БИШКЕКТЕ ТӨКМӨЛӨРДҮН ЭЛ АРАЛЫК АЙТЫШЫ ӨТӨТ

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык айтыш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Айтыш Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына, казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына да арналган. Байге фонду – 3 миллион сом.

Иш-чара Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-31-августта 18:00дө орун алат. Айтышка тандоо туру 20-августта 10:00дө "Манас" кинотеатрында өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 975, 12-18-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан