЕН ҮЙГӨ ЭЭ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ?
АНДА ЧЕМПИОН БОЛ!
8-ноябрда “Гуанчжоу-2010” XVI Азия оюндарына спортчуларыбызды узатуу салтанаты болду. Иш-чара КРнын Президентинин иш башкармалыгынын №1-резиденциясында өтүп, ага президент Роза Отунбаева өзү катышты. Ошондой эле спортчуларыбызга ийгилик каалагандардын арасында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Алмаз Касенов жана УОКтун президенти Мурат Саралинов да болду. Президент айым өз сөзүндө: "Мелдештерде дайыма балбандар, мушкерлер жана жеңил атлетчилердин медалдарды жеңүүсү салтка айланган. Эми башка спорт түрлөрүнөн да чемпиондор чыкса..."- деген тилегин билдирди.
Спорт агенттигинин маалыматы боюнча, Гуанчжоуга (Кытай) барчу КРнын улуттук курама командасына спорттун 22 түрү боюнча 145 спортчу кирди. Кызыктыруучу сыйлыктарга токтолсок, 1-орунга 15 миң доллар, 2-орун үчүн 10 миң жана коло медаль үчүн 5 миң доллар убада кылынды. Мындан тышкары Бишкектин мэриясы алтын медаль жеңип алган спортчуга борбордон 1 бөлмөлүү үй убада кылды.
Курама командабыздын алдында мурдагы жетишкендиктерди басып өтүү милдети турат. Алсак, акыркы “Доха-2006да” спортчуларыбыз 6 медалга ээ болушкан. Ал эми эң ири жетишкендик “Бусан-2002ге” таандык. Ошондо өлкөбүз 12 медаль уткан эле. Курама командабыз Кытайга 10-ноябрда сапар алды. Ал эми мелдеш 12-25-ноябрь күндөрү өтөт.
Маалымат үчүн: Азия оюндары (Азиада деп да аталат) – Азия спортчуларынын катышуусунда 4 жылда бир өтүүчү мелдеш. Алгачкы оюндар 1951-жылы Нью-Делиде (Индия) өткөн. Азиаданы уюштуруу Индиянын Олимпиадалык комитетинин демилгеси менен 1948-жылы кабыл алынган.


Түрк дүйнөсү-2010
БАЛБАНДАР МЕНЕН БАСКЕТБОЛЧУЛАР КЕРЕККЕ ЖАРАП...
Өткөн саныбызда кабарлангандай, 25-октябрдан 1-ноябрга чейин студент-спортчулардан түзүлгөн курама командабыз “Түрк дүйнөсү” деп аталган түрк тилдүү улуттардын I Олимпиадасына катышып келди. Мелдештер Анкарадагы Гази университетинин спорттук базаларында спорттун 6 түрү боюнча өткөн. Мелдеш өткөн жайларда Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан өңдүү өлкөлөрдүн туулары желбиреп турса, белгисиз себептерден улам Өзбекстан менен Түркмөнстан Анкарага спортчуларын жөнөтүшкөн эмес.
Түркияга бир үй-бүлө болуп барып келген студенттик командабыз маалымат жыйынына да толук курамы менен уюшкандыкта чогулушту. КРнын Студенттик спорт федерациясынын президенти Шаршен Рахимович келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштарыбызды сыймыктануу менен тааныштырып, аларга колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал “Түрк дүйнөсү” Студенттик Олимпиадасы эми 2 жылда бир өтөрүн билдирди. Эмки мелдеш 2012-жылдын май айына пландаштырылганы маалым болду.
Натыйжаларга токтолсок, грек-рим күрөшү боюнча Азат Бейшебеков 84 килограммда алтын медалды жеңип алса, Тынчтык Токторбаев (96) күмүш, ал эми Атай Койчукулов (66), Темирлан Таиров (74), Элдияр Бегалиевдер коло медалдарга татышкан. Экинчи алтын медалды баскетбол боюнча эркектер курама командабыз утуп алганын жазганбыз. Ошентип, спорттун башка түрлөрүн кошкондо, өлкөбүз баш-аягы 14 медалга ээ болуп кайтты.


Футбол
“НЕФТИЧИЛЕР” КАНЧА АКЧА ИШТЕП ТАБЫШТЫ?
30-октябрда Жалал-Абад облусунда КРнын чемпиондугун жеңип сенсация жараткан кочкор-аталык “Нефтичинин” футболчуларын сыйлоо салтанаты уюштурулду. Футболчулар бир күн кечке Кочкор-Ата-Ноокен, Базар-Коргон-Сузак-Жалал-Абад маршруттары боюнча жеңиштик жүрүш жасап, облусту түрө кыдырышкан. Жеңишке жетишип, аймактын атын чыгарганы үчүн командага көптөгөн сыйлыктар тапшырылды.
Алсак, Кочкор-Атанын мэриясы 100 миң сом, Ноокендин акимчилиги 200 миң сом, Жалал-Абад шаарынын мэриясы 200 миң сом, Жалал-Абад облустук администрациясы 200 миң сом акчалай сыйлык менен сыйлоону чечишкен. Облустун спортуна сиңирген эмгеги үчүн Бектур Асанов “Кыргызнефтегаз” ААКсынын жетекчиси Каныбек Масировду, “Нефтичи” спорт комплексинин директору Калдарбек Абдразаковду жана “Нефтичинин” менеджери Медер Сыдыковду Ардак грамота менен сыйлады.
Ошентип, жогорудагы акчалай сыйлыктарды жана “Кыргызнефтегаз” төлөп берген каражаттарды эске алганда, “Нефтичинин” жетектөөчү футболчулары бир унаанын акчасына жетчү кирешеге ээ болушканы маалым болду.
Учурда команда 10-декабрга чейин татыктуу эс алууга тараган. Январдын ортосунда Москвада өтүүчү КМШ өл­кө­лөрүнүн чемпиондорунун кубогуна даяр­дык дал ушул датадан башталмакчы. Команда жетекчилиги аталган мелдешке отуз пайыздык жаңыланган курам менен барууну пландаштырган. Бул үчүн курамга кыргызстандык футбочулардан тышкары орусиялык жана нигериялык футболчуларды кошуп алуу аракеттери жасалууда.


Элесине гүлдесте
ОСЬМИНОГ ПАУЛЬ ТУЯК КАЛТЫРЫП КЕТТИБИ?
Өткөн аптада “ЮАР-2010дон” кийин бүт дүйнөгө таанылган Пауль аттуу осьминогдун өлүмү шамалдай тараган эле. Паулдун өлүмүнүн себеби айтылбаса да, осьминогдор орто эсеп менен 2 жыл жашаарын жана анын 2008-жылы январда туулганын эске алсак, баары түшүнүктүү эмеспи.
Пауль дүйнөгө “ЮАР-2010до” көзү ачыктыгы менен кеңири таанылган. Ал 8 оюндун натыйжасын алдын ала так көрсөткөн. Мундиалдан кийин Пауль башынан көп нерселерди өткөрдү. Өзгөчө ал жеңилет деген командалардын күйөрмандары аны өлтүрөбүз дегенге чейин барышты. Натыйжада Паулга жан сакчы да бекитилген. Мындан тышкары кыска "карьерасында" аны кандай гана кептер ээрчиген жок. Түрдүү басылмаларда “Пауль эркек эмес, ургаачы. Мундиалда 1 миллион доллар акча иштеп тапты. Кимде-ким осьминог Паулдан жасалган тамакты жесе, көзү ачыкка айланат” деген тастыкталбаган маалыматтар чыгып жатты. Ушул сыяктуу кептер таасирин тийгиздиби, айтор, Пауль о дүйнөгө кете берди. Эгер ал тирүү болсо, болочок Дүйнө чемпиону же АКШнын президенти ким болорун айтып бермек беле?
Пауль чын эле көзү ачык беле же анын артында бир сыр жатабы? Бул тууралуу германиялык футбол машыктыруучу Бернд Штанге мындай деп билдирди: “Мен Пауль жөнүндөгү жомокко ишенбейм. Ал – акча табуу үчүн жасалган пиар. Футбол тарыхында сейрек кездешүүчү укмуштуудай идея!” Мындай пикирге кошулбаска арга жок. Анткени Паулдун өлүмүнөн көп өтпөй Оберхаузендеги океанариум ээлери башка көзү ачык осьминог пайда болгонун кабарлай баштады. Эмнеси болсо да, Паулдун ушунчалык популярдуу болгонун ага эстелик тургузулганы жатканынан билсек болот.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
happykyz
2010-11-13 13:48:30
formalary jakwynakai eken. baldarga kalpak olo jarawyptyr, IIGILIK SILERGE!!!!!
0
kalba
2010-11-14 13:50:59
Роза айымдын белдемчисине 5 деген баа! Азаматсыз,накта кырыздын кийими!!!
0
begame
2010-11-16 17:32:13
программа
0
MTB
2010-11-16 21:57:45
Азамат КУБИК БАЙКЕ АЛДЫГА ОРКУНДО ОС ИЙГИЛИК КААЛАЙМ
0
№ 419, 12-18-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан