СТУДЕНТТЕР ТАЙМАШЫ

Cтуденттик бурч

17-ноябрь – студенттер үчүн чоң майрам. Бул майрамдын урматына Бишкектеги ЖОЖдордун эң мыкты деген студенттерин топтоп, акыл таймаш өткөрүп жатканбыз. Өткөн саныбызда 6 окуу жайдын студенти катышып, экөө финалга чыккан. Бүгүн да таймаш ошондой ыкмада өтмөкчү.

ТАЙМАШТЫН ШАРТЫ
Бишкектеги 12 жогорку окуу жайдын мыкты студенттери таймашышат. Аларды эки топко бөлдүк. Финалга 1-топтон эң көп упай топтогон экөө чыгат да, 2-топтун 2 мыктысы менен ат салышат. Сынактын шартына ылайык, кыргыз адабиятынан, тарыхтан, географиядан даярдалган суроолорго жооп беришет. Сунушталган 3 жооптун бирин тандашат. Мындан тышкары логикалык суроо жана макал-лакапты улантуу тапшырмасы берилет. Айтылган макал туура уланса – 1 упай, тамашалуу, заманбап макал жарата алса – 1 упай, шартты толук аткарса, 2 упайга ээ болот. Ойлонууга 1 мүнөт, макал-лакапка 2 мүнөт берилет. Калган суроолордун толук жообу 1 упай менен эсептелинет. Жеңүүчү гезиттин кызыктуу сыйлыгына ээ болот.


БИШКЕК ФИНАНСЫ-ЭКОНОМИКАЛЫК АКАДЕМИЯСЫ
Катышуучу: Айдай Бердибекова, 4-курстун студенти

Кыргыз адабиятынан суроо:
– “Манас” эпосу кандай окуяларды баяндоо менен башталат?
Айдай: Талоонго учурап, туш-тушка тарап кеткен кыргыздардын оор абалын сүрөттөө менен.
Жооп туура, 1 упай.

Тарыхтан суроо:
– Аустерлиц салгылашуусунда Наполеонго каршы кайсы өлкөлөрдүн аскерлери турган?
Айдай: Орусия, Испания.
Туура жообу: Орусия, Австрия, 0 упай.

Географиядан суроо:
– Кайсы өлкөдө чочко чарбасы кеңири таркаган?
Айдай: – Германияда.
Туура жообу: Кытайда, 0 упай.

Макалды улаңыз:
– Буудайдын барар жери тегирмен...
Айдай: – Кыздын барар жери күйөө. Ал эми тамашалуусу, Акаевдин барар жери Орусия. Иттин кирер жери кепе, ха-ха...
Макал туура уланды жана тамашалуу жооп кабыл алынды, 2 упай.

Логикалык суроо:
– Ит 10 метрлик жипке байланган. Бирок 300 метрди басып өткөн, кантип?
Айдай: – Ошондо 30 жолу баскан да (күлүп). Же жипке байлана элегинде басып өткөн.
Туура жообу: Жиптин экинчи учу эч нерсеге байланган эмес, 0 упай.

Жыйынтыгында Айдай 3 упай топтоду.


БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ
Катышуучу: Атай Муратбеков, 3-курстун студенти

Кыргыз адабиятынан суроо:
– Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” деп аталган улуу дастанынын башкы каарманы ким жана ал эмненин символу катары берилет?
Атай: – Күнтууду, бийликтин символу.
Туура жообу: Акдилмиш, акылдын символу, 0 упай.

Тарыхтан суроо:
– Москва качан жана ким тарабынан негизделген?
Атай: – Юрий Долгорукий.
Жооп туура, 1 упай.

Географиядан суроо:
– “Шаар” деген сөз арабча?
Атай: – Вади.
Туура жообу: Медина, 0 упай.

Макалды улаңыз:
– Катын алсаң, отун ал...
Атай: – Башын уккам, уландысын уккан эмесмин. Жок, билбейм. Отунуң болсо, катыныңды сатып сал, башка алып аласың (күлүп).
Уландысы: ... бир кучагын ашык ал. Тамашалуу жооп кабыл алынды, 1 упай.

Логикалык суроо:
– Терезе менен эшиктин ортосунда эмне турат?
Атай: – Стол, асма чырак. Жок, таптым, "менен” деген сөз турат.
Жооп туура, 1 упай.

Жыйынтыгында Атай 3 упай топтоду.


КОСУ КЫРГЫЗ-ОРУС СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИ
Катышуучу: Байар Жумашев, 2-курстун студенти

Кыргыз адабиятынан суроо:
– Улуу акын Жеңижоктун өз аты ким?
Байар: – Өтө Көкө уулу.
Жооп туура, 1 упай.

Тарыхтан суроо:
– Зевс Кудайын римдиктер эмне деп аташкан?
Байар: – Марс.
Туура жообу: Юпитер, 0 упай.

Географиядан суроо:
– Дүйнөдөгү эң чоң шаркыратма кайсы?
Байар: – Виктория.
Туура жообу: Ниагара, 0 упай.

Макалды улаңыз:
– Жакшы атка бир камчы...
Байар: – Жаман атка миң камчы. Жаман кызга көп жигит. Жаман, бирок кылыктуу кыздын артынан көп жигит чуркайт да, ха-ха...
Макал туура уланды, тамашалуу жооп кабыл алынды, 2 упай.

Логикалык суроо:
– 2 литр сүттү канткенде 1 литрге батырууга болот?
Байар: – Кантип батырууга болот? 1 литрди куюп, аны төгүп, кайра экинчисин куят.
Туура жообу: Кайнатып, 0 упай.

Жыйынтыгында Байар 3 упай топтоду.


К.СКРЯБИН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ
Катышуучу: Нургазы Маматов, 3-курстун студенти

Кыргыз адабиятынан суроо:
– Ш.Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасындагы Автандил баатырдын сүйгөнү ким?
Нургазы: – Тинатин.
Жооп туура, 1 упай.

Тарыхтан суроо:
– Эң алгачкы китеп канчанчы жылы жана кайдан басылып чыкан?
Нургазы: – 1445-жылы Германиядан.
Жооп туура, 1 упай.

Географиядан суроо:
– Кайсы өлкө эң чоң гидроэнергетикалык потенциалга ээ?
Нургазы: – Кытай.
Жооп туура, 1 упай.

Макалды улаңыз:
– Ишенген кожоң сууга акса...
Нургазы: – Кандай эле? Такыр эсимде жок. Билбейм. Тамаша жооп: жата калып таш менен ур. Биротоло чөгүп кетсин да. Азыркы кожолорго ушундай мамиле болот (күлүп).
Уландысы: ... алды-алдынан тал карма. Тамашалуу жообу кабыл алынды, 1 упай.

Логикалык суроо:
– Бир убакта жер жүзүндөгү адамдар эмнеге кабылышат?
Нургазы:(Көпкө ойлонуп) Убакыткабы? Билбейм. Эмнеге?
Туура жообу: Карылыкка, 0 упай.

Жыйынтыгында Нургазы 4 упай топтоду.


ЖУСУП БАЛАСАГЫН МЕНЕН ИШЕНААЛЫ АРАБАЕВДИН АТЫН БУЛГАШТЫБЫ?
Өткөн сандарыбыздын биринде дагы 6 ЖОЖдун студенттери таймашарын жазган элек. Ооба, план боюнча 6 студент келген. Бирок таймаш аягында Кыргызстандагы аброю чоң Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин намысын коргоого келген студенттин жосунсуз жоруктарынан улам анын таймашын гезит бетине жарыялабоону туура көрдүк. Бул башталышы эле. Дегеним, ошол таймашта дагы бир жагымсыз окуя болду.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти чын эле өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп, оюн аягында жеңишке жеткен. Бул кубандырат, бирок биз баарыбыз студент деп эсептеген адам таймаш аягында студент эмес эле, деканатта катчы болуп чыкпаспы (аты-жөнүн жазбоону туура көрдүк)!
Таймаштын алдында, тагыраак айтканда, бир жума мурун университеттин ректоратына байланышып, студенттер арасында сынак өткөрүп жатканыбызды айтып, эң мыкты бир студентти жиберүүлөрүн суранганбыз. Мындай студентти таппай коюшканы күмөн туудурат. Анткени аталган окуу жайда бычакка сап боло тургандай студент көп деп билебиз. Сыягы, бул жөн гана ректоратта иштегендердин кайдигер мамилеси болду окшойт.

ФИНАЛГА КИМДЕР ЧЫГЫШТЫ?
Бул таймашта Нургазы 4 упай топтоп финалга чыкса, ал эми Айдай, Атай, Байар үчөө 3төн упайга ээ болушту. Сынактын шарты боюнча, финалга эки оюнчу чыгыш керек эле. Ошондуктан бул үчөөнүн ортосунда кошумча таймаш жүргүзүүнү туура көрүп, суроолорду узаттык.

– Нарын дарыясы кайсы чоң дарыянын түзүү­чүсү?
Атай: – Сырдарыя.
Байар: – Сырдарыя.
Айдай: – Амударыя.
Туура жообу: Сырдарыя.

Кийинки суроо туура жоопту айткан Атай менен Байарга берилди.

– “Советтик Кыргызстандын кызы” аттуу белгилүү картинанын автору ким?
Байар: – Чуйков.
Атай: – Чуйков.
Туура жообу: Семён Чуйков.

Байар биринчи болуп туура жоопту айтып, жеңүүчү деп табылды.

Ошентип, жыйынтыгында К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Нургазы Маматов менен Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Байар Жумашев финалга чыгышты. Эмки саныбызда мыктылардын мыктысы деп тандалган 4 студент биринчилик үчүн ат салышмакчы.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
venadina
2010-11-12 22:23:30
Нургазы алга!!! Ушунундан жазба!
0
cosmopolit
2010-11-13 00:44:36
чынында эле Нургазы кучтуу экен... азамат..., ал эми улуттук университеттин аты эле калган го заты жок... уят...
0
Aelina
2010-11-13 08:31:14
AUSA menen Slavanskiyge karaganda Agrarniydin studenti bilimi kuchturook go.
0
alexandra
2010-11-13 10:35:30
Aelina, sen bilesinbi AUCAda emneni okutat? Bilip turup suylogun, bul universitette okuu anglis turundo, matematikany, biznesti, hot antropologiyany anglis tilinde okushat, en kuchtuu, anglis tilin mykty ozdoshturgon studentter gana kabyl alynat, sen bilbey turup chulduraktaba
0
happykyz
2010-11-13 13:51:44
alexandra, englishti bilse ozdoruno, bulardyn baaryn mektepte dele okutat, eger bilseniz.
0
supernurgazy
2010-11-13 14:12:34
Александра, билим Англисче гана берилеби? Ийгилик сага Теска!
0
swan
2010-11-13 23:40:59
Nurgazi men seni Agrarnuidan korgodo ele zirek bala ekeningdi baikagam, uigilik
Salam Finlyandiyadan,Buirusa jakinda barabiz Agrarnuiga
0
Arimaz
2010-11-14 22:32:15
Nurgazi Mamatov Kyrgyz-Turk Manas universitetinde okubai kaldi bele?. Al balani men oshol jaktan korup kalchum.
0
Tokmok
2010-11-19 01:20:28
Iyigilik baldar,kyzdar!!! Superinfogo choon razychylyk, abdan jakshy eken!!! Studentterdi kyzyktyryp,bir nerse uiyushturganynar abdan jakshy..... Sizderge da iyigilik!
0
№ 419, 12-18-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан