Ошентип, салтка айланып калгандай, суперлерди тандоо убагы да келди. Жыл мыктыларына талапкерлер тандалып, “Супер-Инфо” гезитинин www.super.kg сайтында добуш берүү кызуу жүрүүдө. Окурмандар үчүн жылдын мыктыларынын кимиси алдыңкы үч сапта бара жатканын маалымдап өтүүнү чечтик.
“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ”
Бул наамды алганга алты мырза ат салышууда. Алар: Тата Улан, Омар, Ильяз Абдыразаков, Дайыр Исмадияров, Айдин Шер жана Добр. Сайттагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында Ильяз эң көп добушка ээ болуп, атаандаштарын бута атым алыска таштады. Андан кийинки орунда Тата Улан камчыланып марага жакындап келатса, Омар үчүнчү сапты ээлеп турат.
"Бул жылы жылдын супер ырчы мырзасы боло аласыңбы?" деген суроо менен Тата Уланга кайрылып калдык.
– Мен бул орунга татыктуу деп бир да адамды көрсөтө албайм. Ар биринин өзүнө жараша сынчысы, күйөрманы, угарманы бар. Өзүмө келсек, эл менин ырларымды түшүнсө, укса, ошол менин жеңишим. Жулунуп мен биринчимин, мен алышым керек деп айтпайм. Бул жылы наамга ээ боломбу же жокпу, аны келечек көрсөтөт. Кимдин маңдайына буюрса, кимге насип кылса, ошол адам алат.
Ырчылардын болобу, саясатчылардын болобу, мыктыларын алып чыгып, мыкты иш алып барып жаткан силердин гезитке ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Алдыдагы сынакта атаандаштарыма ийгилик каалайм.
“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ”
Оо, бул наам үчүн өткөн жылы талаш-тартыш Чубактын чуусундай эле чубалган. Ал эми үстүбүздөгү жылы ырчы айымдардын арасынан “Жылдын супер ырчы айымы” наамына Айя Садырова, Гүлзинат Суранчиева, Неля, Сайкал Садыбакасова, Бегимай Эсенгулова, Каныкей ат салышууда. Аты аталган айымдардын бардыгы татыктуу деңизчи, бирок ичинен бирөө гана суурулуп чыгышы керек.
www.super.kg сайтындагы добуш берүүдө эң алдыда келе жаткан ырчыбыз – Каныкей. Каныкей атаандаштарын чаңга бөлөп, таскак менен келе жатат десек жарашат. Ал эми Неля айым экинчи позициядан орун алса, эжекелеринен калышпай Сайкал үчүнчү сапта.
"Атаандаштарыңдын арасынан “ярый” каршылаш ким?" деген суроону Неля айымга узаттык.
– Эң биринчиден, мен атаандаштарымдын баарына ийгилик каалап кетмекчимин. Менде "бул менин атаандашым, же бул озуп кетет" деген ой жок. Анткени буга чейин деле бул наамдар татыктуу адамдарга берилип келген. Мен “Жылдын супер ырчы айымы” наамына эки жолу талапкер болуп, эки жолу тең жеңип алгам. Эми бул жолу да күрөшүп, жеңишке жетишем деген ойдомун. Чындыгында эле жыл башынан бери эмгектенип, жакшы ийгиликтерге жетиштим.
“ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТРИСАСЫ”
Таттыбүбү, Бакен эжелердей таланттар кино искусствосунда өчпөс из калтырып кетпедиби. Эми да уучубуз куру эмес. “Жылдын супер актрисасы” наамына талапкерлер: Элина Абай кызы, Асел Абдыбекова, Асема Токтобекова, Асел Тойгонбаева, Назик Исраилова. Эми алдыда кимдер келе жатат дебейсизби? Алдыңкы катарда Элина сулуу, экинчи сапта Асема, үчүнчү позицияны Асел Абдыбекова бекем ээлөөдө.
"Сенин оюңча, бул наамга ким татыктуу?" деген соболго Асема Токтобекова төмөндөгүдөй жооп берди.
– Мен татыктуумун деп деле төш какпайм. Элина менен жакшы мамиледемин. Ага эч кандай деле ич күйдүлүк кылып жаткан жерим жок. Мен профессионал деген актрисалар менен ат салышсам деп ойлогом. Мисалы, Назира Мамбетова, Сайра Момунбаева деген мыкты актрисалар менен. Бирок мени менен атаандаш кыздарга караганда менин эмгегим көбүрөөк болуш керек. Албетте, эл таразалайт деңизчи. Эл баалаган үчүн мыкты ийгиликтерге жетишип, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка көрсөтүлүп жатам.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg