Айда Аксель: «АЗИЗЕНИН РОЛУНАН УЛАМ МИДЬЯТТА ЖАН САКЧЫ МЕНЕН ЖҮРДҮМ»

Азизе! Бул актрисанын чыныгы аты-жөнүн көптөр билбеши ыктымал. Бирок аны көргөндө дароо таанып, “бул Азизе Асланбей да” дешет. Азизе Асланбейдин бир көз карашынан коркуп, денеңди майда калтырак басышы мүмкүн. Көрөрманга мындай таасир калтырыш үчүн чыныгы профессионал болуш керек. Айда Аксель дал ушундай профессионал адам. 60 жашка бир аттам калса да таланты менен дүйнөлүк атактуулугун сактап, азыркы күнгө чейин суроо-талапка ээ болуп келе жаткан түрк актрисасы Айда Аксель жөнүндө жазалы дедик.

Аты-жөнү:
Айда Аксель

Туулган жери: Түркия, Стамбул шаары

Туулган жылы: 1962-жыл, 31-октябрь

Бир кыз, бир уулдун энеси

Белгилүү тасма-сериалдары: “Дипломатиянын акылга сыйбас тарабы”, “Экзамен”, “Сүйүү кокустуктарды жактырат”, “Жеңил ой” жана башка

32 ЖАШЫНДА ТАСМАГА ТАРТЫЛГАН

Айда Акселдин жашоосунда бардыгы калыпка салынгандай. Тагыраагы, актриса келечекке койгон максатын алдын ала майда-чүйдөсүнө чейин пландап алып, анан ишенимдүү түрдө алдыга жылган. Кино тармагына кеч болсо да жетиштүү тажрыйба топтоп, билим алгандан кийин келди. Ал баш каармандардын ролуна ашыккан жок, режиссёрлор кайсы ролду сунуштаса, каарманынын образын жогорку деңгээлде элге жеткирип отурду. Айда Аксель ойногон экинчи пландагы ролдор көпчүлүк учурда баш каармандардын оюнун көлөкөдө калтырып, алдыңкы планга чыга келет.

32 жашында гана кино талаасына баш баккан актрисанын алгачкы ролун 1994-жылы чыккан “Боштондук” аттуу чакан сериалдан көрө аласыз. Киного чейин ал эмне менен алек болгон? Актрисанын өмүр баянындагы урунттуу учурлар менен тааныштырууну улантабыз.

ТЕАТР ЖЫЛДЫЗЫ

Айда Аксель Түркиянын көптөгөн таланттары чыккан Стамбул шаарында төрөлгөн. Виолончель черткенди кичинесинен эле үйрөнүп алган, анан да балет бийчилеринин кыймылын жактырар эле. Андыктан мектеп курагында эле музыкалык мектепке барып, виолончель, балет ийримдерине жазылган. 15 жашында ага жарнамалык роликте үн коштоп берүү сунушу түшөт. Жумуш эмне экенин билип, алгачкы акчасын ушинтип 15 жашында тапкан.

Чыгармачылык өзүнүкү экенин туйган ал мектепти бүткөндөн кийин университеттин театралдык бөлүмүнө тапшырып, актёрдук чеберчилик боюнча да сабакка барат. Кошумча консерваторияга тапшырып, виолончель боюнча да билимин тереңдетет. Киного кеч келгени менен, театрдын сахнасына 1980-жылдан баштап чыгып, 2007-жылга чейин Стамбулдагы мамлекеттик театрда иштеген.

ЖАН-КЛОД ВАН ДАММ МЕНЕН БИР ТАСМАДА

“Кинодо роль жаратыш оңой, унутуп же башка кемчилик кетирсең кайра тартылып оңдоп коёсуң. Театрдын сахнасында эч нерсени оңдой албайсың, сени жүздөгөн көздөр дыкат карап турат. Ал жакта же профессионал болушуң керек же сахнага чыкпаш кажет” дешет актёр-актрисалар. Айда Аксель болсо театрда профессионал болуп туруп анан киного баш бакты. 1999-жылы “Дипломатиянын акылга сыйбас тарабы” аттуу толук метраждуу тасмага тартылат. Кинодогу ролу үчүн Анкарада өткөн эл аралык фестивалда Айда Аксель “Эң мыкты актриса” аталган. Бул актрисанын эң алгачкы жана ушул кезге чейинки эң абройлуу сыйлыгы болуп калды.

Актрисага дүйнөлүк атактуулук алып келген 2006-жылы тартылган “Экзамен” сериалы болду. Комедия жанрындагы бул сериалда Голливуд жылдызы Жан-Клод Ван Дамм да тартылган. Актрисанын куржунунда 100гө жакын ролдору, ондогон сыйлыктары бар.

АЗИЗЕ АСЛАНБЕЙ!

59 жашка келип калган актрисанын акыркы тартылган сериалы ага кайрадан дүйнөлүк атактуулук алып келип, тааныбагандарды өзүнө карата алды. Ал албетте, “Жеңил ой” сериалындагы Азизе Асланбейдин ролу.

– Азизе Асланбей – эң биринчиден күчтүү аял. Каарманыма ушундай мүнөздөмө берет элем. Элдин баары аны башында катаал, мыкаачы деп жек көрүштү. Бирок ал жашоо менен өз билгениндей күрөштү, бирде жаңылды-жазды, чоң каталарды кетирди. Ошол эле кезде кээ бир эркектерден күчтүү, намыскөй экенин көрсөттү. Азизенин ролу мен аткарган күчтүү ролдордун бири. Каарманыма көпчүлүк учурда сындар айтылды, тартуу иштери жүргөн Мидьят шаарын кыдырганы чыксам мага ызырынып, сөккөндөр болду. Анан уюштуруучулар коопсуздугумдан чочулашып жан сакчыларды кошуп берип жатышты. Мындай учурлар оңтойсуздук жаратканы менен, ичимден “ии, каарманымды ишенимдүү, жандуу ойноптурмун” деп сүйүнүп калдым,- дейт актриса популярдуу сериалдагы ролу тууралуу.

БАКТЫЛУУ ЭНЕ

Тасма талаасына кеч аралашканына байланыштуу Айда Акселге апалардын, чоң энелердин ролун көп сунушташат. “Актрисага чынында эле апанын ролу жакшы жарашат. Бул анын эки баланын энеси болгонуна байланыштуу болушу мүмкүн” дешет кино сынчылар. Бактылуу эненин бир кыз, бир уулу бар. Актриса эки жолу турмуш курган, эки күйөөсү тең чыгармачылыктан алыс адамдар. Биринчи жолдошу Халик Семи Юнгул инженер. Экөөнүн ортосунда кызы бар. Жолдошу менен жылдызы келишпей эки жолго түшкөндөн кийин актриса электрикке турмушка чыгып, уул төрөйт. Тилекке каршы, 2010-жылы Атилла Акинсиожли каза болуп, актриса жесир калган.

Учурда Айда Аксель интернет желесинде активдүү. Байма-бай уул-кызы менен сүрөттөрүн жарыялап, бактылуу экенин жазып келет. А биз болсо өз кезегибизде ага ийгилик каалап, Азизе Асланбейдикинен да күчтүү роль күтөбүз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Miraida-toktosunova
2021-08-30 13:03:00
Aksel aida деген ысымды мен 6жыл фейсбукта колдонуп журдум чындыгында бул эже мага аябай жагат кооп жашаныз бактылуу омур сурун
+2
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан