ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Мен сизге балдарыңыздын көзүнчө кыйкыргым келбейт, ошон үчүн акырын гана чыгып кетиңиз,- деди Нурия бир аз туруп эсине келгендей.

– Эгер билсең, ушул квартира менин акчама алынган... А сен ушул жерден мени кууп саласыңбы? Мен эч нерсе эмес. Квартира ала турган акчаны мен өзүмө деп эмес, балдарыма деп чогулткам. А тигил акмак болсо күн сайын картадан чыгарып ала бериптир... 3 миллион рубль. Ичпей-жебей чогулткан акчам... Анан мен чыгып кетейинби?

– Сиздин айткан сөздөрүңүздүн баарына мен ишене бермек белем?

– Кааласаң ишен, кааласаң ишенбе. Бирок мына бул бала атасын сүрөттөн таанып жатабы? Таанып жатат. Иш кылбаган, кебетесинен эле жалкоо экени көрүнгөн Каныбек квартираны кантип алды? Же сен алдыңбы?

– Жок, мен алган эмесмин. Каныбек...

– Ошол Каныбек менин акчама алган. Ал бала баккандан тажады. Үйдө отурат. Мен иштейм... Же, балким, бала карап отурган ага жаккандыр. Үйдө эч жакка чыкпай, телефон тиктеп, балага тамагын берип коюп отурган ага жеңилирээк болду окшойт. Бирок акыры тажады. Көздөрүнөн байкап калгам. Анан эле банктык картанын паролун билип алыптыр. Баарын чечиптир да, Кыргызстанга “зуу” коюптур.

– ...

– Ишенесиңби, могул экөө болбосо башы-көзүмө садага деп туруп ошол акчага да көз жумуп салмакмын. Бирок Москвада канча эмгек менен балдарыма деп чогулткан акчаны уурдап кетсе ичиң күйөт экен. Ха, баарынан дагы... Мен бул жакка чыгарда Екатеринбургдан бирөө, Новосибирсктен бирөө экөөбүздүн күйөө сөрөйүбүздү издеп келди. Алар да бир кезде анын аялдары болгон экен... Ушундай сиңдим. Мен кете албайм, кыскасын айтканда... Бирок сени да кет деп айта албайм. Эми экөөбүз тең эле “жертва” болуп жатпайбызбы!

– Эгер Каныбек чындап өлүп калган болсочу?

– Мен анда билбейм... Мен баарын жыйыштырып коюп эле келдим. Экөө менен ал жакта жашаганга мүмкүн болбой калды. Эми эгер ал чындап өлүп калган болсо... Ээх, билбейм, билбейм... Же акчадан жок, же үйдөн жок. Эмне кылса болот? Менин ата-энем өтүп кеткен. “Подкаблучник” агам бар. Башкача айтканда, менде эч ким жок. Эмне кылса болот?

– Билбейм...

– Соттошобуз го дейм. Квартираны талашабыз да сенден.

Нурия элейип туруп калды. Тиги аял ушул сөздөрдүн баарын жайбаракат, үнүндө эч кандай санаа жок гана айтып жатты. Ал жашоодон көп тепки жеп, ушунчалык бышып калгандай сезилди.

– Жок... Эгер сиздин айткандарыңыз чын болсо, мен балдарыңыздан батирди талаша албайм. Муну чындап эле Каныбек сатып алган.

– Чын баары... Болгону сага ошону далилдеш керек. Түшүнөм. Бирок бир нерсеге түшүнбөй жатам деп кой?- тиги аял сүйлөп келе жатып Нурияны тиктеген бойдон токтоп калды.

– Эмнени?

– Сен чай койчу... Балдардын курсагы ачты.

– ...

– Бол!

“Чай коюш керекпи, койбош керекпи?” Нурия башына келе калган ушул суроого жооп таба албай туруп калды. Күйөөңдүн эле башка аялы келип, кайненеңдей эле “чай койчу” десе эмне кыласың?

– Ыя?

– Чай койчу! Балдардын курсагы ачты. Өзүбүз деле чай ичип жатып сүйлөшөбүз... А жо-ок! Ме муну карма,- Нурия оозун жыйганча тигил аял колундагы баласын кармата салды. Аны Каныбектин кичинекей эле копиясы карап тургандай болуп кетти. “Аябай окшош экен” деп ойлонууга жетишти колундагы кичине баланы тиктеп. Бул арада тигил аял улуу баласынын калың кийимдерин чечип, ага смартфонду карматты да, бул үйдү мурдатан билип жүргөндөй эле жеңин түрүп ашканага кирип кетти. Нурия анын аркасынан жөнөдү...

– Мен бир нерсеге түшүнбөй жатам да... Атың ким эле?- аял жана баштап келе жаткан сөзүн улап баштады. Сүйлөп жатат, чай коюп да жатат. Муздаткычтан азык-түлүктү алып столдун үстүнө коюштура баштады.

– Нурия.

– Аа, жакшы... Меники Дария. Вот ойрон... Карасаң эй, жалаң “ия” менен бүткөн аялдарды алган турбайбы?! Дария, Нурия... Кийинкиси Мария болушу мүмкүн экен да. Өлүп калбаса эле... Ха-ха..

Мен эмнени сүйлөп жаттым эле? Аа, эстедим. Мен бир нерсени түшүнбөй жатам. Ал деген үй-бүлөлүк жашоодон тажады, бала баккандан тажады. Анан бул жакка келип эмнеге кайра үйлөнүп алды дейм да?

– ...

– Ушуну такыр түшүнө албай жатам. Бул деген бир түрмөдөн качып барып, экинчи түрмөгө жашынып алгандай эле да. Качсаң биротоло кач! Же мээси жеткен эмеспи? Кайра эле баягы тузакка түшүптүр да. Сени менен жашап жүргөндө акыл-эси жайында эле беле?

– Ооба.

– Эми сени акылынан адашып сүйдү го дейин десем кадимки эле көзү жымшык кыргыз кызы экенсиң. Сен мага, албетте, таарынба, мен деле ашкан сулуу эмесмин. Бирок Каныбектин ордунда болгондо сени албайт болчумун. 3 миллион рубль... Элестет, уурдадың, качтың. Кыялыңды ишке ашыр, ойлонуп жүргөн бизнесиңди башта, саякатта. Эй, варианттар толтура болчу да. Ал келди да, мурунку аялы Дарияга уйкаш кылып, Нурияга үйлөнүп алды. Жиндилик да, туурабы?

Нурия баланы көтөргөн бойдон Дарияны талып карап туруп берди.

– Жок-жок... Кызганып жатат деп ойлобо! Мен муну “чисто теоретически” айтып жатам. Мына, мисалы, сенде 3 миллион болсо эмне кылат элең?

Күйөөсүнүн башка аялы үйүндө ага баласын карматып коюп ушундай суроолорду берип жатканы Нурияны таптакыр тилден калтырды. Ал көзүн алайтып эле, болуп жаткан кырдаалга толук түшүнө албай селейди.

– Айтпайсыңбы?

– Эмнени?

– Эмне кылат элең 3 миллионуң болсо? Күйөөгө тиет белең?

– Жок!

– Во-от, мен ушуну айтып жатам. 3 миллион болсо күйөөгө тийүү, же аял алуу деген эң акыркы варианттар болмок да. Жок, жадакалса вариант болмок эмес. А тиги Каныбек жинди... Кыскасы, бир дөөдүрүрөөк неме менен жашап жүргөн окшойм деген сезим пайда болду менде. Сенде андай сезим пайда болбой элеби?

– Ыя?

– Сен жакшылап эс алышың керек экен. Угуп туруп деле “ыя” дей берет турбайсыңбы. Жалбыз барбы? Ошону чайга кошуп демдеп ичсең кадимкидей эс ала түшөсүң...

– Жок, кофе эле бар.

– Апей, сүт жокпу?

– Жок...

– Бар анда, дүкөнгө барып алып келе кал. Бул кичинекейге сүт кошуп бериш керек. Эң жакшысы балдарга берген кургак сүт ала келсең жакшы болот эле.

– Менби?

– Мен үйдөн чыксам бул бала бакырып-өкүрүп ыйлайт. Сен барышың керек... Менде акча да жок.

Нурия эмне кылып жатканын деле билген жок. Баланы апасына карматты да, чыгып кетти. Дүкөндөн балдарга арналган сүттү алып жатып гана ойлонду. Азыр тигил аял эшикти ачпай койсо эмне болот? Ачкычты да албаптыр. Көздөрү алая түштү. Шашып жөнөдү...

Чуркап жетип эле эшикти каккылап жиберди. Тарс-тарс-тарс... Мына сага, эч кимдин ача турган түрү жок го, “ким?” деп да сурап коюшкан жок ичтен...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан