БОЛЛИВУД ЖЫЛДЫЗЫ БОЛУУНУ КЫЯЛДАНГАН ЭБРУ ШАХИН

“Жеңил ой” сериалында Рейян башынан аягына чейин эле көп ыйлайт эмеспи. Анан ата-энем менин психикалык абалыма көп санааркашты. Чынында эле Рейяндын тагдыры оор. Андай окуяны башынан өткөргөн адам жинди болуп кетсе керек. Бирок менин каарманым күчтүү эле, анан да ортодо чыныгы сүйүү бар болчу. Татаал тагдырга кабылып, бирок назик, аруу, боорукер, күчтүү айым бойдон калган адамдын образын жаратуу мен үчүн сыймык болду”,- дейт актриса Эбру Шахин. Сөз ким жөнүндө болорун баамдадыңыз да. Түрктөрдүн популярдуу “Жеңил ой” сериалынын жылдызы Эбру Шахин макалабыздын башкы каарманы.

Аты-жөнү: Эбру Шахин

Туулган жери: Түркия, Стамбул шаары

Туулган жылы: 1994-жыл, 18-май

Жылдыз белгиси: букачар

Бою: 166 сантиметр

Салмагы: 54 килограмм

Кесиби: актриса, ырчы

Тартылган белгилүү сериалдары: “Стамбулдук келин”, “Тыюу салынган жемиш”, “Жеңил ой”

СПОРТЧУ БОЛМОК...

Башка кыздар мектепке барарда апасына кооз, тыпыйган туфли саттырып алса, Эбру ролик алдырган. Ооба, ал 7 жашынан эле мектепке ролик тээп бара турган. Сабагы бүтөрү менен муз аянтчасына жетип, коньки кийип алып муз үстүндө чимирилип бийлээр эле. 11 жашынан жеңил атлетикага кызыгып чуркап баштады. Андан кийин баскетбол, волейболду да катыра ойноду. Спортту сүйгөнү ушунчалык, мектепти аяктагандан кийин Стамбулдагы спорт академиясына тапшырган. “Окуумду аяктагандан кийин спорт комментатору, машыктыруучу болуп иштеп жүрдүм. Бирок... Кесибимдин көңүлүмө туура келбеген жактары чыга баштады. Спортто көпкө жүргөн айымдар бара-бара эркек мүнөз адамга айланып, келбетинде да назиктик жоголуп кетерин байкадым. Же мага эле ошондой сезилдиби, билбейм”,- деген Эбру кесибин алмаштырууну чечет.

БОЛЛИВУД ЭМЕС, ТҮРК ЖЫЛДЫЗЫ

Кичинесинен Индия кинолорун көрүп чоңойгон. Андыктан Болливуд жылдызы болуу кыялы мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Эбру жакшы ырдайт, бул таланты апасынан өтсө керек. Негизи эле музыка, кино, адабият, искусство жаатында дүйнө таанымына апасынын кошкон салымы зор. Спорттук карьерасынан баш тарткандан кийин апасы менен кеңешип актёрдук чеберчилик боюнча билим ала баштайт.

2016-жылы чыккан “Канга боёлгон акча” сериалында анын дебюттук ролуна күбө боло аласыз. Андан кийин “Аскер”, “Менин атам” сериалдарына тартылган. Бирок ага мекенинде ийгилик алып келген “Стамбулдук келин” сериалы болду. Ал эми Эбруга дүйнөлүк атактуулук алып келген “Жеңил ой” сериалы экени талашсыз. Дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнө сатылып, жогорку рейтингди багындырган сериал учурда кыргыз телеканалдарында көрсөтүлүп жатат. Актёрдук карьерасында сан-түмөн роль аткарып, көп жылдык тажрыйбага ээ болбосо да, Эбру Шахин сериалда каарманы Рейян Шадоглунун образын жогорку деңгээлде ачып бере алган.

“ЖЕҢИЛ ОЙ”. ТАСМА СЫРТЫНДАГЫ ЭБРУ

“Жеңил ой” сериалында жаңырган ырлардын бир тобун Эбру Шахин аткарган. Андыктан анын актрисалык эле эмес, ырчылык өнөрүнө да күбө болууга мүмкүнчүлүк бар. Тартуу иштери башталарда актрисага ат минген, айрым учурда ат чаптырган эпизоддор болорун айтышкан. Ат чапканды үйрөнүү Эбрунун дагы бир балалык кыялы эле. Андыктан кубануу менен бул кыялын да ишке ашырган. 2019-жылы Рейян Шадоглунун ролу үчүн Эбру Шахин карьерасында биринчи кино сыйлыгын алып, “Эң мыкты актриса” наамына татыды. Андан сырткары сериалдагы өнөктөшү Миран Асланбей (актёр Акын Акынөзү) экөө “Мыкты өнөктөш” да аталышкан. 2021-жылдын 25-апрелинде 69-серия менен “Жеңил ой” сериалы аяктады.

ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТКАНБЫ?

Атактуулук менен кошо сын келет эмеспи. Учурда Эбрунун келбетине, жүзүнө суктангандар, ошол эле учурда “мунун баары пластикалык операциянын жемиши” деп сын айткандар да көп. Бир катар маалымат булактары Эбрунун мурунку жана азыркы сүрөттөрүн салыштырып “мурдуна пластикалык операция жасаткан” деп жазып чыгышкан. Бирок Эбрудан ак же көк деген жооп болгон эмес.

Актрисанын жашоосунун маанилүү бөлүгүн спорт ээлейт. “Спорт физикалык жакка караганда, психикалык ырахат тартуулайт. Маанайым чөгүп турганда медитация кылып же спорттун башка түрү менен алектенсем кадимкидей өзүмө келип калам” деген актриса учурда йога, фитнес, пилатес, кикбокс менен машыгат. Андан сырткары туура тамактанып, айына бир жолу организмин тазалоо үчүн детоксикация ыкмасын жасап турат. Андан сырткары таза абада сейилдеп, музыка укканды да унутпайт. Эгер биз дагы Эбру жасаганды жасасак, анын келбетине сын айтпай, өзүбүздүн келбетибизге суктансак керек.

КАЧАН?

Акыркы жаңылыктардан: Эбру Шахиндин күйөрмандарына кубанычтуу кабар. Актриса тарыхый жанрдагы “Уламыш” сериалына тартылууга макулдугун берди. Сериалдын жаратуучулары буга чейин “Кайра жаралуу: Эртугрул”, “Османдын негизделиши” жана “Элчинин кызы” сындуу бир катар популярдуу сериалдардын үстүндө иштеген продюсер, сценаристтер. Андыктан “Уламыш” сериалы да кызыктарга бай болот деген ишеним күч.

Күйөрмандарды кызыктырган дагы бир суроо: Эбру качан күйөөгө чыгат? Эбру Шахиндин жигити дүйнө жүзүнө белгилүү баскетболчу, Улуттук баскетбол ассоциациясынын (НБА) «Кливленд Кавальерс» клубунун оюнчусу Жеди Осман экенинен кабарыңыз бардыр. Эки жаш бири-биринин ата-энеси менен таанышып, чет мамлекеттерде чогуу эс алып жүрүшөт. Экөөнүн мамилеси сырттан караган адамга олуттуу нукка бурулуп, үй-бүлө курууга аз убакыт калгандай эле сезилет. Бирок эки жаштан расмий жооп жок. Ошентсе да айрым маалымат булактарында Эбру менен Жединин үйлөнүү тою ушул жылдын күз айларына пландалып, той Чешме эс алуу жайында өтөт деген божомолдор бар.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан