Cоциалдык түйүндө бизнести ийгиликтүү илгерилетүү үчүн кандай адистер керек? 2021-жылы көп талап кылынуучу интернет-кесиптерди эксперт менен талкуулайбыз

Социалдык тармактардын өнүгүүсү жана популярдуулугунун үзгүлтүксүз өсүшү Кыргызстандын эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон жаңы кесиптерди пайда кылды.

Чындыгында, продукт же компаниянын брендин интернет аянтчасында ийгиликтүү илгерилетүү үчүн бүтүндөй бир команда иштеп, алардын ар бир өкүлү өзүнө тийиштүү маселе үчүн жооп бериши керек. Адистер анализ жана контентти тандоодон тартып, ар кандай форматтагы иш-чараларды уюштурууга чейинки көптөгөн тапшырмалардын аткарылышына жооп беришет. Мисалы, буга чейин автордук текстти жараткан адам, ошондой эле соцтармакта аны жайылтуу менен алектенип, андагы статистикага көз салып, кайра пикир билдирүүгө аргасыз болгон күндөр азыр артта калды.

Социалдык тармактар аркылуу бизнести илгерилетүү боюнча эксперт, "SMMге кыскача киришүү" кыргыз тилиндеги колдономосунун автору Салтанат Жумакалый кызы, 2021-жылы коммуникация тармагындагы кайсы кесиптер популярдуу экенин айтып берет.

«Бул маалымат компаниянын же мекеменин жетекчилигине пайдалуу болот. Анткени, мисалы SMM адиси менен копирайтердин ортосундагы айырмачылыкты көрө билүү жана бир нече адистер көрсөтө турган кызматтардын акысы пакет менен коммерциялык сунушка кантип кирип калганын түшүнүү өтө маанилүү”,- дейт эксперт.

Бирок алар кимдер?

Эң популярдуу позициялардын бири – бул долбоордун башкы менеджери, ал мессенжер же башка байланыш каналдары аркылуу аудиторияга ар кандай маселелер боюнча кеңеш берет.

Контентти жарыялоо, комментарийлерге жана билдирүүлөргө мониторинг жасоо, байгелерди ойнотуу, сынак жана марафондорду өткөрүүдөгү бардык административдик процесстерди уюштурууга жооптуу - сайттын администратору болуп эсептелет.

Сатуу боюнча менеджер соцтармакта продукттун көрүнүшүн вебсайт жана соцтармактын баракчасы үчүн даярдайт, продукт тууралуу маалыматты жарыялайт, кардарлардын буйрутмаларын аткарат жана жеткирилип берилишин көзөмөлдөйт.

Блогердин жардамчысы административдик иштерди жүргүзөт, фотосессияларды уюштурат, катталгандар менен жарнама берүүчүлөрдүн баарлашуусуна, ошондой эле башка маселелерди чечүүгө жардам берет.

Ар кандай маркетинг инструменттерин колдонуу менен аккаунтту илгерилетүүгө жарнама боюнча менеджер жооптуу.

Окуялардын контент-планын сюжетти жаратуучу түзөт. Ал ошондой эле ар кандай материалдарды даярдоо үчүн идеяларды жаратып, аларды кызыктуу окуяларга айлантат.

YouTube каналдары үчүн сценарий жазуучу, аты айтып тургандай эле, белгилүү видеохостингде жайгаштырылуучу видеороликтин сценарийин жазат.

Чатты иштеп чыгуучу суроо-талап кызматын программалайт жана даярдайт. Техникалык адис болсо башка адистерге техникалык колдоо көрсөтөт жана ар кандай форматтагы иш-чараларды уюштурууга жардам берет.

«Жогоруда аты аталган адистердин тизмеси – бул жаңы кесиптердин бир гана бөлүгү. Мен жаңы тренддерден артта калып калбаш үчүн манжаңызды ар дайым тамырыңызда кармап турууну сунуш кылам! Менин сунуштарым көп адамдар үчүн алардын кызматтарын жана товарларын эффективдүү илгерилетүүдө пайдалуу болот деп үмүттөнөм», - деп өз сөзүн жыйынтыктады баштапкы SMM адистер, стартаптар жана ишкерлер үчүн колдонмонун автору.

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfOEfAxlFJV3WBv_7_p4A3iAx9bx7bXJdZzJMApQXhpoHjBzg/viewform

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА