БИР БҮРКҮМ. АКАЕВ ӨЛКӨДӨН ЧЫГЫП КЕТТИ...

  • БШК: Бишкектин мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды.
  • Ош шаарына Кытайдан медициналык жабдуу түрүндө гуманитардык жардам жеткирилди.
  • Жээнбек Кулубаев президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
  • Ош аэропортунун кире беришине мыйзамсыз орнотулган тосмо алынды, ал жерде автоунаалардан негизсиз төлөм алып жүргөнү аныкталды.
  • Парламент депутаты Умбеталы Кыдыралиев “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Орусияда 31 жаштагы Кыргыз жараны мекендешин – 14 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жатканы маалымдалды.
  • Өткөн аптада Бишкекке келген мурдагы президент Аскар Акаев кайра Москвага учуп кетти.
  • 4-9-август күндөрү Тажикстанда Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
  • Буга чейин президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген Дастан Дүйшекеев Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси болуп дайындалды.
  • Бишкекте соода түйүнүндө орус тилинде жооп бергени үчүн сатуучу кызга кол көтөргөн жаранга УКМК эскертүү берди.
  • Жеңиш чокусунун аймагында Ирандын 2 жараны дайынсыз болуп изделүүдө.
  • Рахат Керимбаева Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
  • Ош шаарында өз өмүрүн кыюу үчүн 5-кабаттан секиргени жаткан кыз куткарылды.
  • Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев Америка бийлигинен Кыргызстанды өнүктүрүү программасынын алкагында жардам көрсөтүүнү өтүндү.
  • “Ысык-Көл Аврора” санаторийи президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөнү маалымдалды.
  • Орусияда компаниялардын бири Кыргыздын 49 жаранына маяналарын бербей жүргөнүн, бул иш териштирилип жатканын Орусиядагы Кыргыз элчилиги билдирди.
  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Украинанын Кыргыз жериндеги элчиси Валерий Жовтенко эки өлкөнүн кызматташтыгын күчөтүүнү талкуулашты.
  • Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгы Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев тарабынан текшерилди.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан