СУУНУН БИЗ БИЛБЕГЕН КАСИЕТТЕРИ

Изилдөөчү, окумуштуулардын суунун касиети тууралуу өзгөчө маалыматтарын тартуулайбыз.

Суунун эс-тутуму бар. Мисалы, суу куюлган идиштин капкагын ачып бир сөз айтсак, ал сөздү эстеп калат. Андыктан каерден суу алсаңыз дагы, мисалы, дарыядан, булактан, бир нече убакыт тыныктырсаңыз эс-тутумундагы сөз өчөт, тазарып калат. Анан пайдаланыңыз.

Шаардагы суу түтүгү менен келген суулар 50 бурулуштан өтсө, анын 60 пайызы уулуу болуп калат. Андай сууну крандан агызып туруп эле ичсеңиз организмиңизге уу катары таасир этет, оорулар жаралат. Анткени бурулуш сайын анын түзүлүшү улам өзгөрүп жүрүп отурат. Башкача айтканда, молекулалык жактан ууланат. Сууну сузуп канча бир убакыт коюп койсоңуз, ал түзүлүшүн калыпка келтирет. Анан иче бересиз. Сууну түндө алып коюп, эртеси колдонсо жакшы.

Сүйүү жана позитивдүү эмоция суунун энергетикасын жогорулатат. Агрессия жана көрө албастык суунун энергетикасын төмөндөтөт. Андыктан сууну бирөөгө жаман көрүп бербеңиз жана өзүңүз жакшы маанай менен ичиңиз.

Ар адамдын организминдеги суунун түзүлүшү туулган жериндеги суунун түзүлүшүнө окшош. Андыктан туулган жердин суусу сизди тартып турат, туулган жер менен ички байланыш өмүр бою сакталат.

Жаратылыштагы аны-муну түшүп булганбаган таза суу кадимки суулардан өтө активдүү (жандуу) болот. Андай сууну ичкен адам оорубай, узак жашайт. Бөтөлкөдөгү суунун курамы таза болгону менен, ал өлүк суу, анда табияттагы сууга салыштырмалуу энергетика жок.

Деңиз, көл жана океан суулары өзүнүн баштапкы түзүлүшүн башка суулардан тез калыпка келтирет. Өзүн-өзү тазалайт. Негизи эле сууга түшкөндөн кийин адам өзүн жаңы туулгандай сезип калат, чарчаганы жазылат. Андыктан, мүмкүн болсо, күн сайын сууга жуунуп туруңуз.

Шаркыратманын, башкача айтканда, 7-8 метр же андан бийиктиктен түшкөн суу жибектей жумшап калат. Анткени анын молекулалык түзүлүшү өзгөрөт. Мындай сууну ооругандар ичсе бат айыгат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан