Жер карабай желкени түздөгүлө,
Биримдиктин билегин күчтөгүлө.
Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып,
Тыштан келген жардамды күтпөгүлө.
Турпагыңа белгиңди чийип, кыргыз,
Тууңду көтөр ар дайым бийик, кыргыз.
Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй,
Түндүгүңдүн алдына бирик, кыргыз!
Жогорудагы 8 сап ырды балбан Акжол Махмудов Олимпиададан келген соң "Ала-Тоо" аянтында элдин алдында айтты. Ыр элди толкутту, жашытты, дем берди, уу-дуу болуп талкуудан түшө элек. Ушул ырдын автору – акын Мирлан Самыйкожо менен баарлаштык. Акындыгы, дүйнө таанымы, жашоосу, сүйүүсү тууралуу өзгөчө маек болду. Жылмайткан, сүйүнткөн маек назарыңыздарда.
– Мирлан мырза, “Бирик, кыргыз” ырыңыз качан жазылган, аянтта спортчунун оозунан укканда сизде кандай сезим болду?
– Ыр 2017-жылы жазылган. Көркөм окулуп, видео коштолуп интернет айдыңында тарап жүргөн. Өзүм сүйлөгөндө ыр саптарын көп колдоном. Өзүмдүкүн эмес, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, Эрлан Жумагазиев, өйдөлөп кеткенде Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиевдин ырларын айтып жүрөм. Ырымды балбан аянтта айтканда “ыр айтылат” дегендей кабыл алдым. Бирок балбан эле болбостон сөз менен орой чалганды, торой чалганды билген Акжолго баа бердим. Окумал адам экенине сүйүндүм. Баатырдын жүрөгүндө алоолоп жанган өрт болгонуна кубандым. Аянтта ырымдын жаңырганына эмес, жеп-жутарлар жутуп койгон алтын-күмүштү балбандарыбыз алып келгенге сүйүндүм. Туу көтөрүлүп, байрак желбиреп жатканына сүйүндүм.
– Байкашымча, жеке ишкерликке өтүп жатыпсыз, акындык аксап калбайбы?
– Чыгармачылык менен тиричиликти кошо алып кетүү керек экен. Акындарды тилемчи катары көргөндөр жок эмес. Акын жаман жашабаш керек. Акысы жок. Кудай аларга акындык сапатты бергенден кийин ал акча тапканды билбей калмак беле? Чыгармачылык – өзү бизнес. Мисалы, бул жерге (ред.: эс алуучу жайды айтып) эч ким келбейт деп ойлошкон, Кудайга шүгүр, этно-комплекстен киши үзүлө элек. Табылды Эгембердиев “мен кумдан, таштан роман жазып койдум” дебеди беле. Романы турат. Көр тириликке көмөлөнүп кирип кетсе, акындыгы кайда калат деп жатасыз да, андай болбойт. Ушул жердин ташын тизип жатып деле эргүү келет. Бул жерде ырлар окулуп, манас айтылып, чечендер айтышып турган жер болсо деген максатта боз үйлөр тигилип, кыргыз даамы жасалып жатат.
– Ажобузга арналган оппозициялык ырыңыз учурунда талкуу жаратты, кийин куугунтук болгон жокпу?
– Ырды атайын тийишип же бир нерседен үмүт кылып жазган жокмун. Ал менин ырым эмес, элдин үнү, үмүтү, ишеними. Мен айтпасам, башка бир акын айтышы керек эле. Ыр тарап кеткен учурда менин жакындарым да чочулашты. Бирок Садыр мырзанын мырзалык мүнөзүн бааладым, мага кысым көрсөткөн жок. Кызаңдаган жок, унчуккан жок. Бирок кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн ырга болгон түшүнүгүн билдирди.
– Айтыштын алмаштырылгыс алып баруучусу болуп келе жатасыз...
– “Башкаларга жол бошот” дегендей айттыңыз го (күлүп). Биз деле карып кеткен жокпуз, бирок алып барганча айтышты карап отурган ырахат. “Айтыш” фондунун 20 жылдан берки кыргызга кылган эмгеги зор. Буюмду, табакты жасаган уста болот эмеспи. Бирок адамдан акын жасап чыгарган уста да болот экен. Учурунда 4 төкмө акыныбыз калган. Азыр 40тан ашык акын бар. Эл акындын сөзүнө эргип жатса, биз жыргайбыз. Акындын сөзүн эл сайга агызбай, кумга көмбөй, көөдөнгө куюп жатканын көрүп ырахаттанабыз. Термелип калат эл. Уктап калган сезимдер, дух ойгонот. Жан дүйнөнүн ачкалыгы кара курсактын ачкалыгынан жаман. Эл жырткыч болуп калат. Жан дүйнөбүз ачка болгон үчүн көчөгө чыгып эч кимге керексиз төңкөрүштөрдү жасап жатабыз.
"Неге адамга берилет кайран жаштык,
Көккө шаңшып бир ирет учпаган соң?
Неге ичесиң тамакты лапылдатып,
Турмушуңдан бир мөөрөй утпаган соң?
Не сүйлөйсүң бирөөгө кыйынсынып,
Өз катының сөзүңдү укпаган соң?.."
Мисалы, ушул ырды укса куру кыйкырып жаткан бирөө токтоп калар.
– Жазма акындан төкмө акындыкка өтүп кеткиңиз келген учур болгонбу?
– Студент болуп келгенде ыраматылык акын Калмурат Рыскулов “сен даяр төкмөсүң” деген. Анткени азыркыдай кара сөз менен эмес, жалаң уйкаш кылып сүйлөчүмүн. “Ош базардан” комуз сатып берип “Айтыш” фондуна алып барам, акындардан башкача обон үйрөтөм” деген. Бат эле көзү өтүп кетти. Үнүм жок, мен созгондо филармониядагы эл качып кетмек го. Тартынсам керек.
– Өзүңүздү чектейсизби?
– Өмүр өзү чектелүү болсо, дагы чектелип жашагым келбейт. Өзүмдү эле эмес, өзгөнү да чектебейм. Кыз сүйсөң ачык сүйүп, жаман көрүп жатсаң аны деле ачык айтып жашаш керек. Жасалмалуулукту жаман көрөм.
– Акындан сүйүүнү сурабай койгон күнөө го, улуу сүйүүгө жолуктуңуз беле?
– “Ий, ушунун эмнесин сүйүптүр?” дейбиз кээде. Эмнесин сүйгөнүн билиш үчүн сүйүп жаткан кишинин көзүн, көөдөнүн чукуп алып өзүнүкүнө такса ошондо түшүнөт. Көксулууну деле “сулуу эмес экен го” дегендер бар. Аны Жеңижоктун көзү менен караш керек.
“Арзышкыла, сүйгүлө, кубангыла,
Ак сүйүүсүз жүргөндөн уялгыла” деп Элмирбек Иманалиев айткандай, сүйүп жашаш керек. Сүйө алган адам гана сүйүлүп жашайт. Сүйүүнү чектебеш керек, чектеген адам жинди. Аялды сексуалдуу объект катары карабаш керек. Чабал болуп бараткан үчүн ошентип жатабыз, мырзалар. Кадырын кетирип, сүйүүнү төшөк менен ченебеш керек. “Ий, бети жок, аялы туруп сүйүүнү айтат” дегендер да чыгышы мүмкүн.
– Сыймык Бейшекеев интервьюсунда “өмүрүндө адамда бир эле сүйүү болот, калганы жактыруу” деди эле, сиз сүйүү чексиз деп жатасыз...
– Сүйө алсаң, чалкый алсаң, балкый алсаң, сүзө алсаң – сүйүү океан. Сыймык байке да сүйгүч, сүзгүч. Ал кыз сүйгөндөй биз сүйө элекпиз, чынында. Далили – менин аксылык кызга арнаган бир эле ырым бар, анын көлдүгү, таластыгы, нарындыгы, оштугу, дегеле ал ыр арнабаган кыз калган эмес. Жеңем жанында турган го интервью берип жатканда (күлүп). Чыгармачыл адамдардын аялы муну түшүнүш керек. Кызганып, итиреңдеп-битиреңдей бербегени туура. Коё бер, сеники болсо келет, болбосо кетет.
– Сиздики “сүз, чек жок” дедиби?
– Ооба, сүзүп жүрөм, бирок келинчегимди жонума кондуруп алып сүзүп жүрөм (күлүп). Бир да ырым айрылып, тытылып кеткен эмес. Ишенген адам сүздүрөт, кошо сүзөт.
– Аксылык кызга арналган ырга да солк этпей койдубу?
– Этпей койду (күлүп). Мындай да, мен өмүрлүк жарымды сүйбөй койгондой кырдаал болгон жок. Аны мен эки өмүрдө сүйөм. Чыгарма чыкканда “сонун ыр экен” деп мактаган биринчи адам келинчегим болгон. Телефонуна чалуу келгенде ырдай турган жерине ошол ырды коюп алган. Өзүм уялгам, “жинди го” деп...
– Балким, сизди жазалап телефонуна коюп алгандыр, уккан сайын уялсын деп...
– Урушпаңызчы, ал эмес эле, сиз урушуп жатасыз да (күлүп). Бул эми адамдын бийиктигинен, тереңдигинен кабар берет. Келинчегим “ал эле-бул эле, анделектин гүлү эле” деп чектегенде менин башка ырым чыкпай калмак. Мисалы, аянтта элди толкуткан ырым да чыкпай калышы мүмкүн эле. “Карандаш сымал учталдым, учталган сайын кыскардым” деп Шайлообек Дүйшеев жазмакчы, канатымды кыркып коймок. Мен деле келесоо эмесмин, ар кимди сүйүп эле жүрө бербейм. Үйдө эле жүрөм. Өмүрү башка жерге түнөп көргөн эмесмин. Таңга маал болсо да келем (күлүп). Ал билет келеримди. Моюнумда балдарым бар, балдар бул жакта турсун, келинчегимдин тагдырына жоопкерчилигим бар.
– Сабырдуу келинчегиңиздин таржымалын айтып кетсеңиз...
– 2008-жылы баш кошконбуз, сүйүшүп-күйүшүп, ыркырашып-чыркырашып жашап келе жатабыз. Үч балабыз бар. Биздин үй-бүлөнүн кармап турган көпүрөсү – апам. Биз менен чогуу жашайт. Жашоонун өңгүл-дөңгүл учурларында көпүрө болуп өткөрүп коёт. Кадимкидей эле кыйынчылыктарда апамдын жону менен өтүп кеттик. Ушуну дайым сезем. Менин тагдырыма энемди да, аялымды да өзгөчө кылып жазыптыр. Экөө эне-баладай. Апам, бир тууганым, балдарым, жарым турганда мен эч нерседен коркпойм, күндөй жаркып, түндөй балкып жашай берем.
– Чыныгы мүнөзүңүз кандай?
– Буркан-шаркан мүнөзүм бар. Сөккүм келсе сөгөм, мактагым келсе мактайм. Кыскасы, сыпайы эмесмин.
– Назира Айтбекованы телефонго “жинди катын” деп сактап алыпсыз, жинди досторуңуз көппү?
– “Ырас өзүм өңдөнүп” дегендей, өзүмө окшош жинди достор көп. Арасында тазасы менмин (күлүп). “Ала кушту атынан аташ керек, адамсыңбы, адамча жашаш керек” дегендей, жинди катын болсо ошентип сактайм да. Анткени ал жинди. Ойлору жинди, жүргөн-турганы жинди, чектелбейт. Ошентип эле жашасын.
– Рахмат маегиңизге, чектелбей жашоону даамдап, тамшанып жашайлы!
Нуржамал Жийдебаева