«ОСКАРДЫ» САМАГАН РЕВВА

Азыркы кезде "Комеди клаб" юмор клубу эң популярдуу көрсөтүүлөрдүн арасында. Буга мисал катары көптөрдүн уюлдук телефондорунда "Комеди клабдын" тамашалары жаңырарын айтсак болот. "Комеди клабдын" ийгиликтеринин сыры – актёрлорунун таланттуу экендигинде. Ал актёрлордун бири – Александр Ревва.

Толук аты-жөнү – Александр Владимирович Ревва
Сахнадагы лакап аттары –
Артур Пирожков, Алексей Новацкий, Бабушка
Туулган жылы –
1974-жыл, 10-сентябрь
Туулган жери –
Украинанын Донецк шаары
Жактырганы –
Адамдардын шайыр күлкүсү, ошондуктан сахнага чыгат.
Жактырбаганы – Аялдын, иттин, мышыктын ачуу үнү

ТЕМИР УСТАДАН “ЖЫЛДЫЗГА” АЙЛАНУУ
Александрдын балалыгы Совет бийлигинин өркүндөп турган 70-80-жылдарына туура келет. Анын үй-бүлөсү украиналык еврейлер болгондуктан, ынтымактуулугу жана тактыгы менен башкалардан айырмаланып турчу. Болочок жылдыз мектепте билим алуудан башка эч нерсеге деле кызыккан эмес. Өзү менен тең балдар сымал жок дегенде музыкага, спортко таптакыр көңүл буруп да койбогон. Мектепти эптеп аяктап, колуна аттестат алган соң атайын техникалык окуу жайга тапшырып, темир уста кесибине ээ болуп чыгат. Андан соң Донецк шаардык Башкаруу академиясына өтүп, каржы адистигине ээ болот. Окуусун аяктагандан кийин шахтада темир уста болуп эмгектене баштайт.
1995-жылы, күндөрдүн бир кү­нүн­­дө Ревваны Донецк шаарынын КВН командасына чакырышат. “Менин эмнем кетмек эле” деп барып, бир-эки номер ойноп көрүүнү чечет. Ошол бир-эки номер тагдырынын чечүүчү ирмемдери экенин өзү сезип да койбосо керек. Анткени көп өтпөй Ревва КВН команданын алдыңкы оюнчуcуна айланат. Ошондо гана өзүнүн жашоосу – сахна, вазыйпасы – элге жылмаюу тартуулоо экенин түшүнгөн.
Айтмакчы, үй-бүлөсү мурун Эрва фамилиясын алып жүрүшсө, Эстониядан Украинага көчүп келишкенден кийин, аны Ревва кылып өзгөртүп алышкан.

ӨНӨРҮҢ БОЛСО, КҮН ДАГЫ ЧААЛЫКТЫРА АЛБАЙТ
Александр Масляковдун атактуу телеберүүсүндө такшала баштаган Александр Ревваны 2000-жылы тагдыр Донецктен Сочи шаарына туш келтирет. Бул мындайча болот.
Ревва Донецктен Санкт-Петер­бургга бара жатып, Сочидеги ата-энесине жолуга кетүүнү чечет. Аларга жолуккандан тышкары ал шаардагы КВН командага өзүнүн тамашаларын сатып алууну сунуштаганга да жетишет. Алар анын тамашаларын сатып алгандын ордуна, Ревванын өзүн сатып алышат. Башкача айтканда, Москвага жөнөп жаткан команда аны өздөрүнүн курамына кошулуп ойноп берүүсүн суранат. Ошентип, “Күндөн чаалыккандар” (“Утомлённые солнцем”, Сочи шаары) КВН командасында жаңы оюнчу пайда болот.
Ошол кезден тарта КВН дүйнө­сүндө Ревванын командасынын доору башталат. Анын командасы башка командалар жетише албай жүргөн Жогорку Лиганын чемпиондугуна 2003-жылы жетишет. 2004-2005-жылдары Жайкы кубоктун жеңүүчүлөрү болуп табылышат.

“КОМЕДИ КЛАБ” БУЛ – АТАК-ДАҢК ЖАНА БАЙЛЫК
2005-жылы Ревва КВН командасынан кеткенден кийин көчөдө калбай, өз жолун табууга жетишет. Ошол жылдан тарта азыркы кездеги эң белгилүү теледолбоорлордун бири "Комеди клабда" ойной баштайт.
"Комеди клаб" биринчи жолу ТНТ телеканалы аркылуу 2005-жылдын 23-апрель күнү эфирге чыккан. "Комеди" сөзү америкалык “стэнд ап комеди”, бизче которгондо “туруп алып тамашала­шуу” деген жанрдын негизинде пайда болгон. Анын баштоочулары болуп “Жаңы армяндар” аттуу КВН командасы саналат.
Андан бери 5 жыл өтсө да, “Комеди клаб” өз популярдуулугун жоготпой, күн санап өнүгүп келет. Башында шоу концертке кирүү акысы 2000 рубль болсо, азыр столдордун жайгашуусуна жараша 3-7 миң рублга чейин жетет.
Ал эми “Forbes” журналынын эсеп­төөсү боюнча, “Комеди клабдын” оюнчулары тапкан кирешелери жагынан Орусияда алдыңкы орундарда. 2009-жылкы команданын кирешеси 8,3 миллион АКШ долларын түзгөн. Тез аранын ичинде бийиктиктерди багынта алган, атактуу десе атактуу, бай десе бай "Комединин" башкы оюнчуларынын бири, долбоордун секс символу бул – Александр Ревва.
“Комеди клаб” Кыргызстанда да аябай кеңири таралган. Тамашаларын кыргыз жаштары да жата калып көрүшөт.

“ЖАКЫН АРАДА БАЛА БАГЫП АЛАМ”
Ревванын дагы бир кесиби деп койсок болот, бул – мультфильмдердеги каармандарды сүйлөтүү. Учурда жаш балдарга арналган фильмге тартылууда. Бул тууралуу Ревва: “Балдарга байлыкка, бийликке азгырбаган, чыныгы тарбиялык мааниси бар тасмаларды тартуулашыбыз керек. Мен балдарды аябай сүйөм. Алардын күлкүсү мен үчүн баа жеткис белек. Керек болсо жакын арада бала багып алууга да даярмын”,- дейт.
Балдарды жакшы көргөн Ревва балдар үйлөрүнө барып, андагы тарбиялануучулар менен жолугушууларды, сынактарды өткөрүп турат. Тигил жерде же бул жерде “жетим балдар же майып балдар арасында сынак өткөрүлгөнү жатат” дегенди укканда жумушун таштап, Орусиянын кайсы гана жери болбосун жетип барат.

“МЕН ЖЫЛДЫЗМЫНБЫ?”
“Сиз жылдызсызбы?” деген суроого: “Мен башында жөн гана ата-энемди күлдүрчүмүн. Андан кийин кошуналарыма тамаша көрсөтүп жүрдүм. Карасам, кийин менин тамашаларыма шаарым, өлкөм күлүп жатат. “Комеди клаб” ааламды күл­кү­гө бөлөп келет. Анан мени жылдыз деп айтса болобу? Муну өзүңөр ойлоп көргүлө”,- деп жооп берет.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Аялы Анжела менен түнкү клубдардын биринен таанышып, 2008-жылы баш кошушкан. Экөөнүн Алиса аттуу кызы бар.
  • “Комеди клаб” дагы 20-25 жыл жа­шайт деп эсептейт.
  • Өзүн хомякка окшоштурат.
  • Балалыгында достору "Ревва уй” деген лакап ат менен чакырышчу. Азыркы достору “Рембо” дешет.
  • Тумары – кызынын сүрөтү.
  • Чоң энесинин колунда тарбияланган. Ошондуктан кемпирлердин образын көп жаратат. Ошентсе да “менин ийгиликтериме ата-энемдин салымы чоң” деп айтып келет.
  • “Оскар” сыйлыгынын ээси болууну кыялданат.
  • Азыркы кезде да Ревва КВН командасы менен фестивалдарга катышып турат.

Залкарбек Карабалаев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Luckyman
2010-11-16 15:14:56
Артур Пирожков деген ыры жаман жагат да!)))
0
№ 419, 12-18-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан