КОРГОНДУН КАЙСЫНЫСЫ ЧӨНТӨККӨ ЧАК?

Коргонду куруу үчүн кандай курулуш материалдары бар, кайсынысы менен курсаңыз кооз көрүнөт да, кайсынысы чөнтөгүңүзгө чак болот? Кайсы түрү мээнетти талап кылат, бирок бышык болот? Жообун төмөнкү макаладан алыңыз.

Коргонду курууга учурда материалдардын түрлөрү көп. Мисалы, профнастил, бышкан кыш, таш, шлакоблок, пескоблок, даяр еврозабор, евроштакетник (металл штакетниги), даяр монолиттүү бетон плиталар, бессер блоктору (табигый таштын көрүнүшүн чагылдырат), сайдинг (фиброцементтүү сайдинг), поликарбонат пластиги жана башкалар. Булардын ичинен Кыргызстанда көп колдонулуп жаткандары пескоблок, еврозабор, профнастилден тургузулганы.

ПЕСКОБЛОКТОН ТУРГУЗУЛГАН КОРГОН

Узундугу 4 метр, бийиктиги 2 метр 20 сантиметр келген коргонду курууга кетчү чыгым (орточо баада):

Пайдубал – узундугу 4 метр, бийиктиги 1 метр (30 сантиметри жер алдында), жазылыгы 30 сантиметр.

Цемент – 4 мүшөк (50 килограммдык 1 мүшөгү 370 сом). 4x370=1480 сом

Шагыл – 2 тонна (1 тоннасы болжол менен 1000 сом). 2x1000=2000 сом

Опалубка арендага 1 күнгө (1 метрликтен 8 даана керек, 1 даанасы 1 күнгө 15 сом) = 120 сом

Пайдубалды куйганга уста акысы – 5000 сом

Пайдубалга жалпы чыгым – 8600 сом

Дубалы

Пескоблок – 100 даана (жөнөкөйүнүн 1 даанасы 25 сом). 100x25= 2500 сом

Кум – 10 мүшөк (1 мүшөгү 60 сом). 10x60= 600 сом

Цемент – 2 мүшөк. 2x370 = 740 сом

Сетка мак – 8 метр

(1 сетка мактын узундугу 3 метр, баасы 100 сом). 8x100 = 800 сом

Дубалды тургузганга уста акысы – 2500 сом ( 1пескоблок 25 сомдон коюлат)

Дубалдын үстүн жаан-чачындан коргой турган калай капкак – 1000 сом (1 метри орточо эсеп менен 250 сом)

Дубалдын үстүнө калай капкак жапканга уста акысы – 1000 сом

Дубалга жалпы чыгым – 9140 сом

Мамыча (тумба, дубалдар ортосуна тургузулат)

Пескоблоктун бети быдырлуусу – 11 даана (1 даанасы 65 сом) .

11x65=650 сом

Цемент – 1 мүшөк, 370 сом

Кум – 1 мүшөк, 600 сом

Мамычанын үстүн жапканга калай капкак – 250 сом

Пескоблокту койгонго уста акысы – 440 сом (1 пескоблокту болжол менен 40 сомдон коёт)

Уста акысы: мамычанын ичине бетон куйганга – 900 сом,

дубалдын үстүнө калай капкак жапканга – 200 сом

Мамычага кетчү жалпы чыгым – 3410 сом

Жалпы чыгым – 21150 сом

ЕВРОЗАБОР

Узундугу 2 метр, бийиктиги 2 метр келген бир жактуу еврозабордун чыгымы.

Еврозабордун 1 плитасынын узундугу 2 метр, бийиктиги 50 сантиметр. Коргондун бийиктиги 2 метр болушу үчүн төртөөнү катар коюу керек.

4 плита – 2800 сом (1 плита – орточо эсеп менен 700 сом)

2 мамы (бирөөсү 1020 сом) – 2040 сом

2 мамыны орнотууга цемент – 1 мүшөк (370 сом), шагыл – 400 килограмм (340 сом). 370+340 сом=710 сом

Жалпы чыгым – 5550 сом

Эскертүү:

Эгер плитаны, мамыны акыга орнотсоңуз ага 4000 сомдой акча коротосуз. 2 жактуу плитанын баасы орточо эсеп менен 800 сом.

ПРОФНАСТИЛДЕН КОРГОН

Узундугу 4, бийиктиги 2 метр коргонго кетчү чыгым

Бийиктиги 2 метр, туурасы 1,15 метр, калыңдыгы 0,5 миллиметр болгон 1 листтин дүң баасы – 1840 сом. 4 лист x1840=7360 сом.

Мамы темирдин (4x4 жана 5x5 сантиметр) 1 метринин баасы 220-325 сом. 5 (мамы) x325= 1625 сом

Профнастилди туурасынан карматканга (белдиги) темирдин метри – 120-195 сомго чейин. 8x195= 1560 сом

Мындай коргонго жызылыгы 30 сантиметрлик пайдубал курам десеңиз ага

8600 сом (пайдубалды куйган акысы менен кошо)

Кронштейн– 200 сом

Тургузуу жеңил болгондуктан үй ээси өзү тургузуп алса болот.

Жалпы 4 метр коргонго чыгым – 10 745 сом

Эскертүү: Листтердин ортолоруна кыштан мамы (тумба) орнотууга да болот.

БАШКА КОРГОН ТҮРЛӨРҮ

Таш коргон. Бийиктиги да, туурасы да 2 метр келген коргон үчүн чыгымдарды эсептесек жалпы чыгым болжол менен 12 миң сомду түзөт. Мунун ичинде туурасы 30 сантиметрлик пайдубалы, дубал тургузуу акысы, курулуш материалдары бар.

Бышкан кыштан тургузулган коргон. Бийиктиги да, туурасы да 2 метр болгон коргон үчүн жалпы чыгым орточо эсеп менен 10 миң сомдой кетет. Акчаны үнөмдөө үчүн пайдубалды үй ээси өзү куйса да болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
rahat84
2021-08-16 09:46:25
Жакшы кенештер экен. Кийинкисинде дарбазалар жонундо жазгылачы, региондордогу бааларын кошуп
+3
Dalil
2021-08-16 11:02:23
Еврозабордо эки катар плита коюлса ага 2 эмес 3 мамы кетет
-1
Aimani
2021-08-16 11:47:03
Ошондо еврозабор эн арзан болуп калабы
+1
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан