АТАКТУУ РЕЖИССЁР БОЛОТ ШАМШИЕВДИН МУРАСЫ ТАЛАШТАБЫ?

Кыргыз кереметин жараткандардын бири, “Ак кеменин” атасы болгон Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Шамшиевдин каза болгонуна бир жарым жыл болду. Залкардын жубайы Ая София Шамшиева коомчулукка кайрылып, анын жашы жете элек кичине балдарынан Болот Шамшиевдин биринчи никесинен төрөлгөн улуу балдары мурас талашууда дейт.

“ДАРБАЗАДАН ЧЫККАН ЧЫР”

– Мен атактуу кинорежиссёр Болот Шамшиевдин мыйзамдуу жубайымын. Биздин үч балабыз бар. Улуу балабыз быйыл 13 жашка чыгат, экинчиси 11 жашта, үчүнчүсү быйыл 8 жашка чыгат. Элге маалым болгондой, Болот Төлөнович менен актриса Айтурган Темированын ортосунда эки баласы бар.

Жолдошум каза болгондон кийин анын мүлкү алты адамга бөлүнгөн, мурунку никедеги эки баласына, биздин үч балабызга жана мага. Мыйзам боюнча улуу балдары биздин балдарыбыз 18 жашка чыкканга чейин өздөрүнө бөлүнгөн мүлктү бөлүп ала алышпайт. Менин оюмча, алар балдар 18 жашка чыкканга чейин күткүсү келбей ар түрдүү жолдорго барып жатышат.

Болот Төлөновичтин ата-энесинен Таш-Мойнок айылында дача калган. 14 жыл мурун ал үй өрттөнүп кеткен. Учурда урандылар бар, жарык жок, дарбазаны да кийин орнотконбуз. Чыңгыз Шамшиев (ред.: Болот Шамшиевдин биринчи никесиндеги баласы) бул иштердин бирин да кылган эмес, дачаны биз карап турчубуз. Жаздан бери бир нече жолу ал дарбазаны кесип, кулпуну алмаштырып башка кулпу салып кетиптир.

Учурда ал жерде менин туугандарым жашайт, анткени чарбакты карап туруусун өтүнүп өзүм айткан элем. Туугандарым дарбазаны өз акчаларына эки жолу оңдоду. Кайра-кайра эле ушундай болуп жатат. Бул иш боюнча мен Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазгам, арыз каралбай турат. Коңшулардын айтымында, Чыңгыз бул жерге Болот Шамшиевдин музейин негиздейт экен. Каршы эмесмин, өзүнө тиешелүү жерди кестирип алып музей кыла берсин!

Болот Төлөнович биринчи никесиндеги кызы менен уулуна үй, машина алып берген, үлпөт тойлорун өткөрүп берген. Чыңгызды Францияда окутуш үчүн чоң суммада акча короткон. Бул нерсе аларга азбы? Тун уулум менен Чыңгыздын ортосунда 30 жаш айырма, кызым менен Сүйүтайдын (ред.: Болот Шамшиевдин биринчи никесиндеги кызы) ортосунда 40 жыл айырма бар. Кичинекей инилеринен, өзүнүн балдарындай жаштагы балдардан кантип мүлк талашып жатат?

Атасы ооруканада жатканда Чыңгыз сөз берген. “Чыңгыз, балдарды кара” деп айтканда, “ооба, карайм” деген. Караганы ушубу?

“БАЛДАРЫ МҮЛКТҮ БӨЛӨТ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН”

– Мен жолдошумдун улуу балдары мүлктү бөлөт деп ойлогон эмесмин, күйөөмдүн кыркы болуп бүткөнчө үйдөн чыкпай отурдум. Ал учурда кызы менен баласы адвокат жалдап өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү алып барып жеке нотариуска документтерди өткөрүп коюшуптур. Сүйүтай мага уялбай эле мүлктү бөлүшөбүз деди. Атасынын болгон мүлкүн эсептеп чыгышыптыр. Ага азыр биз жашап жаткан үч бөлмөлүү батир, дача, "Салам-алик" фирмасына таандык 12 гектар жер тилкеси, “Дордой” базарында жайгашкан контейнер жана автордук укук кирет. Баарын алты бөлүккө бөлөбүз дешти, бөлүштү.

Андан тышкары жолдошум каза болгондон кийин Чыңгыз атасына белек кылган автоунааны доолап баштады. “Белекти кайра доолай турган болсоңор, 2016-жылы Болот Төлөновичтин юбилейине чогулган акчанын баарын силер алгансыңар, ошону бергиле” дедим. Баасы 2500 доллар турган саатты атасы Чыңгызга белек кылган, ошону бергиле дедим.

Жерге берүү зыйнаты болуп жатканда Чыңгыз менин телефонума жарым саатта 30-40 жолу чалып жиберди. Алсам “нике тууралуу күбөлүк, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү сүрөткө тартып салып жибер” деди. Көрсө, ал биздин документтер менен 350 миң сом мамлекеттик жардам алган экен.

“АТА-БАЛАНЫН МАМИЛЕСИ НАЧАР БОЛЧУ”

– Болот Төлөнович менен баласы Чыңгыздын мамилеси кийинки убактарда жакшы эмес болчу. Жолдошум китеп жазып, анын бет ачары болгондо баласы келген эмес. Бир жолу түн ичинде Чыңгыз келип атасы менен урушуп, эшикти тарс жаап кетип калган. Атасына белек кылган машина өзүнүн аялынын наамына жазылуу экен, аны көрүп калып Болот Төлөнович аябай жини келип, ооруп калган. Кичине балам “атамды Чыңгыз байкем келип уруша берет” деп ыйлаган эле. Болот Төлөнович эмнеге мүлктөрдү менин атыма жаздырган жок? Жолдошумдун ден соолугу жакшы болчу, “өлүп калам” деп такыр ойлогон эмес. Эки эркек балабызды Америкага окутабыз деп даярданып жүргөнбүз. План боюнча, бул жактагы үй менен дачаны сатып Америкада жашамакпыз. Бирок ооруп калып ал кыялына жетпей калды.

Атактуу фамилияны алып жүрүп, залкар адамдын аялы болуп туруп бул чыр менен коомчулукка кайрылыш мага оор болду. Бирок акыркы учурда балдарымды, өзүмдү сакташ керек болуп турат. Бир жылдан бери мага кара кийинген, кара бет кап тагынган жигиттер келип “Дордой” жакта жериңер бар турбайбы, көрсөтүңүз, арендага алалы дегенбиз, сатып алалы дегенбиз” деп түрдүү сунуштарды айтып келип жатышат. Мен жооп бербей койсом коркуткан СМСтерди жазышты (ред.: сөз “Салам-алик” деген фирмага караштуу 12 гектар жер тууралуу болуп жатат). Ал дагы мураскерлерине алтыга бөлүнгөн. Мына ушул нерселерден улам коомчулукка ачык айтып чыгууга мажбур болдум. Менин акчам жок, таасирдүү адам эмесмин, таанышым да жок. Чыңгыздын тааныштары бар үчүн арызым каралбай жатат. Ошондуктан абалды ачык айтып чыгууну туура көрдүм.

БОЛОТ ШАМШИЕВ ТУУРАЛУУ

Шамшиев Болот Төлөнович советтик жана кыргызcтандык кинорежиссёр жана сценарист. СССРдин Эл артисти жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти. 1941-жылы 12-январда Бишкекте туулган. 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамын алган. Атасы Төлөн Шамшиев кыргыздын Совет доорундагы таанымал акыны болгон. Болот Шамшиев 1965-жылы "Манасчы" даректүү тасмасын, 1969-жылы "Караш-караш окуясы" көркөм тасмасын, 1972-жылы "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын тарткан. 1975-жылы чыккан "Ак кеме" фильми кийинки жылы СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Бул чыгарма атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестине негизделген. 1980-жылы "Эрте келген турналар" жана 1984-жылы "Бөрү зындан" көркөм тасмасы тартылган.

Кинорежиссёр Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевди кыргыз киносунун берметин жаратуучулары, кинонун генийи десек болот. Шамшиев Кыргызстанда (1990-1994) Жогорку Кеңештин депутаты да болгон. 2002-жылга чейин Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу болуп иштеген.

Биз чырдуу окуянын каармандарынын экинчи тарабына кайрылдык. Экинчи тарап "бул сөздөргө теңелип жооп бербейбиз" деп жооп узатып, комментарий берүүдөн баш тартты.


Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Mirnar
2021-08-16 13:07:48
Бети жоктор ! Кичинекей балдардан талашпай эле Ак эмгеги менен эле байлык ашына беришпейби? Аллахым ушул кичинекейлерге кен келечек берсин, акылсыз ага, эжеси ушуларга жалдыраган кун келсин!
+5
Nursul
2021-08-18 17:09:24
Ушундай атактуу адамдын үй бүлөсү ушул кылганы уят эле. Кичинекей бир туугандарына каралашкандын ордуна мүлкүн талашып атканы уят.
+2
Datka7777
2021-08-21 22:04:26
Барактын экинчи жагын берсенер да болмок!
0
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан