ЖҮНДӨН ТОКУЛГАН КИЙИМДИН ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ

Заманбап технологиялар жылуу, бекем, жеңил, аба өткөрүүчү жаңы материалдарды чыгарууга мүмкүндүк берет. Ошентсе да кыргыз эли жашоосунда кеңири колдонгон жүндөн жасалган кийимдер ден соолук үчүн абдан пайдалуу экенин билесизби?

  • Жүндөн илгертен бери түрдүү кийимдер жасалып келет. Дарылык касиети – андагы жаныбар чайыры болуп эсептелген ланолинде. Ланолин – адамдын терисиндеги температуранын арты менен эрип, териге жакын жайгашкан капиллярдык кан тамырлардын иштөөсүн жакшыртат, кеңейтет, кандын басымын канча бир өлчөмдө түшүрөт, оорутууну басаңдатат, булчуң, муундарга жакшы таасир этет.
  • Жүндүн түктөрү териге тийгенде аны массаждайт, нервдерге оң таасир берет.
  • Жүндөн жасалган моюн орогуч, кур, жоолук, байпак, кол кап, өтүк, шапке жана башка кийимдерди түрдүү ооруларда колдонушат. Өзгөчө бел, муундун артрит, кызыл жүгүрүк, ишиалгия, остеоартроз оорусунда пайдасы чоң. Аталган ооруларда жүндөн жасалган одеялону жамынып же салынып жатуу, жүн кийимдерди кийүү кажет.
  • Жүн буюм отит, гайморит, ангина ооруларында кургак компресс катары пайдаланылат. Козулардын жүнүнөн жасалган кийимдер бөйрөк жана боор ооруларында өзгөчө пайдалуу. Бирок аны жылаңач денеге кийип, сайгылаганына чыдоо керек. Жүн кийимдерди жүнгө аллергиясы жоктор гана кийиши кажет.
  • Жүндүн ден соолукка көбүрөөк пайдасы тийиши үчүн анын боёлбогон, нак түрүн колдонуу керек. Жүн көпшөк түзүлүшү менен нымдын 30 пайыздайын өзүнө жутса да кургак калат. Андыктан жүн физиотерапия, горчичниктин ролун канча бир деңгээлде аткарат. Жүн кийимди ысык сууга кир жуучу айна менен жууса дарылык касиетин жоготот. Жылуу сууга салып самындап жууңуз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан