(Башы өткөн санда)
– Эже! Э-эже!- эшикти карап кыйкырды. – Эч ким ачайын дебейт да.
– Дария эже-е!- күйөөсүнүн биринчи аялын “эже” дей берсе болобу? Кыйкырганы кыйкырып алып ойлонуп кетти.
– Ой, кечирип кой!- Дария эшикти күлмүңдөй ача калды. “Тиги кичинекейдин шымын алмаштырып жаткам да”,- деди ал актангандай.
ххх
Аздан соң баары столдо чай ичкени отурушту. Дария бул үйдө көп жылдан бери кожоюндук кылган кишидей эле ашканада баарын тейлеп жатты. Нурия болсо, тескерисинче, үйдүн коногундай ал сунган чайдан ууртап отурат. Деген менен Нурия суктанып кетти бир убакта...
Күйөөсүнүн биринчи аялы укмуштуудай тың неме экен. Эки баласынын курсагын тойгузуп, Нурияга чай куюп, сүйлөп да жетишип жатты. Мунун баарын ал оңой-олтоң, жүдөп-какабастан жасап жатканы Нурияны суктандырды.
– Сен жакшы киши турбайсыңбы, сенин ордуңда мен болгондо “күйөөңдүн биринчи аялымын” деп эки баласы менен бастырып келген аялдын абийирин кетирип туруп, кууп чыкмакмын. А сен болсо колумдан чай ичип отурасың? Чайыңа бир нерсе кошуп берип өлтүрүп салсам эмне болмок?
Чай ичип жаткан жеринен көздөрү алайып токтоп калды Нурия.
– Жок, мен “чисто теоретически” айтып жатам. Чочуба антип! Мен деле жакшы кишимин, колум барбайт андайга! Экөөбүз тең жакшы адам болгон үчүн алданып отурабыз да. Жакшы адамдарды дайыма алдашат. Эмнеге, билесиңби? Анткени биз, жакшылар, адамдардан жакшы нерсени үмүт кыла беребиз. А үмүтүбүз көп учурда акталбай калат. Бирок ага карабай эле үмүттөнө беребиз.
– ...
– Сен таптакыр сүйлөбөй жатасың да. Же бизди жактырбай жатасыңбы?
– ...
– Сүйлөбөй, жактырбай койсом үйдөн чыгып кетишет десең жаңылышасың. Эч жакка кетпейм. Себеби барар жерим жок.
– Жашай бериңиздер. Мен сиздерди кубалабайм. Эки балаңыз болсо...
– Өөх,- Дария кадимкидей оор үшкүрүп жиберди. Сыртынан далдалактаган киши көрүнгөнү менен, баары бир түпкүрүндө “азыр кубалап чыгып салса кайда барам?” деген түпөйүл ой ичинен жеп жаткан болчу.
– Рахмат, Нурия!- эми ал сүйлөй албай ыйлап баштады.
– Ыйлабаңыз. Баары жакшы болот...
Бул сөздү угуп ого бетер өксүп ыйлады. Балдары апасын карап таң калып туруп беришти. Айрыкча улуусу апасын аяп карап жаткандай туюлду. Кичинекей деген менен бул балакай да апасын түпөйүл ойлор басканын түшүнгөн окшобойбу.
– Билесиңби?.. Токтоно албай калдым го. Канча күндөн бери кичинекей эле колдоо сөзгө зар болуп жүрдүм. “Ыйлаба. Баары жакшы болот” дегенге эле зар болуп жүрдүм. Эч ким айтпайт. Эрдимди кымтып, ичимден өзүм менен өзүм күрөшүп, чыдап, чыдай берген сайын, ишенесиңби, кадимкидей ушу көк желкем тырышып, оор жүк көтөрүп алгандай эле болуп жаттым. Азыр ошол сөздү сенден угуп төгүлүп кеттим окшойт.
Нурия аяп кетти. Тээ жанатан үйүн басып кирип келген аял зөөкүр чалыш сезилип жаткан болсо, азыр алдында тагдырдан токмок жеген, бирок токмок жесе да көк беттенип ыйлабай, жан талашып жүргөн аялды көрдү. Назик болгусу келген, эркелегиси келген аялды көрдү. Карачы, кичинекей эле колдоо сөзгө көз жашын көл кылып төгүп салганын. Ичинен бышып, кыжалаттыгы мелт-калт толгон экен.
– Уфф... Кадимкидей жеңилдей түштүм,- деди саамдан кийин ыйлап бүткөн Дария.
– Балдарыңыз аябай жоош экен. Мотурайып сизди аяп карап отурушат...
– Бул байкуштар деле түшүнүп жатышса керек да апасын. Баса, балдарымды тааныштырбай койгон турбаймбы... Бул улуусу Даниель, 4 жашта. А бул Марсель 1 жаштан өттү.
– Аттары башкача экен.
– Ооба, кыргызча эле ысым коёлу десем тиги ата сөрөйү болбой коюп койгон. Мен жакшы эле айттым. Кичине кезинде Марсель деген ысым жараша берет. А кийин карыгандачы? Сен, мисалы, Марсель деген кыргыз абышканы көрдүң беле? Кыргыз абышкаларга Бегалы, Нуралы деген сыяктуу ысымдар жарашат да. Кийин Марсель дегенге кемпиринин деле тили келбей калса керек...
– Дария эже, мен азыр мындан ары эмне болорун билбей эле турам. Балким, сиз айткандай, Каныбек өлгөн эмес болсо, ал келсе баары чечилет. Эгер келбесе, өлүп калган болсо эмне кылабыз билбей турам... Бирок үйдө жашай бериңиздер.
– Мен сага ачык эле айтайынбы, бул үй балдарымдын ырыскысына алынган үй. Каныбек өлүк болсо да, тирүү болсо да бул үй балдарымдыкы.
– Мыйзамдуу түрдө меники...
– Адамгерчилик жактан алганда үй балдарымдыкы. Чындай келсе... Ээх, билбейм, эмне кылышты.
– Сиз кам санабаңыз, жаңы эле тааныштык. Жанатан айткан сөздөрүңүз далилденсе эле мен сизге үйдү өткөрүп берем.
– Сен биз менен эле чогуу жашай бер.
– Жок, мен ата-энемдикине барам.
– Нурия, чыккан кыз чийден тышкары. Барбай эле кой. Эриң өлгөн болсо да сен эми ал жакка батпайсың. Жашай берели чогуу эле. Сен байкабай жатасыңбы, экөөбүз “родственные души” турбайбызбы. Бири-бирибизди дароо түшүнүп кеттик.
– Бир кишинин эки аялы бир үйдө жашай бергени туура болобу?
– А биз бир кишинин аялдары экенибизди эч кимге айтпайбыз. Курбуларбыз деп коёбуз... Биз чындап эле мыкты курбу болуп кетишибиз мүмкүн. Мен негизи сүйлөшө турган кишим менен гана сүйлөшөм. Болбосо көп адам менен чарт-чурт болуп кетчүмүн.
Нурия ойлоно түштү. Бирок чечим чыгарганча эле эшик тыкылдады. Аялдар бири-бирин элейип карап калышты. “Чындап эле Каныбек келген болсочу?” деген суроо дароо экөөнө тең келди. Бирок сырттан Каныбек эмес, Нуриянын апасы кирип келди.
– Кандайсыңар?- деди ал ашканага кирип келип.
– Жакшы, апа, сиз кайдан?
– Үйдөн...
– Саламатсызбы? А мен...- Дария сөзүн улай албай туруп калды.
– Апа, бул менин курбум Дария... Биз чогуу жашайлы деп чечтик.
Нуриянын апасы экөөнү суроолуу тиктеди.
– Неме... Менин күйөөм өлүп калбадыбы, Дариянын күйөөсү да өлүп калыптыр... Экөөбүз тең күйөөбүз өлүп калгандыктан...
Нуриянын апасы аларды акылы кем кишилерди карагандай карады.
– Кыскасы, эки жесир...
– Жок-жок... Бизди азыр жесир дегенге болбойт. Нуриянын күйөөсү өлүү-тирүү экени белгисиз. Бирок ал, “скорее всего”, тирүү. А менин күйөөм дагы өлдү деген менен “скорее всего” тирүү...- Дария сүрдөгөнүнөн алдастай түштү.
– Эмне? Экөөңөрдүн күйөөңөр бир кишиби?
– Жо-ок!- экөө бирдей айтты.
– Биз курбуларбыз... Болгону тагдырыбыз окшош болуп калды окшойт. “Скорее всего...”
– А эмнеге мурда мен бул курбуңду көргөн эмесмин?
– Бул...- Нурия такалып эмне деп жооп берерин билбей туруп калды.
– А биз жакында эле тааныштык. Аялдардын бири-бирин колдоо уюмунан тааныштык.
– Ошондой уюм бар бекен?
– Ооба... Сиздин кызыңыз мени колдоого алды.
– Аа... Мейли. Нурия, мен шашып жаттым эле. Мен баягы боюнча келдим. Үйдү күрөөгө койсо болот экен. Банктагылар миллиондун тегерегинде бере алабыз дешти,- Дарияны шектүү карап алып Нуриянын апасы кызына кайрылды.
– Бул үйдү күрөөгө койгонго болбойт!- Дария чочуган кишидей жооп берди.
Нуриянын апасы “буга эмне болду?” дегендей таң кала тиктеди. “А сен кимсиң? Үй кызымдыкы. Коёбу-койбойбу өзү билет. Сага эмне жок” деп жатты ал ичинен.
– Аягы жаман бүтөт... Күрөөгө коюуга болбойт. Кадимкидей сезип жатам.
– Эмне дейт?
– Ишенесизби?.. Мен экстрасенсмин. Алдыда эмне болорун билем. Үйдү күрөөгө койчу болсоңуз “чёрная полоса” башталат. Ошол үчүн...
Мунуң чын айтып жатабы дегенсип апасы Нурияны карады. Нурия эки жагын элеңдей карады да, анан ишенимдүү түрдө башын ийкегиледи. “Дария чын эле экстрасенс” деди ал мукактана.
– Көзү ачыкпы?- Нуриянын апасынын көздөрү жайнай түштү...
(Уландысы кийинки санда)