КОКА-КОЛА МЕНЕН КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ!

“Кока-Кола Кыргызстан” компаниясы – «Кыялыңды орундат!» жарнамалык акциясынын башкы байгесинин эң алгачкы жеңүүчүсүнө 2021-жылы чыгарылган Hyundai Creta үлгүсүндөгү автоунааны салтанаттык түрдө тапшырды. Салтанаттык байгелерди тапшыруу аземи белгилүү блогерлердин катышуусу жана чакан концерт менен коштолду. Азем шаар ичинде өткөн салтанаттуу кортеж менен аяктады.

"Кока-Кола Кыргызстан" компаниясы баш байгенин эң алгачкы жеңүүчүсү Мелову Шамилди чын жүрөктөн куттуктайт жана кубануу менен баш байгенин экинчи, үчүнчү жеңүүчүлөрүн жарыялайт.

АВТО сөзүн чогултуп, капкактарды өз убагында каттатып, уюштуруучунун кеңсесине кайрылышкан Баткен аймагынын тургуну Низамиддин уулу Бекболот баш байгенин 2-жеңүүчүсү, ал эми Бишкек шаарынын тургуну Минкеев Руслан Рафикович 3-жеңүүчүсү деп табылды.

2021-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин "Кока-Кола Кыргызстан" компаниясы түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн берген «Кыялыңды орундат!» жарнамалык акциясын өткөрүүдө. Бул жарнамалык акцияга 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат. Калган 74 Samsung S21 смартфондордун бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн «МОБ» сөзүн, 72 велосипеддин бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн «ВЕЛ» сөзүн чогултуу зарыл.

Баса айтып кетчү нерсе, жарнамалык акция аяктагандан соң уюштуруучулар байгелерин ала элек жеңүүчүлөрүн дагы 3 ай күтөт (31.08.2021-30.11.2021).

КИЙИНКИ БАЙГЕ ЭЭЛЕРИНИН ТИЗМЕСИ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан