«АЗ ЖЕРДЕН БАКТЫМДАН АЖЫРАП КАЛА ЖАЗДАДЫМ»

Жүрөк сыры

“Адам бир гана калпыс кадамынын айынан же өмүр бою жапа чегет, же бактылуу өтөт” деген сөзгө көп ишенчү эмесмин. Аны жон терим менен сезгенде гана баарына түшүндүм. Ошондо калпыс кадамга барганымда азыр жанымда сүйүктүү адамдарым болбойт эле...

“ЭСКИ СҮЙҮҮГӨ КЕЗИГҮҮ”
– Бул кыйноо качан башталды дебейсизби? Мындан бир ай мурун... Бир күнү чогуу иштеген кыздар менен кафеге барып эс алмай болдук. Үй-бүлөмө, кичине балама шылтоолоюн деп жакшы эле качканыма болбой сүйрөп кетишти. Кыздар менен сырдашып, сыра ичип, каткырыгыбыз таш жарып отурганбыз.
“Ажара!” деген тааныш үндү угуп, турган ордумда каттым да калдым. Кылчайып, алдымда турган Максатты көргөндө жүрөгүм токтоп калгандай болду. Тобо, ушундай да болобу? Бул адам менен кезигүүнү миң жолу көз алдыма келтирип, миң жолу кыялданганым эсимде. Бирок кыялым мынчалык тез орундаларын билген эмесмин.
– Ажара, бул менмин. Тааныбай турасыңбы?
Сураганын кара, эчак эле жүрөгүмө өчпөс сүрөт болуп калганын билбейт да, ээ? Ызаланганымдан көзүмө жаш айлана түштү. Шектене тиктеген кыздардын көзүнөн далдоо деп Максат менен сыртка чыктым. “Караба, караба азгырыктуу көздөрүнө...” дейт акылым тыпырап. А жүрөгүм аны угуп койсочу! Дүкүлдөп кабынан чыгып кетчүдөй согот.
Максат! Бул ысым менин жашоомдо көп жылдар бою чоң роль ойноп келген. Максат юридикалык факультетте, мен чет тилдер факультетинде окуганыбыз менен, студенттик 5 жылда эгиз козудай ээрчишип жүрдүк. Биздин сүйүүбүзгө элдин бардыгы суктанар эле. Анан эмне болду? Максат биринчи орунга өзүнүн келечегин койду. Ата-энеси чет өлкөдөн окуусун улантуусу керек экенин, биздин үйлөнүү той белгисиз жылдарга жылдырылганын айткан күнү өзүмдү токтото албай буркурап ыйлагам. Ал кеткенден кийин жашоом тозокко айланганын сурабаңыз.

“КАЙТУУ”
– Бул жолугушуудан бери бир ай өттү. Максат экөөбүздүн ортобуздагы билинбеген жиптер чырмалышып, бош убактыбызда жолугуп, бош болбой калсак, интернет аркылуу сүйлөшүүнү адатка айлантып алдык. Бул жолу да сүйлөшүп отурдук. Уф, эмне кылуу керек? Акылыма баш ийбей манжаларым лыпылдап тамгаларды терүү менен алек.
“Кел, жолугабыз. Сени көргүм келип жатат” деп жазылды мониторго.
“Мени уулум, күйөөм күтүп жатат. Үйгө жөнөшүм керек” дейм.
“А мен сени өмүр бою күтүп келем. Мени аяган адам барбы? Сени унутам дегеним менен, унута албай койдум. А сен мени күткөн жоксуңбу?”- деп жазды Максат.
Кудай, ай, а мен аны канча күтүп жүрдүм?! Акыркы үмүтүм үзүлүп калганча күтпөдүм беле? Турмуш кургандан кийин азаптанганым канча?! Акыры жүрөгүм жеңилип, кайрадан жолугууга макул болдум. Бул жолу Максат мага мен сүйгөн жоогазын гүлүн алып келген экен. Тамактанып алып шаар аралап бараттык. Мен аны уккан жокмун. Анткени андан өтө алыста болчумун...
Көз алдыма мени күтүп отурушкан уулум менен Сапар тартылды... Уулум азыр үйдү үч көтөрүп ойноп, кайрадан мени урушат деп коркуп, оюнчуктарын жыйнап жаткандыр. Анан мени күтө берип чарчаган уулун уктатып коюп Сапар жалгыз отурса керек. Күтүүдөн тажаганда күзгүнүн алдында жаткан менин коштошуп, кечирим сурап жазган катымды, анын үстүнө койгон нике шакегимди көрөт.
Кандай абалда калды экен? Башына муш тийгенсип отура калып, анан жинденип менин телефон номурумду тере баштайт. Өчүрүлгөнүн укканда ого бетер жинденет. “Кечир мени, алтыным! Ушундай болуп калды. Сага оор келтирейин деген эмесмин. Балким, менин күнөөмдүр. Бирок...” Көзүмдөн жаш куюлуп кетти. Дал ушул жерге келгенде өзүмдү бир силкип алдым. Дароо көз алдыма Сапар экөөбүз өткөргөн бактылуу күндөр тартылды... Төрөт үйүнөн чыгып келгенибизди, уяга конгон көгүчкөндөрдөй башыбызды тийиштирип алып, кичине керебетте уктап жаткан уулубузду тиктеп турганыбызды эстедим. Ошол замат Сапар экөөбүз көп жыл курган бактыбыздын жанында менин эски сүйүүм түккө турбас нерсе экенин түшүндүм. Максатты токтото салып көзүнө тике карадым.
– Максат, сен жакшы адамсың. Бактыңа дагы жолугасың. А мен бактымды эчак эле тапкан экенмин. Бирок ошону сезбей жүргөнүмдү кара! А сен бул жоогазындарды башкага бер.

“ҮЙ-БҮЛӨМ – БАКТЫМ”
– Анын жообун укпастан чуркап жөнөдүм. Бутум үзүлгөнчө жүгүрүп, 5-кабатка энтигип жеттим. Кирип келип, көргөн көзүмө ишенбей туруп калдым. Бөлмөбүздү шар, жүрөкчөлөр менен кооздогон Сапар мени күтө берип креслого кыйшайып уктап калган экен. А столдо... Столдо мен сүйгөн жоогазын менен шарап жана “Мен сени сүйөм!” деп жазылган открытка турган экен. Көзүмдүн жашын сүртүп, Сапардан көзүмдү албай бактылуу жылмайып алдым. Тагдырдын буйругу менен ал күнү Сапар мен жазып кеткен катты жана нике шакегимди көрбөй калган экен. Ошол күндөн бери эч качан нике шакегимди чечпей келем.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


Бир собол

КАЙСЫ КЕСИПТИН ЭЭЛЕРИ ПАРА АЛУУГА КӨБҮРӨӨК ЖАКЫН?

Сабырбек Жумабеков,
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим
изилдөө борборунун директору, профессор:
– Пара дегенде эле эл "медиктер пара алышат" деп калат го. Андыктан мен ушуга жооп берейин.
Чет өлкөлөрдө медицина кызматкерлери көп айлык алып, бай жашашат. Биздеги медиктердин айлыгы 4 миң сомдун тегереги. Коом капитализмге бет алып баратса, медиктерге мамиле, айлык социализм доорундагыдай калып барат. Анан жашоосунан кыйналган айрымдар пара алышат да. Бирок мен пара эмес, гонорар дейт элем. Анткени чет өлкөлөрдө адамдар дарыланыш үчүн көп акы төлөшөт. Бул, башкача айтканда, врачтардын эмгеги үчүн гонорар. А бизде мамлекеттик бюджетке караштуу медициналык борборлордо же айлык көп эмес, же гонорар жок. Эгер медиктердин айлыгы көбөйсө, пара алууга барышмак эмес.

Адахан Мадумаров,
коомдук ишмер, “Бүтүн Кыргызстан”
партиясынын лидери:
– Кыргызстанда бардык кесип ээлери пара алууга жакын. Негизи, пара алуучулук кесипке эмес, адамдын кимдигинен көз каранды. Тактап айтканда, адамдын рухунун бийиктигинен көз каранды. Адамдык сапаты төмөндөр кесибине карабастан пара ала беришет.

Айчүрөк Иманалиева,
ырчы:
– Менимче, милиция кызматкерлери, соттор, врачтар көбүрөөк пара алышат. Бир топ кылмыштар пара алуу менен эле жабылып калып жатпайбы. Анан да эл “акчаң жок болсо, оорубашың керек” деп айтат. Бул "врачтар пара алат" деген сөз да.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Guldana
2010-11-13 15:16:12
Биринчи куйо кудайдан! экинчи куйо шайтандан дейт! ушу макалды унут пагыла!
+3
aikoledi
2011-07-24 17:35:28
Guldana, 1 аял менен 2 аялчы
+1
swan
2010-11-14 00:12:10
Adamdar bakitti jok jerden izdewet
0
Naziku
2010-11-14 06:29:51
Тушуном, бирок молдец, ошону оз убагында сегенин.Кино коруп, же китеп окугандай болдум, жашоодо да ушундай болобу?
0
periii
2010-11-14 09:37:31
Албетте туура кылыпсыз.Сен суйгонго эмес, сени суйгонго тий деп коюшат го.
0
toha
2010-11-14 22:38:14
Жакшы убагында баарын жыйыштырып койупсун. Суйуу балага отот дейт беле баланды суйушун керек и баландын атасын. Жаштык мастык да отот кетет дейт беле бирок унутуш кыйын деп ойлойм убагы келип унутасын дейт эмеспи! Ийгилик каалайм бактылуу бол!
-2
zarya
2010-11-14 23:26:54
esli bi ona ushla ot semiy to postupila bi ochen legkomislenno, kak ne razumnaya jenshina kak eti russkie znamentosti brosaut svou semiu radi mimoletnih chuvstv. mol lubyat oni i vse i na ostalnih naplevat.
0
Akjol
2010-11-15 04:41:04
Бир жигит учун куйосу менен баласын таштап кетсе убалында калмак да,убагында эсине келип калганы жакшы болуптур.Бактылуу болушсун!
0
japarova
2010-11-15 10:22:06
baldar negizi igoist bolot Maksatina okwogondor,oz maksatina jetiw u4un,bawka bironun baktisin buzup..kizdar,silerdi jigitiner tiwtap ketse ,anda al keleso jana oz bawina ee bolbogon adamdardin biri,owonduktan kayra kaytip keliwkende,sizdin bawka jigitiniz uje bar bolso,ani e4ka4an tawtabanizdar,antkeni oz baktinizdan ayrilasizdar!a bivwiy jigitter olup kalbayt,tiwtap ketkende dele olgon jokko,jawoo kanday ekenin tuwunoor!
+1
inna
2010-11-16 11:18:21
mmda Japarova sizge kowulam.
0
Protokol
2010-11-16 12:47:31
жакшы аял экен

0
Papinadochka
2010-11-19 02:05:06
Мен аяюай берилип окууп кирипмин озунчо эле кино коргондой эле болдум. Ооба суйуу азгырат бирок бактынды оз колун менен чаап алмаксын. Молодец семья это цветое!!! Бактылуу болгула
0
Papinadochka
2010-11-19 02:06:29
туура айтасын Жапарова
0
UvE
2010-11-19 12:18:50
Жашоодо ар кандай нерселер болот, но анын бироосун да уй-булого алмаштырып жибербоо керек, уй-було тузулдубу, все бул уй-було, ал сенин кичинекей мамлекетин, аны которуу, бактылуу кылуу бир гана эки жандын колуда! Андыктан туугандар ушундай кадамга бараардан алдын терен ойлонуп, анан шакекти чечип жоносок болот! Ою кыскалыктан коп уй-було бузулуп жатат, бактылуу уй-булон болсо не кыласын башканы ээрчип - бул тупизм!
0
konya
2010-11-19 13:59:01
Аялдын акылы кыска деген ушу
-1
meni_kut
2018-12-20 11:29:59
konya,эркектики да кыска,бироонун катынын жетелеп алып баратат
0
juka
2011-01-03 14:09:11
Кудай чон эле сактаптыр.Эми мындан ары женил ойлуулукка алдырбаныз.Бактылуу уй-булолордон болунуз.Эн негизгиси бакыт керек да турмушта жана бузукуулардан коргонуш керек.Ушак кептерге ишенбеш керек.
0
№ 419, 12-18-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан