(Башы өткөн сандарда)
Аделяга телефон чалып “токтой турчу, сүйлөшөлү” дейин деген. Бирок кыз чалуусуна жооп бербестен телефонун өчүрүп салды. Байэл дароо Айбектин артынан айдап жөнөдү. Улам Аделяга телефон чалып коёт. Бирок ал өчүрүп салган бойдон күйгүзгөн жок. Жипти зуулдата айдап Байэл Айбекке жете келди. Бирде ашып кетип, бирде артта калып, бирде жанашып келе жаткан Байэлди бир карап, бирде сүйлөсөң ыйлап жиберчүдөй болуп артта отурган Аделяны бир карап келе жатты Айбек. Байэл жакындап келип Айбектин тилкесине өтүп аны кыса айдады. Андан буйтаганга аракет кылган Айбектин унаасы чайпалып кетти.
– Неңдурайндын баласы! Көөп калган го. Бул эмне, бизди өлтүрөйүн деп жатабы?!- жолду четтей айдап токтомой болду Айбек.
– Айбек байке, токтобоңуз, эмнеге токтоп жатасыз?- кыз чыйпылыктап жиберди.
– Буга бирди көрсөтүп койбосом болбойт. Жол тандабас айдаса эле эмне керсейип башканын жолун торой бериш керекпи?
– Болбойт, башка жактан сүйлөшүңүз. Азыр мени үйгө жеткириңиз. Андан кийин эмне кылсаңыз өз эркиңиз.
Айбекке кыздын сөзү мыйзам да. Аргасыз жолун улады.
– Жоготчу ушуну, сенин баркыңды билбейт. Күлгөнүңдөн ыйлаганың көбөйдү. Эмне кыласың бул шумпайды? Ташта, сонун жигиттерди четтен табасың,- Айбек Байэлге ачууланып калганга оозу бир тынбай сүйлөй берди.
– Уф, Айбек байке, менин сөз угайын деген ниетим жок. Токтотуңузчу.
Айбек баштагыдан ылдамдыкты көбөйттү. Көп өтпөй үйгө жетип эле дарбазадан ичкери кирип кетти.
Айбек кичирээк көчөгө бурулуп кеткенден кийин ал жактан чыгып жаткан машина Байэлге тоскоолдук жаратып калды. Байэл аны чыгарып жиберип тигилерге жеткенче эбак кирип кетишиптир. Дарбазанын алдында тура берем деп көгөрүп жатты эле, Аида телефон чалганда эсине келди.
ххх
– Арс, Байэлди кезиктирдиңби? Катты өзүнө бере алдыңбы?- Маржан тынчсызданып жатты.
– Бүгүн Аделяга келди. Жип тээп, өзүнчө "крутой" болуп кетиптир. Маржан эже, катыңыз дарегине жетти. Сарсанаа болбой эле койсоңуз болот.
– Эмне кылсак да экөөнү ажыратыш керек,- байкабай оюндагыны Арска айтып алды.
– Эмнеге?- Арс таң кала сурады. Ага бул сөз майдай жакты.
– Эже, сиз менин өнөктөшүм турбайсызбы. Мен дагы ушул иш менен алек болуп жүрбөймүнбү?
– Сага ал эмнеге керек?
– Эмнеге керек болсун, эже? Мен Аделяны мектепте окуп жүргөндө эле жакшы көрчүмүн. Ал мени эмес, ошол томаякты тандады,- деди Арс Байэлге жиндене. Томаяк деген сөздү укканда Маржандын үстүнөн муздак суу куюп жибергендей эле болду. Андан ары эч нерсе дей албады. Арс аялдын түрүнө маани берген жок. Бардачоктон сүрөттөрдү алып чыгып аялга сунду.
– Мен да экөөнү ажыратам деп минтип сүрөт жөнөткөм. Бирок максатым ишке ашкан жок.
Маржан мистейген абалынан жазбай отуруп сүрөттү карады. Оюна бир нерсе келе калгандай сүрөттөрдү алып унаадан түшүп кетти. Уулу Барсбекти ойлоду. Ал окуудан келгенче үйгө алып барып коёюн деп шашып жөнөдү. Үйгө келсе Кудай жалгап эч ким жок экен. Конвертке салып жапты да, Барсбектин бөлмөсүнө киргизип коюп, үйдөн чыгып кетти.
ххх
Аида унаага отургандан бери Байэлдин кабагы салыңкы экенин байкап келе жатты.
– Сага эмне болду, кабагыңа кар жаап калыптыр го?- сумсайып тынчтыкта келе жатканына чыдабай кетти Аида.
– Жакшы эле баары,- жигит сөздү көбөйткүсү келген жок.
– Жакшы дейсиң да. Көздөрүңдөн көрүнүп турбайбы маселең бар экени.
Бала бакчага келип калган Аида унаадан түшүп кетти. Байэл Аделяга дале телефон чалып жатты. Такыр чалуу кетпей койду. Кыздын катуу жинине тийгенин түшүндү. “Сага жетиш үчүн ушул иштерге аралаштым эле. Тескерисинче, сени жоготуп баратам го” деп оор үшкүрүнгөн Байэл кызды кучактап, чачынан сылап мурдакыдай эркелеткиси келип турду. Мөлтүрөп жашка толгон көздөрүн эстеп аяп кетти.
Бет маңдайында Аида жетелеп келе жаткан кичинекей бөбөккө Байэлдин көңүлү бурулду. Унаадан түшүп аларды көздөй басты. Баланы көргөндөн бери бышырып жүргөн планы оюнан чыкпай жатты.
– Салам,- Байэл кичинекей балага жакын келип колун сунду.
Бала мурдун чүйрүп Байэлдин колун түртүп, апасына ыктады.
– Балам, кой, антпе. Бул байкең мындан ары сени бала бакчага, мени жумушка жеткирет, кечинде ушинтип үйгө алып кетет,- Аида баласынын бетинен өөп койду. Үйгө жеткенче апасына божурап бир нерселерди айтып келе жаткан баланы Байэл улам күзгүдөн карап коюп баратты. Тилинин ушунчалык ширин экенине эзилип кетип жатты. Апасы унаа айдап, өзү жалгыз арткы орундукта отуруу балага жакчу эмес. Бүгүн апасынын жанында отурганына өзүнчө бактылуу болуп, көңүлү жайдары.
Үйгө жеткирип эле сырттан кетейин деп жаткан Байэлди Аида үйгө киргизди. Ал тамак даярдаганча уулу Байэл менен ойноп баштагыдан ага жакындай түштү. Үчөө отуруп тамактанышкан соң Байэл алар менен коштошуп чыгып кетти. Байэл өзүнүн унаасына келип отурду. Кечке Жипте жүрүп көнө түшүптүр, жапырайып жерде отургандай сезип кетти өзүн. “Тим эле муну кара, ушул машинага жеткениңе төбөң көккө жеткенче кубанып жүрбөдүң беле. Бир күндө эле чана баштадыңбы?” деп өзүн-өзү жемеледи. Аделяга чалып көрдү, телефону дале өчүк экен. Үйдөн чыгары менен дароо кетпестен эшик алдында отурган жигитти Аида терезеден карап тура берди. Жигиттин эмнеге кетпей жатканына кызыкты. Аделянын үйүнө барган менен пайда жок экенине көзү жеткенде кичине ачуусу тараса сүйлөшөрбүз деген ой менен өзүнүн үйүн көздөй жөнөдү Байэл.
Үйгө келип кийимдерин чечип жатып костюмдун чөнтөгүнөн чыгып турган ак кагазга көзү түштү. “Бир аял берди” деп сунуп жаткан өспүрүмдү эстеди.
– Ачып көрөйүнчү, эми мунусу эмне болуп кетти? Конвертти айрып ичиндеги кагазды алып чыкты. Актай барактын ортосунда чоң-чоң шилтенип жазылган “Аделя сенин тууганың” деген жазууну көрдү. Кагазды мыкчып жерге таштады да, кайра алып, жазып, барактын эки жагын карады. Башка эч жазуу жок, конверттин ичи-тышын карады, таптаза.
– «Аделя сенин тууганың» дейби? Бул жанагы келемиштин эле кылганы,-университеттин жанынан жүрүп кеткен Арстын унаасын эстеди. Кагазды бырыштыра мыкчып туруп таштанды салынган чакага ыргытты. Муштумун улам түйүп, кайра жазып, бөлмө ичинде ары-бери баса берди.
– Эч кимиси жок мага ал кантип тууган болмок эле? Талуу жерге соккуң келген экен, ээ, акмак. Мага бул чабуулуң өтпөйт. Мен сага оңой эле жеңилип бере койбойм. Аделянын чыпалагын да карматпайм сага, иттин гана баласы!- деп ызырына жебени төрдө илинип турган дартстын так ортосуна таамай урду да, сыртка чыгып кетти. “Жанагы көргөнүм даана эле Арстын машинасы болчу, ошол эле кылып жатат” деген ой башында айланып жатты. Чындап эле ал бул сөзгө ишенген жок. Ишенгиси дагы келген жок. Байэл бул чындык менен жүздөшүүгө даяр эмес. Бирок тагдырдын планын ким буза алсын? Чындык ага жакын калганын, аны беттеп келе жатканын туйган жок...
(Уландысы кийинки санда)