3D СҮРӨТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
3D бул – үч өлчөмдүү (three-diemensional) деген сөздүн кыскача берилиши. Нерселер реалдуу дүйнөдө чынында эле үч өлчөмгө ээ. Мисалы, биз нерсенин узундугун, туурасын, бийиктигин өлчөй алабыз. Ушул үч өлчөмдү берүүнүн сырларын билген таланттуулар бар. Натыйжада алар көргөн көзгө ишенбегидей эмгек жарата алышат.
Көчөдө баратып, мисалы, сиз оюлган жерге, күйүп жаткан отко же шаркырап аккан сууга туш болуп калдыңыз дейли. Бирок жакшылап байкап көрсөңүз, ал чеберчилик менен асфальтка тартылган сүрөт болуп чыгат. Сиз баамдагандай, сөз асфальтка тартылган сүрөт тууралуу баратат.
Алып айтсак, Лондон, Париж, Барселона сыяктуу чоң шаарлардын көчөлөрүндө “жандуу” көрүнгөн мындай сүрөттөр жаңылык болбой калган.
Эң кызыгы, сүрөт кадимки бор менен тартылат жана кейиштүүсү, аларды сүрөткө же видеого тартып гана эстеликке алып калбаса, бат эле сууга жуулуп же чаң басып, өчүп калат.