Чыңгыз Айтматовдун ааламы абдан кенен, берейин деген ою да терең. Залкар жазуучунун чыгармаларында учкул кепке айланган кээ бир ойлоруна көз салсак.
• Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы – үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү.
• Эгер Мекен баштыктай сүйрөп өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.
• Канча жер, канча мейкиндик жана канча жарык болсо да адамга баары бир бир нерсе жетпейт. Баарынан биринчи – эркиндик.
• Адамдар тагдырды издейт, а тагдыр адамдарды.
• Адамдын ичи-коюну ачыгы эле жакшы, сасыткылар кайра ошол тымпыйгандардан чыгат.
• Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.
• Көзгө көрүнгөндүн баарын күбө кылып тырмактын астынан кир издеп турган заманда бирөөгө таарынуунун өзү чекилик.
• Улуу адам – жанындагылардан да улуулук касиетти көрүүгө умтулат.
• Чиркин, адамдын ички дүйнөсүнүн байлыгы, акыл-эси качан модага айланар экен?
• Акыйкат кеч болсо да салтанат курат.
• Ойдун ылдамдыгы эбегейсиз, ал эми жарыктын ылдамдыгы саналуу.
• Кыянатчылыктан кыянатчылык жаралат.
• Мансап деген бийик жана жооптуу даража, аны көрүнгөн адам көтөрө албайт.
• Акчанын арааны жүргөн жерде адалдык орун таппай чыркырап качат.
• Ар бир башталган нерсе эртеби, кечпи аяктайт.
• Өзгөгө – сабак, өзүңө – жаза.
• Өмүрдүн чыныгы баркы – ишенимде, бактысы да – ишенимде.
• Аял – бул аял. Аялдар бат-баттан ыйлашат. Ыйлашат, анткени баарын аяшат.
• Өмүрдө аталык сезимден артык, андан күчтүү сезим жок.
• Миң адамдын арасында жалгызсың. Жалгыз калсаң да жалгызсың.
• Сен дем алып турганда өлүм дайыма сени менен, өлүмдөн кийин өлүм жок.