АЯЛ ЭНЕРГИЯНЫ КАЙДАН АЛАТ?

Аялдар – табиятынан тукум улоого, үйдөгү чарбачылыкты жүргүзүүгө ылайыкташкан. Жашоонун өнүгүшү менен аялдар эркектер менен тең тайлаша киреше таба баштады. Бирок аялдардын баштапкы функциясын эч ким алып койгон жок. Бала төрөп, өстүрүп, карьера жасап, үй-бүлөдөгү алаканы жүргүзүп келе жатышат. Арабага баарын жүктөп алса эмне болот, ат баспай калат. Ошол сымал аялдар чарчайт, ачуусу чукул болот, бактысыз болот, жашоодон ырахат алганды унутат. Эң жаманы – энергия бере албай калат. Аял иштейт, күйөөсүнө аял катары көңүл бурбай калат, балдары сөз укпайт, кайын журт нааразы, өзү бактысыз. Бул абалдан өзүңүздү көрүп жатсаңыз, демек, макала сиз үчүн. Энергияны толтуруу, кимге коротуу керек экендиги тууралуу психолог Гүласыл Дыйканалиева жооп берди.

БИЛИМ

– Кыргыз аялдарынын көпчүлүгүнө билим жетишпейт. Билим алууну сунуштайм. Өзүн изилдөө, абалын анализдөө үчүн билим керек. Китеп окуу, өзүн өстүрүү, психологиялык изилдөө, ушунун баары аялга керек.

НЕГИЗГИ ФОКУС – ҮЙ-БҮЛӨ

– Билесиңби, аял күйөөгө энергия бериши керек. Эркек аялдан энергия алгандай эч бир жерден албайт. Сүйүлгөн, ишенилген, кадырланган, каралган эркек тез арада бутуна туруп кетет. Эркек камсыздаган үй-бүлөдө аялдын энергиясы көп сарпталбайт. Аялдар иштебей үйдө отурсун дегим келген жок, болгону максаты – үй-бүлөнү камсыздоого айланбаш керек. Иштесин, бирок фокусту бала тарбиялоого, жакындарыңды сүйүүгө коюш керек. Оку, инсан катары өс, ырахат тартуулаган ишиңди кыл, үй-бүлөнүн биримдигин, тынчтыгын сакта.

ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ ДУБА

– Динине, кандай формада сыйынып жатканы маанилүү эмес, эң чоң энергиялык булакты Кудай менен жакын болуудан табабыз. Ар бир адам эртең менен туруп Жараткан менен байланышта болуп дуба кылса бул бир күндүк энергия алып келет.

СҮЙҮҮ

– Иштөө, бала өстүрүү, кайын журтка кызмат кылуу менин башымдан өттү. Жан талашсам да эч кимге жакчу эмесмин. Мисалы, укалоодо жатып “керилип жатам, тиги жакта башка иштер бүтпөй жатса” деп ойлоном. Же тойдо отуруп алып “балам эмне болду экен?” дейм. Көрсө, өзүмдү сүйчү эмес экенмин. Процесстен ырахат алуу керек. Сүйүү десе эле өзүмчүлдүк менен аралаштырбаш керек. Өзүңдү сүйүү – кемчилик, артыкчылыгың менен болгонуңдай кабыл алуу. Өзүн кабыл алган адам башкаларды да кемчилиги менен кабыл ала алат. Көп келиндер кайын журтун жактырбай кызмат кылат. Жактырыш керек! Жүрөгүңдү ачсаң, сени жаман көрүп жаткан кайын энең деле эки-үч жолу мурдун чүйрүйт, төртүнчү жолу сенин жылуу мамилеңе баш ийет. Жек көргөнгө кетирген энергияны сүйүүгө кетирсең энергияң эки эсе көбөйөт. Өзүн кантип сүйүү керек деген суроого төмөнкү айлампа жооп берет:

ЫРАХАТ ЖАНА ЭНЕРГИЯ

– Аял ар бир кылып жаткан ишинен ырахат алганда гана энергия алат. Баланы тарбиялап жатасыңбы, сүйүү менен тарбияла, карьера жасап жатасыңбы, ал сага жагышы керек. Жалгызсыңбы, андан ырахат ал! Кайын журтка кызмат кылып жатасыңбы, кадырлоо менен, ыраазычылык менен кызмат кыл. Кийим сатып алсаң, “ии, жетпей жатса кымбат алып алдым” дебе, татыктуумун деп ойло. Иштеп эле, түйшүктөн колу бошобой, жакшы эс албай, көңүлү ачылбай жүрсө энергияны кайдан алат? Андыктан аялдар эмнеден ырахат алса ошону кылышы керек. Кээ бири шопингден, кээ бири каш-кирпик чаптаткандан, кээ бири табият коюнунан, кээ бири китеп окугандан, кээ бири курбулары менен жолуккандан өзүн жакшы сезет. Кээде өзү эмнеден ырахат аларын билбеген аялдар бар. Ошол үчүн өзүн изилдөө, билим маанилүү.

ГАРМОНИЯДА БОЛУУ

– Аял жаратылыш, жакындары менен гармонияда болуусу керек. Мээримдүүлүк, назиктик, ийкемдүүлүк, ушул үч сапат аялдык касиетинин ачылышына жардам берет. Чукчуңдап уруша берген аялдар курмандыктын ролуна кирип алышкан. Түйшүк тартуу, кыйналуу, жинденүү, негатив ушунчалык көнүмүш болуп калгандыктан ролунан чыга албай калышат. Мунун баары энергияны сорот, булгайт. Аял – таза энергиянын булагы болушу керек.

ИШТИ БӨЛҮШТҮРҮҮ

– Орто Азия өлкөлөрүндө эркек балага артыкчылык берилет. Кичинесинен эркек балдарды падышадай моюнубузга көтөрүп алганбыз, эми аларга кызмат кылып келе жатабыз. Пикирди өзгөртүү керек. Кыз менен эркек балага бирдей милдеттер артылышы керек. Тамак ичкенден кийин идишин жууп койсун, үйдү жыйнасын, ошондо ал эркек кийин аялынын түйшүгүн тең бөлүшкөн күйөө болот.


КАМ КӨР

Энергияны ала берсең, ага кайра салбасаң түгөнө берет. Андыктан өзүңө кам көр, сүй, бактылуу бол, жашоону жаркырата жаша, аялзат!

Майда, бирок маанилүү

  • Денеңди, кийимди, ойлорду, үйүңдү таза карма
  • Медитация кылуу, укалоого баруу
  • Шиберге жылаңаяк басуу
  • Жашооңдогу эң сонун көз ирмемди элестетүү
  • Балдарга кошулуп ойноо
  • Денеңди назик сылоо
  • Күзгүдөгү өзүңдү сүйүп кароо, уникалдуу жансың, сендей баары бир эч ким жок

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Adilek16
2021-08-25 20:36:58
Кыргыз аялдарына керектуу жакшы создор жазылыптыр, кайын журт мн чогу жашагандарга кыйынга турат буларды аткаруу
0
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан