АЙЫЛ БАНКТАН “СТАНДАРТТЫК ЧЕНГЕ +1 ЖАНА +2” АКЦИЯСЫ УЗАРТЫЛДЫ

"Айыл Банк" ААКсы буга чейин жарыялаган "Стандарттык пайыздык ченге + 1 жана + 2" акциясын жыл аягына чейин узартууну чечти.

Аталган акцияга ылайык, кардарлар “Айыл Банктын” жакын жайгашкан кеңсесинин бирине келип, улуттук валютада 24 жана 36 айга, башкача айтканда, 2-3 жылга жылдык 14%га чейинки чен алдында “Керемет”, Ардагер” жана “Кенч” депозиттерин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ошондуктан 31-декабрга чейин каалаган депозитти ачып, акча топтоо ыңгайлуулугунан пайдаланууга үлгүрүп калыңыздар.

ЖОГОРУДА КӨРСӨТҮЛГӨН ДЕПОЗИТ ТҮРЛӨРҮ БОЮНЧА МААЛЫМАТ:

  • "Кенч" мөөнөттүү депозити – бул толуктоого же бөлүп алууга мүмкүн болбогон, жогорулатылган пайыздык чен алдында белгилүү бир мөөнөткө банкка салып коюуга мүмкүн болгон бош акча каражатына ээ болгон кардарлар үчүн каралган. Аманаттын бул түрү кепилденген туруктуу киреше алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
  • Пенсионерлердин көпчүлүгүнүн топтогон каражаты болсо керек... Демек, банк сунуштап жаткан "Ардагер" депозити алар үчүн кошумча киреше булагына айланып, пенсияга олуттуу үстөк болушу мүмкүн. Аманатчыга ай сайын пайыздар төлөнүп турат, ошондой эле алардын өтүнүчү боюнча пайыздарды капиталдаштыруу шарты да каралган.
  • Эң эле сарамжалдуу кардарлары үчүн “Айыл Банк” “Керемет” топтолмо депозитин сунуштайт. Пайыздар ай сайын төлөнүп турат же кардардын талабы боюнча капиталдаштырылышы мүмкүн. Аманатты кошумчалап турууга чектөөлөр белгиленген.

Депозиттер (аманаттар) боюнча кеңири маалымат менен банктын www.ab.kg дареги боюнча расмий сайтынан таанышууга болот.

Кыргыз Республикасынын “Банктык депозиттерди (аманаттарды) коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, “Айыл Банк” ААКсы депозиттерди коргоо системинин катышуучусу болуп саналат жана 2009-жылдын 12-августунда ага катышуучу банктардын тизмесинде катталган.

Сурап-билүү телефондору: 0(556, 707, 312, 222) 68 00 00

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан