ООРУ ЖАРАЛБАШЫ ҮЧҮН КАЙСЫ АЗЫКТЫ ЭМНЕ МЕНЕН ЖЕШ КЕРЕК?

“Азыктардын туура айкалышы дегенди билүү үчүн алгач алар кандай азык түрүнө кирерин жана кантип сиңириле турганын билүү керек. Ошондо баары түшүнүктүү болот” дейт гастроэнтеролог Света Буланова.

УГЛЕВОДДУУ АЗЫКТАР

Тамак-аштар негизинен углеводдуу, белоктуу жана май болуп бөлүнөт. Углеводдууларга курамында крахмал, клетчатка, сахароза, фруктоза жана глюкоза, лактоза бар азыктар кирет. Атап айтсак, кант, бал, мармелад, мейиз, печенье, шоколад, кыям, курма, кондитердик азыктар, картошка, жүгөрү, күрүч, кызылча, банан, халва, макарон, коон, гречка, буурчак, чечевица, сулу, арпа, таруу, сорго, маш, нут, сабиз, петрушка, укроп, капуста, кара өрүк, дарбыз, өрүк, шабдалы, таттуу алма, апельсин, мандарин, карагат, сүт жана сүт азыктары, кулпунай.

Жашылчалардын курамы клетчаткадан (булача) тургандыктан көк чөптөр, помидор, бадыраң, ашкабак, салат, спаржа, чамгыр, сельдерей да углеводдуу азыктарга кирет. Бирок булар бат сиңет.

Крахмалдуу азыктарга күрүч, нан, кондитердик азыктар, жүгөрү, картошка, сулу, арпа, гречка, сорго, чечевица, буурчак, маш, нут кирет. Булар ашказанда кеч сиңип, аны сиңирүү үчүн убакыт жана энергия көп кетет. Болжол менен 2-3 саатта сиңет.

Ал эми курамында сахароза, глюкоза, фруктоза бар азыктарга кант, бал, таттуу мөмө-жемиштер кирет. Булар жеңил жана бат сиңет (30-40 мүнөт).

БЕЛОКТУУ АЗЫКТАР

Буларга курамында белок бар азыктар кирет. Жаныбарлардан алынуучу белокторго эт, анын ичинде канаттуулардын эти, балык, кальмар, креветка, жумуртка, быштак, сүт, сыр, йогурт кирет. Курамында белок бар өсүмдүктөргө гречка, сулу үлпүлдөгү, көк буурчак, чечевица, бадам жана башкалар кирет.

Жалпысынан алганда, белоктуу азыктардын сиңишине 1-4 саатка чейинки убакыт керектелет. Алып айтсак, жумуртка 45 мүнөттө, тоок эти 1,5-2 саатта, уй, кой эти 3-4 саатта сиңет.

МАЙЛАР

Буларга жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган майлар кирет. Мисалы, рапс, жүгөрү, күн карама, зайтун жана жаңгак майлары, каймак, мал менен канаттуунун, балыктын майы, майонез, сары май жана башкалар кирет.

Майлар толук сиңүү үчүн ашказан-ичегиде 5-6 саатка чейин кармалат.

АЗЫКТАР ЭМНЕЛЕРДИН АРТЫ МЕНЕН СИҢИРИЛЕТ?

Белок, углевод, май ар түрдүү убакытта аш болуп, ичегиде сиңирилет. Андан тышкары алар бөлүнүп, ажырап, анан сиңиши үчүн бирине түрдүү ферменттер керектелсе, башкасына шилекей, дагы башкаларына кычкылдар, ашказан маңызы керектелет.

Углеводдуу азыктар. Булардын ичинен курамында крахмал бар тамак-ашты жегенде крахмал ооздогу шилекейдеги амилаза ферментинин арты менен канча бир деңгээлде бөлүнүп, ажырап сиңириле баштайт. Калганы уйку бези бөлүп чыгарган амилаза менен сиңирилет. Ичке ичегидеги энтероцит ферменттери курамында сахароза, фруктоза, лактоза, глюкоза барларды эритип, сиңирет.

Курамында клетчаткалар бар азыктарды ферменттер ажыратып, бөлө албайт, бул ичке ичегидеги микроорганизмдердин арты менен гана ишке ашат.

Белоктуу тамак-аштар ашказандагы туз кычкылынын, пепсин ферментинин, 12 эли ичегидеги трипсин жана башка ферменттердин арты менен ажырап-бөлүнүп, сиңирилет.

Майлар ашказан маңызы менен ашказандагы туз кычкылынын, уйку бези бөлүп чыгарган липаза ферментинин арты менен ажырап-бөлүнүп, сиңирилет.

Демек, жогоруда айтылгандардан түрдүү тамак-ашты сиңирүүгө түрдүү заттар жана ар кандай убакыт керек экендигин билдиңиз. Эми тамак-аштарды аралаштырып жегенде эмне болот?

АЗЫКТАРДЫН ТУУРА АЙКАЛЫШЫ (ЖЕ ЭМНЕНИ ЭМНЕ МЕНЕН ЖЕСЕ БОЛОТ?)



НАНДЫ БАШКА ТАМАККА АРАЛАШТЫРЫП ЖЕГЕНДЕ...

Картошка кошуп макарон бышырып, же палоо басып аны нан менен жедиңиз. Же гречка, күрүч, сулудан ботко жасап аны да нан менен жеп алдыңыз дейли. Аталган азыктардын баарынын тең курамында крахмал бар. Крахмалдар ашказан, ичегиге барганда желимдей болуп чапташып, ичегиден ары жылышы кыйындайт. Тамак туруп калат да, ачып-кычып, организмди ууландыра баштайт, ич катуусу да мүмкүн. Крахмалдардан турган тамактарды кошуп жегенде ашказан-ичеги оорулары жаралат, ал эми оорусу барлардын оорусу күчөйт.

Козу карындын курамында цинк, коргошун, кадмий жана башка элементтер болот. Козу карынга нанды кошуп жегенде сиңирүү кыйындайт.

Майлуу этти же колбаса менен нанды кошуп жегенде аларды сиңирүү үчүн ар башка фермент керек. Анча ферментти организм бир убакта бөлүп чыгарышы кыйын. Андыктан бири эрте, бири кеч бөлүнүп чыгат. Бул организмге күч келтирип, билинбей оорулар жаралат.

Нан менен кыям жегенде экөө тең углеводдуу азык. Ичти көптүрөт, зарна кылат, ашыкча салмакты жаратат.

Нанды ошондой эле беш бармак менен жегенге болбойт.

Нан менен ачытылган капуста, туздалган жашылча менен жегенде ичти көптүрөт, зарна кылат.

Эскертүү: айрым диетологдор нанды бир аз сыр менен, ошондой эле жашылчалар кошулуп бышырылган суюк тамактар менен кээде жесе болот дешет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nurila02
2021-08-23 19:12:15
Биз анда эмне жейбиз
+3
Mubarak
2021-08-25 12:35:10
Мен баардык тамак мн сахар кошуп чай ичем ушулда зыян болсо кк
+1
Sakubek
2021-08-27 11:27:55
Мен нан кошпой жейм. Баардык тамактарга
0
kkkk3259780
2021-08-27 14:44:19
боорсокту да нан менен жейм деп кой,)
0
alym21
2021-08-29 23:19:49
Хлеб-всему голова. Нан болсо ыр да болот деген создор ошондо суу кетпей калабы.
0
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан