КӨКҮРӨКТҮ ЧОҢОЙТУП, КУРСАКТАГЫ МАЙДЫ АЛДЫРУУ КАНЧА ТУРАТ?

Табият ыроологон өң-келбетиндеги мүчү­лүштүктөргө капа тартып, айрым кемчиликтеринен тартынып, өзүн ыңгайсыз сезип кысынгандар жашообузда көп. Албетте, адамдын келбетин хирургдун бычагы менен өзгөртүп жиберүүгө болот. Бирок, мындан 5-10 жыл илгери эле пластикалык же эстетикалык хирургиянын кызматынан жалаң гана байлыгы башынан ашкан дөөлөттүүлөр жана дүйнөгө атагы чыккан жылдыздар гана колдоно тургандай туюлаар эле. Замандын өзгөрүп-өнүгүүсү мындай медицинадагы жетишкендикти биздин мекенге да алып келди. Ошондон улам жалаң гана байлар эмес, көпчүлүк мекендештерибиз өң-түсүн, келбетин каалагандай өзгөртүү, эңсеген сулуулугуна ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Көпчүлүк окурмандарыбыздын суроолорунан улам биз мекенибиздеги пластикалык хирургия, анын мүмкүнчүлүктөрү канчалык экендигин байкап көрдүк.

КЫРГЫЗСТАНДА СЕЙРЕК КЕЗДЕШКЕН КЕСИП ЭЭЛЕРИ

Кыргызстанда пластикалык операция жасап акча табууну көздөгөн хирургдардын саны учурда көп. Алардын дээрлик көп­чүлүгү мындай операцияларды жашыруун жасашат. Бирок, бул опурталдуу жана өзгөчө кылдаттыкты талап кылган өнөрдү кесип кылып, атайын билим алган адистер да жок эмес. Көп­чү­лүк хирургдардын айтымында, алар мекенибизде төртөө-бешөө гана. Мунун себебин тактап көрсөк, жалаң КМШ өлкөлөрүндө эле эмес, Сирия, Түркия, Пакистан, Индияга таанымал биздин медициналык академияда пластикалык хирургияга багытталган билим берүү базасы жок экен. Мындай өнөрдүн ой-чуңкурун билгиси келгендер медакадемияны бүткөн соң жалпы хирургия боюнча ординатурадан өтүп, анан микрохирургиядан, андан соң пластикалык хирургия боюнча Россия же Европа тараптагы курстардан окуп келишет тура.

ОПЕРАЦИЯ АКЫСЫ КЕТКЕН ЧЫГЫМГА ЖАРАША

Окурмандарыбыздын суроолорун канааттандыруу үчүн эстетикалык хирургия боюнча атагы чыгып турган медициналык борборго кайрылдык. Бул борбордун пластохирургу Качкинбаев Искен Каримович пластикалык хирургия менен 5 жылдан бери алектенип келе жатыптыр. Жумушу жөнүндө кызыктуу кеп салып берди.
Бул медициналык борбор пластикалык хирургиянын бардык түрлөрүн, алсак, маңдайдагы бырыштарды тартуу (липосакция), көздүн айланасындагы бырыштарды кетирүү, көзгө сурма жасоо (блефаропластика), сурманы салаңдап жаап калган кабактын терисин тартуу, мурундун формасын өзгөртүү (ринопластика), эриндердин формасын өзгөртүү ,сүт безин чоңойтуу, кичирейтүү (маммопластика) жана бошоп салаңдап калган терисин тартуу, курсактагы майды алып салуу (абдоменопластика), жамбашты чоңойтуп, кичирейтүү боюнча операцияларды жасап келе жатыптыр.
Көпчү­лүк­тү ириде мындай операциялардын акысы кызыктырат. Сиздерде кызмат көрсөтүү акысы кандай?
– Эгер биздин сумманы так айтсам, эртең салыкчылар менен баш оору чыгышы мүм­күн. Орточо эсеп менен алганда, пластикалык операцияларды жардамга муктаж майыптарга бекер жасайбыз. Калганы операциянын чыгымдарына жараша 2500 долларга чейин барат. Бул сумма операцияны, ооруканада жаткан күн­дөрдүн акысын, медициналык каражаттар, консультация, имплантанттардын акысын да ичине камтыйт. Жалпысынан алганда, операциялардын акысы Алматыдагыдан 3 эсе, Москвадагы операциялардан 10 эсе арзан экендигин айтып койсок жетиштүү болоор.

НЕГИЗГИ КАРДАРЛАР – АЯЛДАР

Борбордун негизги кардарлары аялдар экендигин да билдик. Мисалы, Искен Каримовичтин “бычагынан чыккан” кардарлардын 85 пайызы аялдар. Курак өзгөчөлүгүнө келсек, көбүнчөсү 40-50 жаштарга келип калган айымдар “жашарууну” эңсеп келишсе, ушул эле жаштардагы эркектер ашыкча салмактан арылууну көздөп келишет. Ал эми 20-25 жаштар аралыгындагы кыздар көзүнүн сурмасын өзгөртүү, көкүрөгүн чоңойтуп, жамбашынын түзүлүшүн өзгөр­түү үчүн көбүрөөк кайрылышат. Россия, Европадагыдай бизде кары кишилер пластикалык хирургияга анчалык кызыгышпайт өңдүү.
– Карылар да көп кайрылышса керек? Негизи, канча жаштан тартып канча жашка чейин кабыл аласыңар?
– Кулагынын түзүлүшүн өзгөр­т­күсү келгендерге 6-7 жашында операция жасоо ыңгайлуу. Ал эми карыларды айтсам, былтыр 80 жаштык юбилейине карата бир орус аял келип, көзүнүн айланасындагы ашыкча бырыштарын алдырып кетти. Кийинчерээк “бетимдин терисин бүтүндөй тарттырам” деп кайра келиптир. Жашы улгайып калганын, мындай куракта операция опурталдуу экендигин айтып, мындай ойдон айнытканбыз. Ошентип, мага кайрылган пациенттердин эң карысы 80 жаштагы адам болду. Көзүнүн айланасындагы бырыштарды кетирүү үчүн, кабактагы ашыкча терини алдыруу үчүн улгайып калган аялдар кайрылышат.
Көзүнүн сурмасын оңдотуу үчүн кайрылган кардарлардын дээрлик бардыгы жаш кыздар. Операциядан соң 1сааттан 5 саатка чейин жатышат да, ыраазы болуп кете беришет.
Сүт безин (эмчекти) чоңойтуп, кичирейтип, терисин тарттыргандар медициналык борбордо 3-4 күн жатып, денсоолуктары калыбына келген соң үйүнө чыгып, 1 жума бою күн сайын текшерүүгө келип турушат.
Жамбашын чоңойтууга көбүнчө жаш кыздар кайрылышат. Ал эми орто жаштагы аялдардын көп­чү­лүгү тескерисинче, соорусундагы артыкбаш майларды алдырууну каалашат. Мындай операцияларга туш болгондор деле 2 күндөн 1 жумага чейин ооруканада жатып, андан соң 1 жума көзө­мөлдө турушат.
Эркектердин көп­чү­­лүгү (орто жаштагылар) курсактагы майын алдырууга, анан делдейген кулактарын оңдотуу үчүн кайрылышат. Салаңдаган курсактан 7 килограммга чейин май алынган учурлар болгон. Эркектердин арасынан “кө­зүмдүн сурмасын оңдотом, бетимдеги бырыштарды кетирет элем” дегендери көп деле болбойт.
Төрөттөн улам кеңейип кеткен жыныс кынын кичирейтүүнү каалаган аялдарга операцияны гинекологиялык билими бар хирургдар жасашат.
Жогоруда саналгандардан тышкары пластохирургдарга бети-башы, колу-буттары күйгөн адамдар да көп кайрылышат. Хирургдар күйгөн­дөн улам бырышып, тырык болуп калган терилерди дененин башка бөлүгүнөн алынган тери менен кылдат жамап бере алышат. Мындай учурларда көбүнчө сандын териси пайдаланылат. Айрым операциялар 4-5 саатка чейин созулат.

“СИЛИКОН МЕНЕН БАЛА ЭМИЗҮҮГӨ БОЛОТ”

Жогоруда саналып өткөн операциялардын ичинен көпчүлүк окурмандарды аялзатынын аялуу жери болгон эмчегине жасалуучу операция (маммопластика) кызыктыраары анык. Андыктан, буга кененирээк токтолдук.
Көкүрөгүн чоңойткусу келген айымдар атайын консультация, текшерүүдөн өткөн соң кайсы өлкөнүн чыгарган имплантантын тандоону өзүлөрү чечишет. Кытайдын башкалардан арзаныраак продукциясына кардарлар анчалык көңүл­дөнүшпөйт. Негизинен Франциянын, Германиянын, АКШнын продукциялары өтүм­дүү. Бул продукцияларды кардарлар биздин медборбордон алышат. Бизге болсо аталган өлкөлөрдөн атайын дистрибюторлор алып келип беришет. Пациентти толук бир жуманын ичинде текшерип бүтүп, операцияга даярдайбыз. Операциядан соң пациент 7 күн медборбордун өзүндө жатып калыбына келет. Андан соң бир жыл бою көзөмөлүн­дө жүрөт. Сүт безине силикон койдурган аял эгер операция ийгиликтүү болсо тынчсызданбай эле ошол көкүрөгү менен кош бойлуу болуп, төрөп, бала эмизе алат. Ал эми эмчегинин терисин тарттыргысы келгендер бул операцияны баласын эмчектен чыгарган соң гана жасатышы керек. Териси тартылган көкүрөк бези сүт толо баштаганда кысылып, өтө кейиштүү абалга алып келиши мүм­күн. Мындай операция жасатып, анын айынан ракка чалдыккан аялдар туурасында теле-радиодон көп эле көрүп, угуп жүр­бөйбүзбү. Андыктан, мындай опурталдуу иште хирургдун таланты, кылдаттыгы, тажрыйбасы биринчи орунда турат.
– Аллергия кылып, организм кабыл албай кыйналышы мүм­­күнбү?
– Адам баласы кичинекей кезинен тартып эле силиконго көнүп калат. Биз ымыркайларга упчу берип жатпайбызбы, ошол – силикон. Упчуну соруп, эч кандай аллергия болбой эле чоңоюп жатышпайбы. Аллергия кылышы мүмкүн эмес.
– Имплантанттар коюлган дене суукту, ысыкты, кадимки денедей эле көтөрөбү же күнгө кактанууга, суукта көп жүрүүгө болбойбу?
– Кадимкидей жайында көлгө барып, күнгө кактанып, сууга түшүүгө боло берет. Памела Андерсон деле жүрбөйбү. Ал тартылган фильмдердин баарында эле сууда, пляжда жүрөт эмеспи.
– «Батышта бир пластохирургду дайымкы 5-6 кардары эле жетишээрлик акча менен камсыз кылып коюшат» дешет. Силерге да бир кайрылган соң кайра-кайра келе бергендер барбы?
– Эгер тажрыйбалуу адис экениңди бир эле пациент байкап, күбө болуп кетсе, башкаларга сени рекламалайт.Өзү да бир нече ирет келиши мүм­күн. Мисалы, мындан 2 жыл мурун бишкектик эле жаш кыз көзүнө сурма жасатып кеткен. Жарым жылдан соң келип эринине силикон койдурду. Андан соң көкүрөгүнө силикон койдурду. Кийинчерээк келип шыйрагына силикон салдырып, бутун түздөтүп кетти.

“ЭЛИТА ӨКҮЛДӨРҮ КӨП КАЙРЫЛЫШАТ”

– Кыргыздын элитасынан да кайрылгандар көп болсо керек?
– Пластикалык хирургдар кар­дарлар­дын аты-жөнүн алардын уруксатысыз жарыялай албайбыз. Жалпысынан айтсам, кардарлардын көбү элитанын өкүлдөрү.
– Операциялардын ичинен кайсы түрү оор болот?
– Биз жасаган операциялардын бирин да жеңил деп айта албас элем. Анткени, бизге адамдар илдетине шыпаа издеп эмес, сопсоо кезинде келишет. Демек, кеткенде да ошондой сопсоо, алты саны аман, анан көтөрүңкү маанайда кетүүлөрү керек.
– Дагы бир маанилүү нерсе, ийгиликсиз болуп калган операциялар жөнүндө айтып берсеңер, кандай кыйынчылык, коркунучтар күтүлөт? Аларды кайра оңдоого болобу?
– Операциялар жаңы, мыкты сапаттуу аппаратуралардан эмес, ириде хирургдун тажрыйбасынан көз каранды. Күтүл­бөс­түктү кайдан деп болбойт эмеспи, анын сыңарындай, “эч качан жаңылбайм, дайыма кыйратып таштайм” деп айтуу туура болбой калат. Ар бир операция өзгөчө кылдаттыкты талап кылат. Бүтү­н нерсени кыйратуу, бузуу оңой жана кайра калыбына келтирүү кыйын болгондой эле бизде да начар жасалып калган операцияны кайра оңдоо абдан татаал нерсе.
Биздин республикада операциялар башка мамлекеттерден бир кыйла арзан экендиги чет жердик кардарларды өзүнө тартпай койбойт. Өз ара тааныштар, байланыштар аркылуу билишип, Россия, Казакстан, Германия, Түркия, Араб Эмираттарынан келип операция жасатып кеткендер көп болот.

Даярдаган Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 240, 8-14-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан