КАНАТТУУ ГЛАДИАТОРЛОР

Урушчаак короздор илгертеден багылып, аларды уруштуруу кумар жана киреше табуучу булак катары каралып келет. Тарыхка кайрылсак андай мелдештер алгач Римде жана Грецияда ак сөөктөрдүн көңүл ачуучу оюну катары өткөрүлө баштаган. Кийин дүйнөгө тараган. Урушчаак короздордун кандай породалары бар, кантип багып, мышыктырат? Жоопту макаладан табасыз.

“УРУШЧААК КОРОЗДОР АГРЕССИВДҮҮ КЕЛИП, КОРКУУ, ЖАЛТАНУУ ДЕГЕНДИ БИЛБЕЙТ”

Шакир, 31 жашта, Бишкек шаарынын тургуну:

– Урушчаак короздорду багуу – хоббим. Аларды багуу, машыктыруу жаатында тажрыйбалуулардан сурап, интернеттен окуп адис деле болуп калдым. Короз уруштурууга 3 жылдан бери катышам. Учурда шамо, куланги, корей породасындагы чоң 7-8 корозум бар. Быйыл жазда 100 жумуртканы инкубатордон чыгардым эле, 60ы короз чыкты. Жарымын короз уруштуруп жүргөн туугандарым алып кетишти. Урушчаак короздорду базарларда сатпайт, тааныш-билиштер аркылуу гана аласың. Породаларына келсек, саны көп. Анткени селекционерлер улам бир породаны чыгарып келет. Канча кылымдардан берки селекциялык иштердин жыйынтыгында урушчаак короздордун акырындап дене түзүлүшү өзгөрүп, азыркыдай абалга жеткен. Башкача айтканда, урушканда жаракатка аз учурай тургандай келбетке ээ болушкан.

Кыргызстанга урушка салуу үчүн багылып келе жаткан түрлөрү деле бир топ. Кулангини Орто Азияда чыгарылган дешет, эл дакан короз деп атайт. Түркиянын хитин, Япониянын шамо, Индиянын азиль, түбү Ооганстандык лари породасындагылар, булардан тышкары эң агрессивдүү филиппин, корей урушчаак короздору дегендер да бар. Байыркы гректер аскерлерин короздордун согушуу тактикасы менен үйрөткөн дешет. “Галл” деген сөз “урушчаак короз” дегенди билдирет экен.

Уруштуруу үчүн баккан корозду тоокканада өзүнчө бөлүп узун-туурасы 1,5-2 метр келген жерде кармап багуу керек. Башка тоокторго кошсо аларга агрессиясын көрсөтүп, чокуп, тээп жүдөтүп, жаракаттарга учуратат. Өзүнүн да формасын жоготот.

Жайында 2 айдай түлөп, жүдөй түшүшөт. Андыктан формаларын жоготуп, жакшы уруша албай калышат. Ошондуктан жайында короз беттештери аз өтөт. Короз уруштуруунун сезону октябрдан тартып апрелге чейин. Суук түшкөнү алар чыйралып, тамакка табиттери артып, тапка жакшы кире башташат.

“ӨЗҮҢ ЖЕБЕСЕҢ ДА АЛАРГА ЭТ БЕРҮҮҢ КЕРЕК”

– Урушчаак короздорду баккандар аларды жөжө кезинен тартып эле рингге чыга турган мушкерлердей эле даярдайт. Башкача айтканда, өзү диетолог, өзү машыктыруучу, ветеринар, массажист болот.

Багууга келсек, жөжөлөр чоңойгон сайын жем-чөбүнүн өлчөмү, рациону да көбөйөт. Бир күндө 3 ирет жем-чөп берилет. Сууга бышкан жумуртка, жүгөрү, сулу, буудай жем беришет. Сөөгү бекем, катуу болушу үчүн жемине кальций, сөөктүн уну, же быштак кошулат. Күн карама менен мистенин чагылган даны, көк чөптөр, жашылчалар берилет. Кышында балык майын бергендер да болот.

Чоңоюп баштаганда 1-2 маал 50-70 граммдай жумшак майсыз эт берүүгө өтүшөт. Алгач этти сууга жууп канын кетирип алышат. Жем-чөбү корозду семиртпей тургандай болот. Семирген жөжөлөрдү машыктыруу кыйын. Багууга акча коротконуң менен, корозуң рингден утуп, 1 айда сага 300-600 доллардай киреше да киргизип коюшу мүмкүн. Табынан кайтпашы үчүн жем-чөбүн дайыма жогоруда айткандай берүү керек. Ошондуктан короз баккандардын үй-бүлөлөрү “өзү жебеген эт, мистени корозуна берип” деп наалып калышат.

Тооктун ооруларына каршы убак-убагы менен дары берип, укол сайышат.

“БОЛОЧОК ЧАК НОРРИС, ВАН ДАММДАРДЫ МАШЫКТЫРУУ”

– Болочок Чак Норрис жана Ван Даммдарды рингге даярдап машыктыруу 6-7 айынан башталат. Аларда агрессивдүүлүктү көбөйтүү жана урушуу кезинде жаракат албашы үчүн таажысын, сөйкөчөлөрүн (серёжки) кесип салышат. Машыктыруунун максаты – корозду күчтүү, ылдам, чыдамкай, таамай тебүүнү жана коргонууну билген, өжөр, секиргич кылып чыгаруу.

Айлана турган дөңгөлөкчөгө салып, ошондой эле күндө убактысын кошуп короодо кубалап чуркатышат. Башка корозду тигиге көрсөтүп жинине тийип, анан корозду көтөрүп чуркаса ал кубалайт. Тегерете коюлган күзгүлөрдүн ортосуна корозду коюп койсо да күзгүдө өзү экенин билбей аны кубалай берет. Короздун бут, моюн, төш, канаттары күндө 2-3 маал массаждалат. Буттары күчтүү болушу үчүн жонунан кол менен басып тизелеп бастырышат. Моюнун акырын айландырып оңго-солго бурап, өйдө-ылдый каратышат. Куйрук жагын кол менен басып куйрук тараптагы булчуңдарын өстүрүшөт.

Байкабай турганда арт жагынан билдирбей колду тийгизсе алар шарт бурулуп реакция кылып, сокку ура башташат. Муну менен кыраакылыгы өсөт.

Машыктырууда башка короздор менен уруштуруп көрөт. Анда жаракат алып калбашы үчүн тумшугуна тумшук кап жана бутунун текөөрүнө текөөр кап (нашпорник) тагылат. Экөө 600-1200 сомго чейин сатылат.

Түштүктө айрымдар короздорун урушка үйрөтүү үчүн атайын машыктыруучу адамдарга беришет, алар “парваз” деп аталышат. Аларга акча төлөшөт.

Учурда куланги, шамо, филиппин короздору өтүмдүү. Бир жумурткасы 400 сомдон өйдө сатылат. Шамонун 5 айлык жөжөсү 2500-3000 сомдон, чоңдору15000-16000 сомдон өтөт. Таиланд корозун Таиланддан буйрутма менен алдырам дегендер 40 000-50 000 сом коротушат.

“2 РАУНДДА ЖЕҢИП, 5 МИҢ УТКАН”

– Короз уруштуруунун чоң жана кичи беттештери белгиленген жерлерде тынбай өтүп турат. Өзбекстан, Казакстандан бери келген ири мелдеште чемпион короз 40 000-50 000 сом же андан ашык сумманы утуп кетиши мүмкүн. Байгеге ат, тай, муздаткыч сайылган учурлар болот. Акчаң болсо ставка коюп, оюнга катыша бересиң, акчаң болбосо жөн гана көрүүчү болосуң. Кирүү акысы – 100 сом.

Менин мелдешке алып келген короздорум чанда бир гана жеңилип калбаса, көбүнчө утат. 2 раундда жеңип, 5 миң сом уткан учурлар болгон. Уткан кезде корозуңду өөп жибересиң. Мелдештер өтчү жайда короздор үчүн рингдер бар. Узундугу 7-8, туурасы 5 метрдей. Тегереги короздор качып чыгып кетпеши үчүн тосулган. Рингдин полуна жыгач таарындылары төшөлөт. Анткени короздорду тоокканада бакканда да, рингдде да буттарына сыз, суук өтпөшү керек. Алардын мекени жылуу өлкөлөр болгондуктан суук өтсө калчылдап жакшы уруша албай калат. Суук жерден ооруп да калат. Андыктан кышында жылуу кармалат.

Беттеш 10 мүнөттүк бир нече раунддан турат. Беттеш баштала электе алынып келинген короздорду кармап салмактап көрүшөт, бойлорунун узундуктарын болжолдошот. Анан салмагына, боюна тең келген короздорду жуп кылып бөлүшөт, качан чыгары белгиленет. Бишкекте жуптар ушинтип тандалса, түштүк тарапта, Өзбекстан менен Казакстанда аларды таразага тартышат экен. Анан оюн башталат. Кээде 2 короз бири-биринен жеңилбей 1,5 саатка чейин урушкан учурлар болот. Андай учурда ээлери өз ара урушту улантуу же токтотуу боюнча сүйлөшүшөт. Артыкчылык кылганы утуп кетет.

Ставкалар деле аз суммадан башталып, улам көтөрүлөт. Мурун утуп жүргөн короздорго ставканы ойлонбой эле коё башташат.

Рингдин 2 четинде суу куюлган чака турат. Ар бир раунддан соң тыныгууга 1-2 мүнөт убакыт берилет. Короздун ээлери суудан ооздоруна толтуруп, короздорунун канаттарынын алдына, үстүнө бүркүп сергитет. Анан сүлгү менен аарчып кургатат. Төш, моюн, буттарын массаждайт.

Беттеш учурунда короздорун сүрөп турушат. Короздор да бири-бирине психикалык чабуул жасап, сестентүү үчүн убак-убагы менен катуу кыйкырып турушат. Өтө жалтанбаган, өжөрлөрүн токтотпосо аягына чейин урушуп, бирин өлтүрүп коюуга чейин барышат. Андыктан ага чейин жеткиришпейт.

Көптөр корозу биринчи ирет рингге чыккыча ат коюшпайт. Анан урушканына жараша ат коюшат. Мисалы, чемпион короздордун арасында Тайсон, Болот тумшук, Кандуу таажы, Чак Норрис, Ван Дамм, Гладиатор, Рембо, Галл дегендери бар.

Рингде короздор бири-бирин чокулайт, учуп чыгышып абада тебишет, байкатпай шарт учуп туруп жердеги каршылашын тебет. Моюндарын айкалыштыра тирешет. Кээде бир көзүн чокутуп алып, сокур болуп калгандар болот. Аларды тукум алыш үчүн ээси өзүнө алып калат, же жакшы акча сунуштаса сатып жиберет. Катуу чокулган жерлери канайт, аны тыныгууда аарчып тазалашат. Тебишишкенден канат-жүндөрү түшөт.

Кийинки кездерде чет өлкөдө короздорго допинг бере башташканын, бирок ал жеңгени менен жүрөгүнө күч келип, көп жашабай өлүп кала тургандарын угуп жүрөбүз.

Менимче, бизде допинг колдонула элек.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан