Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Кожогелди Култегиндин учкул сөздөрүнө көз чаптыралы.
• Секунд бардык багытты кыдырып-карап чыкканда гана мүнөт болот. Мүнөт бардык багытты кыдырып-карап чыкканда гана саат болот. Сен дагы турмуштун бардык жагын баамдап-көрүп чыкканыңда гана адам болосуң.
• Өлкөнү кадр менен камсыздоо – боз үйдүн түндүгүн ууктар менен карматкандай кеп. Ууктар бир эле тараптан сайыла берсе түндүк токтобойт. Бардык жагынан сайылса гана түндүк катуу кармалат.
• Бийликте жүргөндөрдүн арасында бийикте жүргөндөрү өтө эле аз болот экен.
• Күйүмдүүлүгү менен сүйүмдүүлүгүн карап туруп, аялдарды чыныгы адамдар, ал эми эркектерди – адамдардын алгачкы “пробалары” болсо керек деп ойлоп кетем.
• Балдарынан кеч турган ата-эненин тарбиясы таасирсиз.
• Жаканы эле жууй бербей, моюнуңдан да кабар ал.
• Ак кайыңда деле кара темгилдер бар.
• Так маңдайыңда сага баш тийиштире отуруп сүйлөп жаткан маектешиң таптаза турган көз-кычыгын утур-утур аарчыса – анда эле сен өзүңдүн көз-кычыгыңдан шектен.
• Ал тургай жылан “зирт!” эте коркуп-качкандан кийин адам дегениң айласыз эле бир жан алгыч окшойт?..
• “Жылдыздардын” көптүгү-ай. Бирок кээ бири “кулаганда” гана багы ачылгансып көзгө даана көрүнөт...
• Бырыштарды мизилдете жылмалаган үтүк өзү бир нерсени бырыштыра басканда – кандай жаман! Анын сыңарындай мыйзам-тартип сактоону жетектеп жүргөн адам өзү тартипсиздик кылганда – өлдү дей бер!
• Адам өмүрү ушунчалык кыска – кайрылып далыңды көрүүгө да үлгүрбөйсүң.
Гулийпа Маметосмон кызы