«ПЕНТХАУС» СЕРИАЛЫНЫН «СТЕРВАСЫ» КИМ СО ЁН

2020-жылдын октябрь айынан ушул күнгө чейин көрөрманды чыңалууда кармап, 3 сезон бою көрүүлөр боюнча жогорку рейтингден түшпөй келе жаткан дораманын аталышы - “Пентхаус”. Интернет желесинде “Пентхаустун” сценаристтери сценарий жазарда эмне ичип же чегип алышат болду экен?” деген тамашалуу суроолор көп. Биринин артынан экинчи каарман өлүп жаткан болот, эртеси күнү кайра тирилет, интрига, каармандардын амалкөйлүгү, таш боордук, боорукердик, сүйүү, айтор, баары аралашкан бул дораманы көргөн адам зерикпейт. Дал ушул сериалга өзгөчө көрк берген бир каарман бар. “Пентхаустун” “стервасы” атыккан Чон Со Жиндин ролун ийине жеткире аткарган актриса Ким Со Ён жөнүндө кызыктарга орун бердик.

Аты-жөнү: Ким Со Ён

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы: 1980-жыл, 2-ноябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Бою: 167 сантиметр

Салмагы: 46 килограмм

Кесиби: актриса

Тартылган белгилүү тасма-дорамалары: “Айрис”, “Орус кофеси”, “Сун Чонду сүйүү”, “Бактылуу үй”, “Пентхаус” жана башка

МАРКЕР МЕНЕН КӨЗҮН БОЁП...

Чаян жылдызынын алдында төрөлгөндүгү эле Ким Со Ёндун кандай мүнөзгө ээ экендигинен кабар бергенсийт. Өжөр, айтканынан кайтпаган, баарына эле ачыла бербеген кыз ата-энесинин көкүрөк күчүгү. 3 кыздын кичүүсү Со Ён кичинесинен эле ханбийке статусунда болуп, эрке чоңойду. “Модель болом” деген оюн айтканда ата-энеси чалкасынан кетип каршы болушкан. Кызынын олуттуу кесипти аркалап, мамлекеттик кызматта отуруусун каалашкан эле. Бирок 14 жаштагы Со Ён ата-энесине айтпай сулуулар сынагына катышууну чечет. “Сынакка катышуучу кыздар апалары, эжелери, курбулары менен барышыптыр. Бири чачын жасап, бири бетин боёп, көйнөгүн түздөп жатышты. А мен жалгыз. Косметика деген немеден эч нерсе жок. Элден калышпайын деп сумкамдан кадимки сүрөт тарткан маркерди алып чыктым да, көзүмдү боёп койдум. Сыналгыдан моделдердин кантип басканын көрүп жүрчүмүн да. Башты бийик көтөрүп, баягы моделдерди туурап басып сахнага чыктым...” - деп эскерген Со Ёндун өзүнө болгон ишеними калыстар тобуна да жагып, кыз 1-орунга татыйт. Сынактан кийин ага телеберүүлөргө, тасмаларга тартылууга сунуштар жамгырдай жааган.

“АКТРИСАЛЫК МЕН ҮЧҮН ЭМЕС...”

1994-жылы чыккан “Динозавр-мугалим” сериалында Со Ён дебюттук ролун аткарган. Андан сырткары жарнамалык келишимдерден 100 миллион вон
(7 миллион сомдон ашуун) алып, ошол кездеги корей шоу-бизнесиндеги эң көп каражат тапкан өспүрүмдөрдүн сап башынан орун алат. Анын алгачкы оозго аларлык ролу катары 2000-жылы чыккан “Апам жана эжем” жана “Бардыгы Ева жөнүндө” сериалдарын айтсак болот. “Негедир өз жашымдан улуу көрүнчүмүн. Режиссёрлор да менин курагымдан улуу, катаал мүнөзгө ээ кыздардын ролун сунушташчу. Башында капа болуп жүрдүм, кийин мага ушундай ролдор жарашат окшойт деп санааркабай калдым”,- деген актрисанын карьерасында бир учурда тынчтык өкүм сүргөн. Мекенинде тасмага чакыруулар болбогондуктан Со Ён Кытайга барат. Ал жакта бир-эки сериалга тартылганы менен, алар да күтүлгөн ийгиликке жетпей калган. “Актрисалык карьера мен үчүн эместир, балким, токтотушум керек” деп кайгырган Со Ён тасма талаасынан алыстап кеткен.

КАЙТЫП КЕЛГЕН ИЙГИЛИК

3 жыл. Анын тыныгуусу дал ушунча убакытка созулуп, 2008-жылы ал “Гурман” сериалы менен карьерасына кайтып келген. Ал эми 2009-жыл актрисаны кайрадан дүйнөгө белгилүү кылды. Бул жылы Кыргыз мамлекетинде да популярдуу болгон “Айрис” сериалы экранга чыккан эле. Сериалда Со Ён түндүк кореялык тыңчы кыздын ролун аткарган. Каарманынын образын жеткиликтүү ачып бериш үчүн актриса көп убакыт спорт залда уруш өнөрлөрүн өздөштүрүп, чачын да кыска кылып кырктырат. Андан кийин Со Ён суроо-талапка ээ актрисалардын катарынан орун алып, ал тартылган ар бир тасма-сериал популярдуу боло баштаган.

Учурда актрисанын куржунунда ал роль аткарган 50гө жакын тасма-сериал бар. Ошого жараша түрдүү жанрда, түрдүү образдарды ойной аларын далилдеп, ондогон кино сыйлыктарга ээ болду.

"КОРЕЯНЫН ЖОКЕРИ"

“Пентхаус” сериалын өткөрүп жибербей, учурунда кармап калганым – менин жеңишим. Дорама мен үчүн экинчи дем болду. Көп учурда чыкпай калган эмоцияларымдын баары ушул долбоордо чыкты. Кээде өзүмө таң калып жаттым. Интернетте менин каарманымды жаман көрүп, сөккөн билдирүүлөр көп. Аларды окуп алып бир чети “ии, образымды жакшы ачыптырмын” деп сүйүнөм. Баса, мени “Кореянын Жокери” деп да аташыптыр. Муну да комплимент катары кабыл алдым, аябай жакты. Бирок каарманыма боорум ооруп да кетет”,- дейт Ким Со Ён.

“Пентхауста” түрдүү саркеч көйнөк кийген, оозун кыпкызыл помада менен боёп, дайыма жасанып жүргөн, амбицияларынан көзү тумандаган, өз максатына жетиш үчүн адам өлтүрүүдөн да тайбаган “стерва” Чон Со Жиндин ролу үчүн Ким Со Ён “Эң мыкты актриса” наамына татыды.

БАКЫТ АЛЫП КЕЛГЕН “БАКТЫЛУУ ҮЙ”

2016-жылы Ким Со Ён баш каармандын ролун аткарган “Бактылуу үй” сериалын көрдүңүз беле? Дорамадагы жашоо чындыкка айланып, тасмадагы өнөктөштөр Ким Со Ён менен актёр Ли Сан Унун ортосунда махабат оту тутанган. “Экөөбүз таң атпай жолугуп, жолугушуубуз 15 саатка созулган учурлар болду. Кошумча экөөбүздүн тең иш графигибиз бар эле. Эки жакка чачырап, жетишпей баштадык. Аягында үйлөнбөсөк болбойт деп эле ачык айттым” деп күлүп эскерет актриса. 2017-жылы баш кошкон түгөйлөр учурда Түштүк Кореянын атактуу түгөйлөрүнүн катарын толуктап келишет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан