КАНАДА - ЖАШООГО ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ӨЛКӨ

Канада – бир канча кылымдык тарыхы бар, жаратылышы суктанарлык, өнүккөн өлкө. Британиянын экс-ханзаадасы Гарри титулунан баш тарткандан кийин үй-бүлөсү менен жашоо үчүн тандаган бул өлкөгө саякат жасайлы.

Аянты – 9 984 670 чарчы чакырым

Борбору – Оттава

Ири шаарлары – Торонто, Ванкувер, Монреаль

Калкынын саны – 38 миллиондон ашык (2021-жыл, январь)

Расмий тилдери – англис, француз

Башкаруу формасы – парламенттик монархия

Дини – христиан

Акча бирдиги – Канада доллары (67,79 сом – 09.08.2021)

АЯНТЫ ЖАГЫНАН ЭКИНЧИ ОРУНДА

Түштүк тарабынан АКШ менен чектешкен Канаданын калган 3 тарабы 3 океан менен (Тынч, Түндүк муз, Атлантида) курчалган. Түндүк Америка нын жарымын ээлеп, аянты жагынан дүйнөдө 2-орунда турган федералдык мамлекет.

Экономикалык, саясий туруктуулуктун, социалдык жактан деңгээлинин жогорулугуна карап БУУ жашоого эң ылайыктуу өлкө деп белгилеген. Билим берүү тармагына өтө басым жасашат, орто курактагы адамдардын 60 пайызга жакыны жогорку билимдүү. Ошондуктан Канаданын университет, колледждери суроо-талапка ээ, перспективдүү деп саналып, Кыргызстандан барып окугандар көп. Бул эле эмес, жашоо узактыгы (орточо 80 жаш) боюнча да алдыда.

ЖУМУШСУЗДАРГА 900 ДОЛЛАР ЖӨЛӨК ПУЛ

Жаратылыш ресурстарынын запасы кенен Канада учак жана автоунаа чыгаруу, кен байлыктарын, тамак-аш, токой чарбасын, мунай, газ өндүрүү менен экономикасын күчтөп келет.

Орточо айлык акы 3 миң доллар. Жумушсуз жана үй-жайы жок жарандарына, Канаданын мыйзамына ылайык, айына 900 доллар жөлөк пул берилет. Алар өмүр бою бул мүмкүнчүлүктөн колдонуп иштебей да коё алышат. Бардык товар жана кызмат көрсөтүүлөргө 7-15 пайыздык бирдиктүү салык коюлган. Соода кылсаңыз, же тамактансаңыз жалпы суммага 7-15 пайызга чейинки салык кошулуп эсептелет.

КУЛАГАН БАККА ДА ТИЙҮҮГӨ БОЛБОЙТ

300дөн ашык улуттук парк, миллиондон ашык чоң, кичине көлү, андан тышкары өсүмдүк, жан-жаныбарлардын түрдүүлүгү туш тараптан туристтерди өзүнө тартып турат. Көпчүлүгү кышы жомоктогудай кооз, 400 жылдык тарыхы бар Квебекке, түркүн-түстүү көңүл ачуучу жерлерге бай Монреалга, жоогазынга бай Оттава шаарына, дүйнөдөгү эң чоң шаркыратма жайгашкан Торонто шаарына, ошондой эле жаратылышы менен суктанткан Калгари, Ванкувер, Виктория шаарларына барышат.

Канадалыктар экологияга өтө аяр мамиле кылышат. Канаданын мыйзамына ылайык, даракты кыюу бул жакта калсын, качан кулаганы белгисиз болгон бакка да тийүүгө болбойт.

ИММИГРАНТТАРДЫН ӨЛКӨСҮ

Жыл сайын бир эле шаарына 10 миңдей мигрант келет. Аларга түзүлгөн шарттар да жакшы. Алсак, Торонто шаарына келген мигрант улутуна жараша кварталда жашай алат. Индия, Кытай, Италия, Украина жана башка кварталдар бар. Өз желектери илинип, квартал да улуттук өзгөчөлүккө жараша жасалгаланган. Кыскасы, өз мекенинде жүргөндөй эркин жүрүүгө болот.

Түрмөдөгү адамды камсыздоого 115 миң доллар бөлүнөт

Кылмыштуулук жокко эсе, демек, коопсуз өлкө. Түрмөгө камалган 1 адамды камсыздоого жылына 115 миң доллар каралган. Ал эми ал аял киши болсо 175 миң долларга, изоляцияда жатса 250 миң долларга көтөрүлөт. Каражаттын 3 миң доллары кылмышкердин билим алуусу үчүн жумшалат. Бул сумма атактуу Гарвард университетине окуу үчүн төлөнгөн (орточо 65 миң доллар) акчадан эки эсе көп.

АЛКОГОЛДУК ИЧИМДИК ДЭЭРЛИК ИЧИЛБЕЙТ

Балдардын тарбиясына жана билимине басым жасашат. 12 жашка чейинки баланы үйгө жалгыз таштоого болбойт. Мындай көрүнүш болуп же кайталанып баштаса жоопкерчиликтен качып жатат деп ата-энеси менен соцкызматкер иш алып барат. Эли дайым күлүп жүргөн сыпайы, токтоо адамдар. Катуу сүйлөшүү же урушуу, бирөөнүн сөзүн бөлүү деген жок.

Алкоголдук ичимдик дээрлик ичилбейт. Бир айда бир жолу аз өлчөмдө гана татышат. Тамеки чегүүгө да көпчүлүк коомдук жайларда тыюу салынган. Ичимдик ичип унаа башкарган учурда кармалып калса айдоочулук күбөлүгүн алып, айып пул төлөтүп тим болбостон, атайын автомектептен кайра окутушат. Андан соң унаасына үйлөп ичпегени такталганда гана от алчу девайс орнотуп коюшат.

КЫСКАЧА...

  • 1867-жылы эгемендүүлүгүн алган. Ага чейин башка өлкөлөрдүн курамында болуп келген.
  • Хоккейдин мекени. Кичине баладан карыган кишиге чейин коньки тээп, хоккей ойной алышат.
  • Балык жана мал этин, макарон менен сырды италяндар сыяктуу тамак-ашында көп колдонушат.
  • Дүйнөдөгү эң чоң шаркыратма – Ниагара Канада менен АКШнын чек арасында орун алган.

Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан