Манас ааламын экрандаштыруу. “ТАК МУРАСКЕРИ” ЖЕ “МАНАСТЫН УУЛУ СЕМЕТЕЙ” ТАСМАСЫ ТАЛКУУДА

Үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү айтылуу кыргыз эпосу тууралуу “Манастын уулу Семетей” тарыхый тасмасын тартуу иштери башталганын тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков жарыялаган. Интернет чордонунда фильм тартылып башталганы тууралуу алгачкы сүрөттөр чыгар замат манасчы, тарыхчы, этнограф, режиссёрлор “Манасты минтип тартканга болбойт, Манас чала-була тартып бүтүрүп койчу жеңил-желпи каарман эмес” деген пикирлерин айтышты. Буга чейин “Манасты” экрандаштырууга көп жолу аракеттер көрүлгөн. Режиссёрлор экрандаштырабыз дешип, бирок ишке ашкан эмес. Биз бул талкуунун өзөгүнө сереп салып көрдүк.

Дөөлөт Сыдыков, манасчы: “МАНАСКА” ТИШИ ӨТПӨСӨ ТИЙБЕШ КЕРЕК”

– Манас – бүтүндөй көчмөн элдердин башын бириктирген, Азия чөлкөмүндө өзүнчө империя, каганат курган баатыр. Ошон үчүн ал жөнүндө тасма тартууда башка көчмөн элдер да кошулуш керек. Азыркы тасмада кыргыз менен кыргызды уруу-уруу кылып согуштуруп коюп эле баатыр болгондой сезим калтырып жатат. “Манас” – бул чоң илим, аны изилдеген окумуштуулар, жазуучулар, манасчылар бар. Ошолор менен кеңешип сценарий жазылышы керек эле. Мейли, Манас атабыздын касиетин, ыйыктыгын сезбесин, бирок режиссёрдун бере турган идеологиясы, ойлору болуусу шарт. Сценарий боюнча пикирибизди айтсак, тасманын продюсери “жок, чыгармада Көбөш ушинтип айткан” деп жатат. Көбөш качан Манастын өлүмүн угузуп келгендерди коноктоп, “Коңурбай салам-дубай айтты” десе ыраазычылык билдирчү эле? Көбөш терс каарман, бирок анчалык көркоо болгон эмес, намысы, баатырдыгы бар каарман. Көбөш чыккынчы эмес, фильмде аны чыккынчы көрсөтүп жатышат. Мисалы, Манас эпосто “оң жагынан карасаң отуз эки ханы бар, сол жагынан карасаң кырк чоросу баары бар” деп сүрөттөлөт, мына ушундай деңгээлде тартылышы керек. Фильмдин 60 пайызын тартып коюшуптур. Биз бул сценарий менен “Манасты” тартканга болбойт деп айттык. “Мейли, бул жерин оңдоп коём, мейли, ал жерин кошуп коём” дегени суу келгенде арык чаап баштаган кишидей эле болуп жатат. Акчаны каяктан алса ала берсин, бирок “Манас” менчик эмес, элдики. “Манаска” тиши өтпөсө тийбеш керек.

Өмүрзак Төлөбеков, продюсер: “ТАСМАНЫ ТАРТУУНУ ТОКТОТПОЙБУЗ”

– Сынчылар “кантип 300 000 долларга тарыхый тасма тартылсын?” деп күмөн санап жатышат. Фильмдин бюджети 1 миллион долларды түзөт. Үчтөн бирин кыргыз ишкерлери акчалай көтөрүп жатышат, айрымдары өнөктөштүк иретинде кол сунууда. Өнөктөштүк дегенде берген акчасын кайра алат, мен “төрт айга карызга бергиле, сатыктан акчаңарды чыгарып берем” деп алгам. Каражаттын үчтөн бирин Казакстан жоо кийимдери жана декорация түрүндө берүүдө, дагы үчтөн бирин Орусиянын кинокомпаниясы көтөрдү. Алар тасманы бир нече тилде үн коштоп, монтаждап, компьютердик графика жасап бере турган болду. “Массовка аз, каармандардын формалары начар” дешүүдө, анын баары компьютердик графикадан оңдолот, адамдардын саны көбөйтүлөт, кийимдерге керектүү деталдар кошулат. Биз азыр 5-10 миллион доллар кетет десек, “анча акчага кино тартып эмне кыласыңар?” деп дагы ызы-чуу кылып чыгышмак.

Тасманын коомдук сынга алынып жатканын туура эле кабылдадым, кыргыз эли ыйык туткан баатыр тууралуу кино тартып жатабыз, көпчүлүк ойдогудай жакшы чыкса экен деп кабатыр болушууда. Кээ бирлер “токтоткула, тартпагыла” дешүүдө. Бирок тартуу иштери токтобойт.

“Манастын уулу Семетей” Жалил Садыковдун жазган пьесасынын негизинде кырк жылдан бери театрда коюлуп келген. Биз ошол пьесаны экрандаштырдык. Айтылган сын-пикирлерди биз деле такыр четке кагып салган жокпуз, сценарийдин айрым жерлерин өзгөртүп, жаңылап, кошчусун кошуп, алчусун алып жатабыз. Талкууда жеке таарынычтарга да орун берилип жатканын баса белгилеп кетейин. Чү дегенде эле социалдык тармактарда Ырыс Окенова менен күйөөсү Дөөлөт Сыдыков ызы-чуу кылып чыгышты. Ырыс “Президент жана бомж” тасмасын мени менен чогуу тартышкан. Кийин кызматына акча берсем аз деп менден дагы акча сураган. Мендеги кегин эми алып жатат.

Фильм Кыргызстанда чоң, эл аралык деңгээлдеги долбоор болуп жаткандыктан “мен катышат элем, мен тартат элем” деп арман кылгандар көп, балким, ичи күйүп жаткандар бар. Башкы ролдордо: Каныкейди – Альбина Имашова, Чыйырдыны – Калича Сейдалиева, Бакайды – Темирлан Сманбеков, Жакыптын ролун Эшенкул Барпиев аткарышууда. 10-августта манасчылар чогулуп маалымат жыйын өткөрүп, “сценарийде саясий ката бар, кыргыздарды калмактарга салык төлөтүп басмырлаптыр, эпосто, драмада жок эпизоддорду кошуп бурмалаптыр” деп айтышыптыр. Пьесаны биз 100 пайыз кайталаган жокпуз, аны киноверсияга ылайыктап сценарист катары өз оюбузду коштук да. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевге кирип сүйлөшсөм ушул эпизодду саясий ката деп айтты. Анда “мейли, аны алып салалы” дедим. Маалымат жыйынына келген манасчылар жөн келген жок, катчы Чолпонбек Абыкеевдин көрсөтмөсү менен келишти. Бүт Абыкеевдин мага айткан жүйөлөрүн кайталап отурушуптур. Ушундай ири долбоорду алар эмес, жеке менчик компания кылып жатканына чычалап “эмнеге бул алат?” деген көрө албастык сезими ойгонуп кетти окшойт.

Чолпонбек Абыкеев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы: «КООМЧУЛУКТУН ПИКИРИН УГУП ТАСМАНЫ ТАРТУУНУ ТОКТОТУП КОЮШСА БОЛМОК»

– Аталган тасма боюнча манасчылар чогулуп маалымат жыйын өткөрүштү. Тасма боюнча манасчылардын айткандары калетсиз туура. Кинону тартуунун жүрүшүнө өтө чала сабат мамиле жасалууда. Мен бул боюнча мурда да пикиримди билдиргем. Бүгүн ошол эле оюмду кайталайм. "Манаска" байланышкан ишке мындай мамиле жасалбашы керек. Кинону тарткандар “жарымын тартып койдук” дешүүдө. Ошондо бир кичинекей коктудан эле ушундай көп жактуу, көп сүрөттүү, татаал сюжеттүү кинону тартып салышабы? Кино тартылып жаткан жердин фонун карагыла. Жаратылыш кооздугу жок. Чөп саргайып кеткен. Киного катышкандардын кийимдерин, боз үй жана башка жасалгаларын карагыла. Кыргыздын ошол доордогу нарк-салттык нускалуу элементтери жокко эсе. Атчандарды карагыла. Аттарга орус ээрди токуп минип жүрүшөт. Ал атчандар минген аттардын токулга жабдыктары бүгүнкү койчулардын катардагы урунган буюмдары. Мынчалык начар жазылган сценарий менен мындай кинону тартмак түгүл, колго албаш керек болчу.

Тартуучулар өз билгендерин бербей, коомчулуктун пикирин тоготпой, элди укпай тасманы тартууну улантышууда. Мыйзам боюнча, токтоттуруп коюшка бизде да укук жок. Демократия деген ушундай экен. Болгону кино бүткөндөн кийин Кыргызстанда сатыкка чыгарбай коё алабыз. Бирок булар башка өлкөлөргө чыгарып, Кыргыз элинин улуу тарыхый мурасы "Манасты" сөзгө калтыруулары толук мүмкүн. Коомчулуктун пикирин угуп өздөрү эле тасманы тартууну токтотуп коюшса болмок.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан